Воскресенье , 21-Апрель 2019
Башкы бет / Кыргызстан / БАТКЕН ӨРҮГҮ

БАТКЕН ӨРҮГҮ

Мен баткенчи эмесмин, көлдүкмүн. Бирок Баткен өрүгү урук-тукумубуздан бери аздектелип келаткан улуттук азык сымал, ал турсун таңдайдан кетпес балалыктын даамы сымал биздин үйдүн негизги төл тамактарынын бирине айланган. Ким билет, балким ушунда Анжиян тарапта өмүр кечирген Тагай Бий бабабыздан биздин каныбызда калган генетикалык код да бардыр. Айтор эмнеси болсо да өзүм эле жеп тим болбой, Баткен өрүгүнүн айтып бүткүс ажайып касиеттери тууралуу толгон журналисттик иликтөөлөрдү жасап, макалаларды жаздым. Өзүбүз жесек ченемсиз күч-кубат, чың ден соолук болоор, көптөгөн оору-сыркоо, илдет дегендерге шыпаа болоор, сыртка сатсак куюлган эле алтын болоор, экологиялык тазалыгы эч кынтыксыз бул мөмөнүн кадырына эми гана жете баштагансыдык.

“Айыл азыгы” дүкөнүн Баткен өрүгүнүн бардык түрлөрү менен толтурдук. Көп жылдардан бери өрүк соодасы менен алектенип, ишин ийне-жибине чейин билген Токтошбай ажы Муктаров деген бир тууганыбыз дүкөн ачылаары менен эле өрүктү үйүп салган. Андан соң Нурсултан деген инибиз эң жакшы өрүктөрдү дыйкандардын өзүнөн алып келе баштаган. Кечээ күнү Турсунали Төлөмүшев деген белгилүү ишкер, заманбап технологияларды жайылтуу боюнча чоң адис мырзабыз капризи менен текебери ашынып кеткен кардарларды да кыңк эттирбес продукциясы менен дүкөнүбүздү толтуруп койду. Бирден жуулуп-тазаланып, вакуум пакеттер менен чапталган бул азыктар элиталык дүкөндөрдө очойгон акчаларга сатылып жатат. Бизге болсо Турсунали баатыр өтө төмөнкү баасына берип кетти. Анан да адам аягы араң жетээр айтылуу Зардалынын өзүнен супертаза жана укмуштуудай даамдуу өрүктөрдү да ала келиптир. Кыскасы, өрүк деген ажайып азыкты кадырлаган, анан да чөнтөгү ар түркүн кардардын эч кими арманда калбайт. Өрүктүн жаманы болбойт. Баа ага жумшалган эмгекке байланыштуу гана айырмаланат. Эң башкысы, той-топурда дасторкондордо үйүлүп турчу, уу химикаттар менен ыштылган сапсары жана кыпкызыл өрүктүн бирин да жакын жолотпойбуз. Баары тең күч-кубат менен ден соолукка гана иштей турган өрүктөр.
Анан да баткенчилер күрүчтүн да бардык түрүн алып келишти. Бааларын өзүңөр салыштырып алгыла.
Дагы бир жана өтө чоң сөз. Өлкөбүздүн оокаттуураакпыз, билимдүүрөөкпүз деп мактанган бир да аймагы бул иште азырынча баткенчилердей иштерман, мекенчил жана заманбап өндүрүшчүл боло элек. Ошондуктан аларга: “Алга, баатырлар! Ишиңерди дүйнөлүк ийгилик коштоп, акыбети эселеп кайтсын!” – дегенден башка сөзүбүз жок.

Бейшенбек Бекешов.
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс