Пятница , 22-Март 2019

ЧУЧУК

“Айыл азыгы” дүкөнүнүн алдына эл аягы суюлуп калган кеч күүгүмдө бараандуу унаа минген бир жигит келип токтоп, бир топ соода жасады. Анын ичинде үчпү-төртпү, айтор бир чоң коноктук жылкынын чучугун алды. “Мейман күтөсүң го?” – дедим анын азыкты маашырланып тандап жатканына ыраазы болуп. “Жок, айылга, атама алып барам”, – деди жигит кадимки көндүм ишин аткарып жатканын билгизе. Менин оозуман сөз кетти. Төбөгө калтек жегенсип оюм чачырап: “Ии, алып бар, мен окшоп ата-энеңди жутуп алсаң чокуңа алып барат белең?!” – дедим далдырап. Өзүмдүн ата-энеме атайылап арнап чучук алып барбаганым дароо тык этти мээме. Башка белек-бечкек алып барсам алып баргандырмын, бирок кыргыздын төл азыгы болгон чучук дегенди алып барганым дегеле эсимде жок. Тетирисинче, өмүр бою ошолордукун жедим, барган сайын сүрсүтүп сактаган чучугун салып беришет эле. Бишкекке көтөртүп ийгени, бирөөлөр аркылуу берип жибергени канча?! Мен эле эмес, туш-тушка чачырап кеткен он баласынын ар бирине ошентишет эле. Бирок ата-энебиз эң жакшы көргөн тамак ушул эле деп, ошол өздөрү эң жакшы көргөндү ичпей-жебей сактап, эң жакшы көргөн адамдарына берет эле деп кимдир бирөөбүз эстеп, атайылап аларга деп чучук камдап жүргөнүбүз эсимде жок.

Тиги жигит менен андан ары сүйлөшүүгө жарабадым. Көздөрүмдөн кылгырган жашымды катып, тезирээк бурулуп басып кетүүгө шаштым. Менден акылдуу, менден жолдуу ал баатырга чын жүрөктөн ичим эзилип суктандым. Ушунчалык черим жазылып ыраазы болдум. Бирок өз арманым тынчытпай, Бейиши болгон ата-энемди эстеген сайын жаш кетет…
Ошол окуядан соң чучук дегенди жөн эле сата бербей, кантип каркыттап, кадырлап жесек болот деп, дүкөндүн ичине чучукту тезирээк үйлөп кургата турган бир жасалга жасап койдук. Мында эки жума турган сүр чучуктун даамы айлап-жылдап унга салып сакталган чучуктукунан кем болгон жок. Ата-энесине, той-топурларга чучук көтөрүп барчулар чыкса алсын деп жатабыз. Кааласа чийкисин, кааласа бышканын, кааласа сүрүн алсын дедик.
Бул чучук деген өтө чоң маселенин башы эле. Кудай буюрса дагы да өнүгөбүз, Чучукту дүйнөлүк деп эсептелген пицца-мицца, гамбургер-самбургер деген азыктарга салыштырып болобу. Чучук дүйнөлүк ашканада өзүнүн татыктуу ордун ээлөөгө тийиш деп ойлойбуз.
Дүкөнүбүз Жаш Гвардия менен Фрунзенин батыш бурчунда.

Бейшенбек Бекешов
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс