Четверг , 21-Ноябрь 2019
Башкы бет / Аналитика / Түркиядагы путчтун айрым сырлары

Түркиядагы путчтун айрым сырлары

Кечээ жакында Сочиде өткөн үч тараптуу – Россия, Түркия жана Иран мамлекет башчыларынын жолугушуусу азыркы кездеги эл аралык геосаясий мамилелердин жаңы этапка өтө баштаганын каңкуулап турат. Түркия президенти Реджеп Тайип Эрдоган анын өлкөсү Россиядан С-400 системасын сатып алганы үчүн АКШ тарабынан мурда эч качан болуп көрбөгөндөй (беспрецедентный) кысымга тушугуп жатканын билдирди.

Түркия НАТОнун (Түндүк-Атлантикалык аскердик союздун) мүчөсү экенин эске алсак, бул кысым табигый реакциядай сезилет. Анын үстүнө, ХХ кылымдын экинчи жарымынан бери дүйнөлүк геополитикалык абалды аныктоодо лидерлик позицияда келе жаткан АКШ бул абройлуу, кубаттуу аскер уюмунун негизги саясатын да өзү жүргүзгөндүктөн (формалдуу түрдө эл аралык аталып, Уставында коллективдүү башкаруу каралгандыгына карабастан), өзүнүн эң негизги аскерий союздашы соңку жылдарда өз алдынча болууга умтулуп, анын жетегинен биротоло чыгып кетип бара жаткандыгына эч качан макул боло албайт.               Россиялык С-400 зениттик-ракеталык комплекси НАТО күчтөрүнүн абадан кол салуусуна каршы турган система экендиги маалым. Демек, Түркия жакынкы эле аралыктарда НАТОнун мүчөсү болуудан баш тартуусу да реалдуу маселеге айланышы мүмкүн.Түркиянын эл аралык саясатта өз алдынча оюнчу катары каралышы айрыкча 2016-жылкы төңкөрүш аракетинен кийин күчөй баштады. Маалым болгондой, аскер күчтөрүнөн куралган путчисттердин планы ишке ашышына саналуу мүнөттөр калган кезде Түркия президенти Реджеп Тайип Эрдоган өз тарапташтары менен алдын ала камдалган тордон чыгып кетүүгө үлгүргөн. Айрым политологдордун айтымында, Эрдоган Владимир Путиндин кеңешчиси Александр Дугин тарабынан путч тууралуу алдын ала эскертилген.  Россия, Иран жана Сирия Түркияда АКШ тарабынан уюшулган төңкөрүш болорун билишкен. Дал ошондуктан улам, Москва Анкарага Путиндин кеңешчилеринин бирин жиберген. Бул визит жашыруун сыр катары сакталган. Ал тууралуу Москва да, Тегеран да, Дамаск да эч нерсе билишпеген. Бир гана Путиндин эң жакын адамдары билишкен.    Александр Дугин Анкарага түркиялык жетекчиликти төңкөрүш тууралуу эскертүү үчүн барган. Ал жөн гана оозеки кабар менен чектелбестен, абдан көп адамдардан турган тизмени да берген. Анда төңкөрүш даярдаган кишилер камтылган болчу.

Россия президенти Владимир Путиндин атайын өкүлү Александр Дугин Анкарада 14-15 июлда болуп, бир нече абдан маанилүү жабык жолугушууларды өткөргөн. Дугин пресса үчүн да билдирүү жасап, стратегиялык партнерлер Москва менен Анкаранын мамилесин жакшыртуу үчүн Түркия Ататүрктүн саясатына кайтышы керек деген.                    Төңкөрүш алдын ала пландалганга караганда бир ай мурда жасалган. Себеби, төңкөрүшчүлөр калың катмарды түзүп, куралдуу күчтөрдөн баштап, мамлекеттик бийликтин бардык түзүмдөрүндө өз кишилери бар болгондуктан, алардын баары жогорудагы тизме тууралуу билип калышкан. Түркия өкмөтүн бул жашыруун топ кыйла эле катуу чочуткандыктан улам, ал тизмедеги эки миң Түркия Куралдуу Күчтөр өкүлдөрүн камакка алуу үчүн сотторго жөнөткөн. Бирок, соттор муну жасашкан эмес. Ал эми айрым төңкөрүшкө тиешеси бар соттор төңкөрүшчүлөргө аларга келген тизме тууралуу айтып коюшкан. Ошонун натыйжасында төңкөрүш жасоо аракети да тездеп, мурдагы белгиленген мөөнөттөн эртелеп кеткен.                                          Андан бир айча мурда эле Сирия аба мейкиндигинде россиялык самолетту атып түшүрүшкөн учкучтардын да төңкөрүшкө тиешеси бар экендиги аныкталган. Москва түркиялык учкучтардын өз ара сүйлөшүүлөрүн дыкаттык менен изилдеп чыгып, россиялык Су-24 аскердик самолетун атып түшүргөндөр Америка тарабынан киргизилип, бул акцияны атайылап уюштуруп, Россия менен Түркиянын өз ара мамилелерин бузуу үчүн жасашканын билишет. АКШ баягы эле британялык “бөлүп-жарып, башкара бер” деген тактикага таянган саясат жүргүзгөн. Инджирлик базасында АКШ тарабынан киргизилген көптөгөн аба жана жерде жүрүүчү аскерлер  болгондугу ачыкка чыккан. Алардын баары камакка алынган. Путиндин кеңешчиси  Дугин шектенүү жаратпас үчүн, атайылап алаксытуу максатында Анкарага абдан кызык маршрут менен келген: ал Москвадан Астанага учуп, ал жактан Тегеран, Дамаск жана Никосия аркылуу Анкарага келген. Анкарада ал Эрдоган башкаларга караганда көбүрөөк ишенген киши –  Анкаранын мэри Мелих Гёкчек менен жолугат. Бетме-бет жолугушуу КГБнын стилинде өтүп, өз жемишин берет. Орустар ошол айларда төңкөрүш кимдер аркылуу, кантип даярдалганы жана качан башталары тууралуу көптөгөн маалыматтарды алышкан эле.                                      Эрдогандын жакын чөйрөсү да Дугиндин келгенин билишет. Эскертүү дал өз учурунда жасалган болчу. Анын психологиялык натыйжасы да абдан зор эффект жаратат. Себеби, түрктөр бул ирет өздөрүнүн чыныгы досу ким экендигин ачык билишкендей болгон. Путин өз өкүлүн төңкөрүшкө он минута калганда айтуу үчүн жөнөтпөй деле кое алмак. Ал тургай, Россия тарап америкалыктар жасап жаткан жашыруун аракеттерге көз жумуп деле кое алышмак. Түркиянын аскердик самолеттору Эрдогандын самолетунун артынан кууп учуп чыгышкан. Бирок, президенттик самолетту россиялык эки аскер учагы коштоп бара жаткандыктан, ага жакындай алышкан эмес.       Пентагон менен ЦРУнун көзөмөлүндө турган массалык маалымат каражаттары путч тууралуу бир күн бою эч кандай маалымат беришпей, төңкөрүш кыйроого дуушар болгонун түшүнгөн соң гана калп пропагандага өтүшкөн: «Бул атайын жасалган спектакль, Эрдоган муну өзүнүн президенттик бийлигин бекемдөө үчүн жасады».

Кандай болгон күндө да, орус атайын кызматтары учурда бул өлкө баштан кечирип жаткан ар кандай кризистерге карабастан, абдан күчтүү болуп, суперзаманбап технологиялык жабдыктарды колдонору айкын. Орус учкучтары путчисттердин самолетторуна радарларды багытташып, алар тарабынан туура эмес кадамдар жасалса дароо сокку алышарын билдиришкен.  Эрдогандын самолетун көптөгөн F-16 аскердик самолеттеру кууп барышкан да, бирок чабуул жасоого батына алышпаган. Ошентип, төңкөрүш  кыйроого учурап, анын планы ишке ашпай калган.  Эгерде ишке ашса,  Түркия мамлекетинин башына көп жылдардан бери АКШда жашап, ЦРУга кызмат кылып келе жаткан Фетхуллах Гүлен келмек.

Ошол кездеги АКШ мамкатчысы Жон  Керри: «Мындай билдирүүлөр түркиялык-америкалык  мамилелерге зыян келтирет» – деп эскерткен. Түркия тарап кечирим суроонун ордуна кайра: «Анда неге силер бизге Фетхуллах Гүленди өткөрүп бербейсиңер?» – деген. Айрым саясат таануучулар Түркия менен Россиянын абдан курчуп кеткен мамилелеринин кайра жакшырышына Путин менен Эрдоган экөө тең прагматик мамлекет башчылар экендиги түрткү болгон деп эсептешет.                                                                                                                                                                                                       Азамат САЛИЕВ.

 

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс