Понедельник , 27-Май 2019
Башкы бет / Досье / Бул кыргыз элине, улутка жасалган чыккынчылык эмеспи?

Бул кыргыз элине, улутка жасалган чыккынчылык эмеспи?

Бул документтерди көргөн ар бир намысы бар кыргыз азаматы уялганынан асылып алса да жарашат. Мына кечээ Каркыраны саттууга жол бердиӊер, бүгүн көк бөрүнү өткөрүп бердиӊер эртеӊ эмне бизди кыргыз кыздарын сатасыӊарбы? Намыс болуш керек. Улут деп күйгөн азаматтар мындайга жол бербөөсү зарыл.

Фейсбукта гана тереӊ-тереӊ дем алып сүйлөй бербей иш жүзүндө да далилдөөгө убакыт келип жеткен чыгаар.
Кечээ маданият министри биздин киши болбой калды деп өкүргөндөр бүгүн кыргыз улуттук мурасынан эл аралык деӊгээлде ажырап жатканда эмнеге өкүрбөйт?
“МЕН”, “МЕН” деп шайлоо учурун көкүрөгүн каккан намыстуулар, улут үчүн жанымды берем дегендер бүгүн не унчугушпайт?

Кыргыз менен казактын көкбөрүдө көксөгөнү эл аралыктан – дүйнөлүк деңгээлге чыгуу. Эки өлкө бирикмейинче, бул спорттогу максат ишке ашпай турганы анык. Мына ошондуктан 2001-жылы Эл аралык көкбөрү федерациясы түзүлүп, анын курамына Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, жана Тажикстан кирген.
Бирок көкбөрүдөгү кыргыз-казак таймашы акыркы мезгилде саясатка айланып кеткендиги эч кимге жашыруун эмес.

Айрыкча 2016-жылы II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынан кийин Кыргызстан Казакстанды 15:3 эсеби менен жеңгенден кийин, көкбөрү түп-тамыры менен кыргыздыкы болуп чыга келип, расмий Астананын шаабайын сууткан.
Ошол күндөн баштап Казакстан артыкчылыкты орнотуу үчүн көк бөрүдөгү эрежени өзгөртүүгө шымалана киришти.
Бирок, эң өкүнүчтүүсү кыргыз жигиттери бабаларыбыздан мураска калган улуттук мурасыбызга чыккынчылык кылып 2014-жылы эле ошол убактагы Көк Бөрү федерациясынын президенти болгон Канат Исаев Кыргызстан Казакстанга көкбөрүнүн эрежесин өзгөртүүгө уруксат берген.

Тактап айтканда, 2014-жылдын ноябрь айында Казакстан “Түрк элдеринин салттык спорт оюндарынын ассоциациясын” түзүп, ага болгон улуттук оюндарды анын ичинде көкбөрүнү көкпар атап, өздөрүнө таандык кылып кошуп койгон. Бул жерде Эл аралык көкбөрү федерациясы турганда, көкпар Казакстандын атынан кайсы бир ассоциацияга кирбеши керек эле.

Бир эле спорттун эки уюмга кирип алганы нонсенс жана Кыргызстан андайга жол бербеши керек болчу. Бирок кыргызга чыккынчылык кылып Кыргызстандын көкбөрү федерациясынын президенти Канатбек Исаев Кыргызстандын ассоциацияга мүчө болушун расмий тастыктап казактардын документтине кол койгон.
Канат Исаев бул документке кол койгондо бир гана көк бөрүнү көк пар деп өнүктүргөнгө эле эмес, оодарыш, тыйын эңмей, бүркүт салмай, кыз куумай, жамбы аттуу, тогуз коргол өӊдүү оюндардын да казактардын ассоциациясынын атынан өнүктүрүүгө кол коюп берген.

Эгер калп десе Канат Исаев Казакстан “Түрк элдеринин салттык спорт оюндарынын ассоциациясына” мени кошуп сотко берсин!

Алтынай Ормотоева.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс