Воскресенье , 17-Февраль 2019
Башкы бет / Аналитика / Кара квадрат

Кара квадрат

Пикир

АКШнын “Ганси” авиобазасын кимдер гана билбейт. А тургай Ганси “эгиз мунаралардын” жарылуусунда каза тапкан өрт өчүргүч деп сайрап берет… Бул пропаганданын күчү. Акылдуу элдин саясаты. Өсө турган элдин балдары бири-бирин баатыр дейт… Бизде кимиси баатыр, кимиси саткын экендигин билбейсиң.

Советтик пропаганда АКШдан кем калбайт эле. Чолпонбай, Дүйшөнкул… деп Ата-Мекен үчүн курман болгондордун атын ыйык тутуп, ысымын түбөлүккө калтырып коомго, жаңы муунга патриоттук, моралдык-нравалык тарбия берүүдө аларды үлгү катары көрсөтүүчү.

Баардык жаңы нерсе эстен чыккан, эски нерсе дегендей, эзелтен бери бир өлкөдө бир гана идеология болгон. Ал-Ата-Мекенге кызмат кылуу. Ушул эки сөз баардыгын камтыган, баардыгына тийиштүү болгон. Бул түшүнүктүн сап башында эл-жер үчүн кан-жанын бергендер турат. Ошондуктан, кайсыл гана мамлекетти алба, борбор калаасынын чак ортосунда Москвадагыдай белгисиз жоокердин күмбөзү бар.

Коргоо министрлигинин капталында чакан эстелик турат. Жазуусу – Баткенде курман болгон жоокерлерге. Аныгында, жаңы муун Баткенде эмне болгонун деле билишпейт. Ата-Мекен үчүн Баткен согушунда шейит кеткен боордошторубузга деп жазылып, эстелик Ак-үйдүн алдына коюлуш керек эле. Анткени бул, Кыргыз эгемен турмушунда гана эмес, 1916-жылдан бери сырткы душмандар менен бетме-бет келип, эл-жер үчүн, баардык региондун азаматтары түп көтөрүлүп, басып кирген террористтик топ “Кыргыз жоокерлери көк жал карышкырдай кармашты” деп мойнуна алгандай,  муздалып, башка атылып, колго түшүп кор болуп жатса да, массалык түрдө каармандык көрсөтүп, кырчын өмүрлөрү кыйылып, баатырларча каза болушкан жалгыз окуя. Баткенде кыргыз армиясынын 51 жоокери окко учуп, 70 аскери жарадар болгон. Эмне үчүн бирөөнө да баатырлык наам берилген эмес, азыркыча табышмак. Аты-жөндөрүн деле эч ким билбей калды. Ачыгын айтканда баш ийип, таазим этүүнү мындай кой, 2018-жылдын ноябрь айында бул согушта каза болгондордун үй-бүлөсүнө жылына берилүүчү 5000 сом табылбай, Финансы министрлигинин алдында митинг болгон. Бул коомдун, мамлекеттин канчалык деңгээлде цивилдүү экендигинин белгиси…

Баткен согушу тууралуу ар кандай пикир айтылып келет, бирок аны жалпылап берген эмгек болгон эмес. 2018-жылдын аягында Б. Назаралиевдин “Баткен туткуну” деген көлөмдүү повести жарык көрдү. Аты эле айтып тургандай бул чыгарма ошол кандуу кармаш туурасында. Автор кесиби боюнча сүрөтчү, журналист. Ал учурунда кан күйүп жаткан Чечен жерине барып, Дудаев, Яндарбиев, Масхадов, Басаев, Удугов, тажик оппозициясынын лидери Абдулло Нури менен жолугуп маек алган жалгыз кыргыз журналисти. Алааматта турган Зардалы айылында сакалчандар менен бетме-бет жолуккан.

Ошентип, көп жылдап маңдай тери менен күкүмдөп чогулткан материалы  жанын тынчытпаган, көөдөнүндө уялап, ага батпай, тынчтык бербей, көкүрөгүн тээп чыккан ойго айланганы китептен көрүнүп турат. Бул жазуучу үчүн негизги нерсе. Көркөмдүк күч канча деңгээлде бул башка сөз. Ал негизги эмес. Анткени англис тилинен түз которгондо беллетристика-фикция, ойдон табылган же бизче көркөм адабият деп которулат. Сөз бул жерде көркөм дегендикте жатат. Автор канчалык деңгээлде окуяны көркөмдөйт, ал окурмандын аң-сезимин ээлеп, ага көкүрөгүнөн түнөк алгыдай таасирге жеткирет бул экинчи маселе. Бирок азыркы Хай-Тек заманында, көркөмдүк, чеберчилик жөнүндө сөз кылуунун кажети барбы? Ар нерсенин өзүнүн башаты, аягы, тулпар тушунда дегендей албууттанган учуру болот. Кино, театр, радио, телевизор, интернет… дегендер жок кезинде адабияттын доораны сүрүп, алтын мезгили бир келген. Ал мезгил өттү. Учурда баардыгы билимдүү, акылдуу. Калп-чынды иреттеп алганга акылы жетет. Бирөөнүн жол көрсөтүүсүнө муктаж да эмес.

Белгилеп коюучу нерсе, негизи, кандай гана искусство болбосун, ал коомдун турмушундай эле модернизация, жаңыланууга муктаж. Антпесе, сенектиктин сазына батып, прогресс болбойт. Азыр, искусствонун кайсыл гана тармагын алба ал, биз үйрөнгөн, биздин табитибиз калыптанган классикалык варианттан башкача. Классикалык вариант негиз, фундамент, өзөк. Бирок аны кармап турууга мекеме, уюм эмес, мамлекеттин да каражаты жетпей жатканына өзүбүз деле күбөбүз. Анткени, ал өтө эле кымбат турат. Эч кимге жаңылык эмес, классикалык музыканын ордун, рок, поп, реп… дегендер ээлеп, балерина пачка, пуонну жок эле сценада жылаңайлак чуркап, кинодо актердук чеберчилик-спецэффект, экшнге жол бошотуп, кыл калемдин чеберлери абстрактный экспрессионизм, ситуационизм, фотореализм, постминиманизм, риджионализм, хеппенинг, неопон… дегендерди жаратып окурман, көрүүчү, угуучу эмес сынчылардын өздөрүнүн башы катып отурат. Бул туурасында түшүндүрүп берүүчү китеп деле жок. Ошондой болсо да, көргөзмө, заманбап исскуство салондорунан эл аягы үзүлбөйт. Жеке коллекционерлер аларды миллиондогон долларга сатып алып, стадион толо концерт берилип, кинолордон түшкөн каражат миллиарддап саналат.

“Баткен туткунунда” ушундай новаторлук ачылыш турат. Тарыхый чындык менен көркөм чындык аралашып, жуурулушуп кеткен факт, хроника турат. Муну хроникалык же документалдык адабият десе да болот. Акаев, Жанузаков, Чотбаев… деген реалдуу персонаждар да бар. Алардын ким экендиги баардыгына белгилүү. Ошондуктан, адабияттын ыкмасына салып бул китепти сындоо да кыйын. Жүздөгөн палитрадан турган турмушту, ак-кара деп бөлүп алып, андан оң жана терс каарманды издеген кыргыз окурмандары үчүн бул жаңылык.

Аталган китептин сюжети жаш кезинде кокусунан адам канына забыл болуп түрмөнүн түпкүрүнөн чыккан, эч нерседен кайра тартпаган, эмне үчүн бирөөнүн айтканы менен болуп, этегине намаз окуганын билбеген Төлөгөн дегендин тегерегинде жүрөт. Интеллекти жок, ар-намыс дегенден алыс, мекен, эл-жер деген түшүнүк көкүрөгүнө уялабаган, кыскасы адамдык сапаттан айрылган. Аны психикасы бузулган, жапайы болуп, жашоого кол шилтеп, эч бир ыйык нерсеси калбаган Ал адам сыпатындагы макулук, бирөөнүн айтканына ынап, айдаган жагына басып, өзү кыргыз болсо да кыргызга кол салып, кыргыз жерин басып киргендердин катарында болуп, акыр аягы кыргыз армиясынын күжүрмөн жоокери болгон жалгыз баласы менен бетме-бет чыгып, өмүр-өлүм деген дилеммага такалып, тукум курут кылуучу чекке жеткенде гана-сездиби сезбедиби былк этпей туруп берип, баласынын колуна ажал табат. Кара мүртөз, кара өзгөй наркобарон, органдын жогорку даражыдагы корупционерлери, бандит… кыскасы коомдун саркындылары да чыгарманын басымдуу бөлүгүн ээлейт. Мындай каптаган кара тумандын айланасында кыргыз армиясынын күжүрмөн офицер, жоокерлери, милиция кызматкери, карапайым айыл эли турат…

1915-жылы тартылган Малевичтин “Кара квадрат” деген полотносу бар. Ак рамканын алкагына алынган кара квадрат. Арадан 100 жыл өтсө да бул чыгарма өзүнүн актуалдуулугун жоготподу. Бир карасаң, эч нерсе деле жок, бирок өзүнө тартып, азгырып турат. Малевич аны кара үңкүрдөгү кара негирлердин күрөшү деп түшүндүргөн. Эмне үчүн күрөшүү, сүйлөшүү эмес, Түшүнбөйсүң. Так ушул түшүнбөстүк өзүнө тартып турат. “Кара квадрат”- ушунчалык токулган, анын аяк-башы каякта экендигин билбейсиң. Ар ким өзүнчө жоромолдой берсе болот

Аталган китеп да ушундай ойду жаратат. Автордун ойунун түпкүрү каякта, ал эмнени айтууну каалап жатат, аңдаш кыйын. Анткени, бул жерде айтууга болбой турган, же ага далил жок, далил болсо да айтылып калса да заман, мезгилдин талабына жооп бербей турган ой болушу мүмкүн. Мындай учурда чыгармачыл адам өз ойун миф, легенда кыскасы жогоруда айткан сюрреализмдин ыкмасы менен берет. Мунун классикалык варианты Ч. Айтматовдун маңкурту. Б. Назаралиевдин да китебинде ошондой элементтер бар. Болбосо, жүз жоокердин баяны деген, эзелтен, ата-бабадан келген осуят айтылбайт эле. Ал мындай. Өткөн бир каардуу заманда кыргыз элин басып алып, таш-талканын чыгарып, олжо катары калмактар жүз көөдөк балдарды ала кетишет. Аларды укмуштуудай согуш өнөрүнө үйрөтүп, эр жеткенде кайрадан кыргызга карай жортуулга жөнөтөт. Бул басып алган элдин классикалык саясаты. Биздин азыркы абал так ушуга окшоп кетет…

Саясат бул-адамдарды, мамлекетти башкаруунун искусствосу. “Орус дипломаты менен чет өлкөнүн дипломатынын кол-алышып, күлүп турганын көргөн али жаш, али баё эл, биздики сатылып кетти деп дароо эле жыйынтык чыгарып коёт” деп Лермонтов айткандай карапайым эл, интеллигенция эмес журт башындагы саясатчылар да али жаш, али баёо. Тоту куштай болуп, демократия, шайлоо… деп шаңшыганы гана болбосо. Сталин менен согушуп, Гитлерди жолго салып, өз элин, мамлекетин сактап гана калбай, дүйнөдөгү алдыңкы өлкөгө айландырган Финляндиянын Маннергейм өңдүү терең чумкуп, бийик учуп, эл идеал кылып көтөрүп кетүүчү лидер чыкпады. Биз мурда эки тараптан болсо, азыр төрт тараптан кубаттуу державалар менен кысылган чакан эл, өлкөбүз. Көп нерсе ошолор аркылуу чечилет. СССР учурунда космостук ылдамдык менен өнүккөн кыргыз эли, азыр карызга батып, калдастап турат. 1945-1950-жылдары экиге бөлүнгөн Германиянын, Кореянын бири өнүктү, бири артка кетти. Бир эле эл, бир эле жер. Эмнеге мындай? Ким аны жасап жатат? Саясатчы деген биринчи кезекте ошолор туурасында ойлонуш керек, өзү жөндөп түшүнбөгөн нерсени, элге түшүндүрүүгө аракет жасап, көпчүлүктүн башын оорутпай.

Баткенге 1500дөй сакалчандар өзүнөн өзү эле кирген эмес. Учурунда, ылай жууруп, дубал тургузуп, навайчылык кылып, кыскасы кыргыз айылдарында мандикерчилик кылып, тепки жеп жүргөн түркөйлөр кантип эле бир маалда кыргыз жерин бастырып кирип, адам муздап, аларды башка атып өлтүргөн дымакка жетти? Аларга кошулуп кирген Афганистан, Иран, Пакистан, Аравия ж.б. өлкөлөрдүн атуулдары Кыргызстанда эмне кылып жүрүшөт? Алардын артында ким турат? Бул татаал, чийеленишкен комбинациянын авторлорун аңдаса болот. Бирок, колдон кармай албаган соң сен деп түз айтыш кыйын. Эрксизден “Сынган кылычтагы” бир өлкөнүн ханы болсо да, эл-жерине батпай, алыскы тоодогу кара үңкүргө камалып: “Биздин ишке эмнеге аралашат! Өзүбүзгө койбойбу! Ушул азыр сени да чыккынчы десе ишенип кетем” деп Полот хандын жанындай көргөн адамына атырылып жаткан сценасын эске келет. Өзүбүзгө койбойт. Сынган кылыч менен Баткен согушунун, Ош окуяларынын өзөгү бирдейби? Бул 200 жылдан бери токтобой бир түтөп, бир жалбырттап келген “Улуу оюндун” учкунубу? Ал кайда барып такалат? Аны ким билет? Бир колу менен “демократия аралчасы” деп далыга таптап, экинчи колу менен отко түртүп, бир колу менен карыз берип, экинчи колу менен сыйыртмактын учун тартып, жаш баладай ойноткондор кимдер? Кан аккан, капсалаңдуу мезгилде алардын айтканы менен болуп, картасын чаап, ортодон пайда тапкан өзүбүздүн компрадорлор кимдер?

Б. Назаралиев өз китебинде ушул суроолордун учугун тапканга аракет жасаганбы? Болбосо, бул Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан, Афганистан, Пакистан, Иран, Россияны… алкагына алган, бешиктен бели чыкпай жатып, соцреализм деген саясый конъюнктуранын арты менен бечелге айланып, турмуш реалдуулугунан качып, кыялдан образ жаратып, аны идеалдаштырган, кыргыз адабияты үчүн жаңылык болгон чыгарманы жаратат беле? Эгер ушул суроолорго жооп тапсак, калганы майда сөзгө айланат. Ошондуктан, кыргыз коомчулугунун ички реалдуу абалын билүүнү калагандар, геосаясат, геостратегия дегенге кызыккандар “Баткен туткунун” окуп чыкканы оң.

Шайлообек Назаралиев.

“Жаңы Ордо” гезити, №03 (617),  1-февраль, 2019-жыл.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс