Среда , 13-Ноябрь 2019
Башкы бет / Досье / “Шерлок Холмстар” кайда?

“Шерлок Холмстар” кайда?

Илгерки оперлердин  кылмышкердин артынан сая түшүп жасаган опол тоодой иштерине ичибиз жылыганы калп эмес. Кыргыз өлкөсүнүн этин жеп койгон шылуундардын,  мамлекеттин жүнүнөн курсагын чардайтып көпкөндөрдүн, кызыл кулактык кылгандардын, узун  акчага кул болгондордун  сазайын берген милиса кызматкерлеринин батыл иштерин жазган сайын моокумубуз канар эле. Андай “чекисттерди” очерк, аналитикалык материал кылып жазуудан чарчачу эмеспиз. Бир сөз менен айтканда кийген формасына көө жаппай кызмат кылгандар  мамлекет тарабынан катуу бааланчу.

Тилекке каршы азыркы күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү көбүнчө тескери “каармандыгы” үчүн жаманатты болууда. Пара алгандар, куйтулук менен оокатын жасагандар, коомго туура келбеген жорук-жосундары үчүн иштен кубалангандар арбып кетти. Жадегенде резонанс жараткан кылмыштык топтордун башында милисалардын турушу не деген шумдук? Ошондой  иштерге жылдап чекит кое албай жүргөнү  ого бетер нааразычылык жаратууда. Миңдеген жарандар салпактап күндө алардын эшигин тытмалап жүргөнү албетте өөн көрүнөт. Баарынан да форманы айкарасынан кийип алып шектүү кылмыштарды жасаган майор, полковник чининдеги  кызматкерлердин жаралганына не деп айтаарыңды билбейсиң. Ооба, андай шүдүңгүттөрдөн акырындап арылып жатышат, бирок, алардын ордуна жаңысы келип шорду катырып жатпайбы? Көрсө система чирип кетиптир да, чиркин!

Эми ушул жерден жүлүндү сыздаткан көрүнүштү кыстара кетели.  Бизде дале болсо элдин ырыскысына кол салып байыган көпөстөр толтура дегенге негиз бар. Маселен, бир эле качып кеткен Аскарбек Шадиевдин миллиард ды чапчыган дүйнө-мүлкү бар экени ачыкталды.  Ошону мамлекетке кайрыйбыз деп жатышат. Ал эми мурда качып кеткен Бакиевдердин, айрыкча Максимдин  не деген байлыктары мамлекетке алынган эмес да, туурабы? Аны тебетейдей тегеретип иштетип жаткан тың чыкмалар арабызда эле жүрбөйбү? Раматылык Кадыржан Батыровдун деле байлыктарын толук кайтарган эмеспиз. Данияр Үсөновдун бул жерде байлыгы калган эмес деп ким кепилдик бере алат? Эч ким.  Мелис Мырзакматовдун Оштогу кыймылсыз мүлктөрүн билермандары кыймылдатып жатканы боюнча күбүң-шыбың кептер жөн жерден чыгарылбаса керек да?  Эмнеси болсо да бызып кеткендердин байлыгын элге кайтаруу мезгили келди.

Дагы баса белгилеп кетчү жагдай бар. Эмне үчүн өкмөт байларга эсеп ачкандан качып жатат? И-ии туура баамдадыңар. Анткени шайлоо деген саясий оюн жакындап келатат. Баймын деп дердеңдегендердин мурдуна чүлүк салынып, ар кимиси өзүнүн “долясын” берүүгө мажбур. Муну танган күндө деле аныгына чыгалбайсыңар. Болуп келген, эми улана берет. Эгерде биздин өлкөдө “Шерлок Холмстай” мыкты изге чөп саларлар болгондо миллиарддаган каражаттар казынага түшүп элибиздин жашоо-турмушу оңолмок.  Аттиң, андайлар чээнге кирип кетишкен. Бир болбогон майда кылмыштарды ачып, сводкага киргизип коюшат.  Эгерде ошондой мыктылардан атайын күчтүү топ түзүп, көпкөндөрдүн  артынан түшүрсө эбактан берки проблема чечилмек. Салпактап күн өткөргөн “ашкебилерден” кутулмакпыз. Ошол колго илешкен каражатты атайын ачылган эсепке которушканда иштин жүрүшү дароо көзгө урунмак. Анан кайдагы бир алаксытма нерселерди токушканы баланын эле оюнчугундай сыпатталды. Маселен, бир баччагардын байлыгын акырын тийиштүү жерге билдирсең сага баланча пайызы сыйлык катары берилет дегендин өзү бечел эле баланын басыгына тең келет дегенге негиз бар. Андан көрө чындап байлардын чөнтөгүнөн түшкөн каражаттын бир бөлүгүн мыкты оперлерге айлык катары беришсе ошол жугумдуу болмок. Ушундан мамлекет да, иштеген адам да утуш алмак.

Мына ушундай замандаш! Эмнегедир өлкөнүн өнүгүшүнө кызыккан чоңдор жокко эсе, баары эле керт башынын кызыкчылыгы менен  алек. Иштейин деп ниетин бургандарга  анчалык көңүл бурулбайт. Бүжүңдөп, шеф кандай тапшырма бар дегендерди далыга чаап алдына салып айдап алышат. Аз айлык алган, жетпеген оокаттын айынан милисадагы көрөңгөлүү азаматтар  өз ишине салкын мамиле жасаганга мажбур. Ал үчүн ошол  тармактын жетекчиси таза болуусу,  өз алдынча иш кылууга, батыл чечимдерди чыгаруусу кажет. Кылчактаган, мажирөө, бирөөнүн ажаатын ачалбаган генералдын  иши аксай берет, алдыга түк жылыш жасалбайт.  Казынада акча жок деп алакан жайган жакшылар ишти башкача нукта жүргүзсө, дымактуу кадрларды топтой алса, аткарган ишине карап баалоого акылы жеткенде гана Кыргызстан оңолуу жолуна чындап түшөт. Ошол тилегибиз орундалар күн качан келер экен?  Төөнүн куйругу жерге тийгендеби…

С.Жоосаяров.

Булак: “Ачык сөз” гезити.

 

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс