Воскресенье , 17-Февраль 2019
Башкы бет / Досье / И. Масалиев, ЖК депутаты: «Эгер мен башкы прокурор болгон болсом, экс-президентти бүгүн эле камап коёт элем»

И. Масалиев, ЖК депутаты: «Эгер мен башкы прокурор болгон болсом, экс-президентти бүгүн эле камап коёт элем»

Учур маек

— ИсхакАбсаматович, Сиз “Мунапыс берүү жөнүндөгү” мыйзамдын демилгечиси болуп жатпайсызбы. Ушул мыйзам саясаттын туткуну болуп абакта жаткан саясатчыларга да колдонулабы?

— Түрмөдө саясий кылмыш үчүн отурган киши жок. Саясатчылар, журналисттер саясий негизде деп айтабыз. Аларды соттогондо кылмыш иш деп соттогон. Мамлекеттик төңкөрүшкө аракет жасоо, же болбосо коррупция беренелери менен соттошкон. Саясий мүнөздөмө берген өзүбүз. Аны оозеки түрдө гана айта алабыз, кагазга түшүрө албайбыз. Ошол себептен саясий туткун дегенди мунапыска киргизе албайм. Саясий туткун маселесин чечүүнүн жол-жобосу башкача. Жеке менин пикирим боюнча, президент, парламент эл саясий деген иштерди изилдеп чыгып, токтом менен кабыл алсак, ошондо жаңы жагдайлар ачылды деп тапса болот. Ошондо ырайым берүү, адилеттүүлүккө алып келген аракет деп эсептелет. Бул мунапыстын формалдуу эмес түрү болот.

— Экс-президенттин кол тийбестигин алып салуу жөнүндөгү мыйзамды иштеп жатпайсызбы. Бул мыйзам азыркы иштеп жаткан президентке дагы тийиштүү болобу?

— Баардык президенттерге тийиштүү болот. Ушул мыйзам боюнча коомчулукта түшүнбөстүк болууда. Экс-президенттин кол тийбестиги 2006-жылы эле алынган. 2003-жылы Акаев кайрадан президенттик шайлоого барбасын деп кол тийбестикти Текебаев баштаган топ сунуштаган болчу. Ошондо, Өмүрбек сен эмне кылып жатасың? Бул кишиге эмне үчүн кол тийбестик берүүдөсүң?- деп сурагам. Ал “Исхак Абсаматович, бул киши бийликтен кеткенден кийин мыйзам өзгөрүлөт” деген. Ал мыйзамда атайын Акаевге арналган “Биринчи президент жөнүндө” деген өзүнчө бөлүмү бар эле. Ошол бөлүмүн 2005-жылы жокко чыгарып таштадык. 2006-жылы экс-президент кол тийбестикке ээ деген норманы Конституциядан жок кылганбыз. Бирок, “Президенттин ишмердүүлүгү жана кепилдиктери жөнүндө” деген мыйзамда калып кетиптир. Мен болгону ошону жокко чыгарып, Конституцияга дал келтирип жатам. 2006-жылдан баштап бир дагы президент кол тийбестик дегенге ээ эмес.

— Сиз эми мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизип жатпайсызбы. Мыйзам артка иштебейт деген түшүнүктү кантесиздер?

— Эмне үчүн иштебейт? Иштейт. Эгер мен башкы прокурор болгон болсом, экс-президентти бүгүн эле камап коёт элем. Себеби, бир дагы экс-президенттин кол тийбестиги жок. Конституцияда “Экс-президенттин статусу мыйзам менен белгиленет” деп жазылган. Бизде андай мыйзам жок да.

— Башкы прокурор болгон болсом, экс-президентти кылмыш иштеринин белгилери болгон болсо бүгүн эле камап коймокмун деп атпайсызбы…

— Мен үчүн кылмыш иштин белгилери бар. Бийликти узурпациялоо боюнча белги бар. Мен муну парламенттин жыйынында май айында айткам. Өзүнө таанымал эмес укуктарга ээ болуп алган кишини узурпациялоого барган деп коёт. Президент 2010-жылдан кийин “Президент баардыгын башкарып жатат. Муну токтотуш керек. Укуктарын чектөө зарыл” деп кыйкырган. Ошондо тышкы саясат, коопсуздук, коргоо маселелери боюнча жетекчилерди дайындоо функциялары калтырылган болчу. Энергетикага кийлигишип, ушул долбоорду түзгүн деген функция берилген эмес. Ага президенттин укугу да жок. Бул узурпация деп аталат.

— Тышкы саясатты аныктоо дагы Конституция боюнча президентке берилген эмес болчу да. Парламент мыйзам аркылуу бул функцияны президентке өткөрүп бербедиби?

— Тышкы саясат ээсиз калган деп айтабыз. Бийликти бөлүшкөндө Текебаев Конституциялык кеңешмеде “Тышкы саясат президентке таанымал болушу керек” деп айтканы эсимде бар. Бирок, бул Конституцияда жазылбай калган. Кийин депутаттар мыйзам менен президентке бекитип койгон. Ошондуктан, президентте ушул эки гана укугу бар. Энергетикага, Финполицияга, Бажыга, кадр маселесине эч качан кийлигишпеши керек. Бул узурпация.

— Экс-президентти кол тийбестигинен ажыратуу маселеси жаңы бийлик менен эски бийликтин тирешүүсүнөн кийин башталбадыбы. Бул мыйзам бүгүнкү бийликтин үстөмдүгү менен жазылып жаткан жокпу?

— Жок. Бүгүнкү бийликтин үстөмдүгү эмес. Бул маселе эмне үчүн көтөрүлдү? Өткөн жылы ТЭЦ боюнча депутаттык комиссия иштеп бүткөндө, мен трибунага чыгып, бул жерде мурунку президенттин бийликти узурпациялоого аракети көрүнүп турат деп айткам. Ошондо, прокуратура тарабынан “Биз ал адамды суракка тарта албайбыз. Себеби, ал боюнча мыйзамда талап бар” деген сөз чыккан. Ал мыйзам Конституцияга дал келбесе, ал автоматтык түрдө күчүн жоготот. Эгерде кайсыл бир мыйзамдын талаптары азыркы кабыл алынган Конституцияга дал келбесе күчүн жоготот деген норма бар. Прокурор “Кагазга жазылып калган. Мен ал кишини жоопко тарта албайм” дегенден кийин ушул сунушубуз кирип калды. Болбосо жеке мен үчүн бул жерде эч кандай проблема жок. Кагазга жазылып калганы менен Конституция жогору турат. Сооронбай Жээнбеков сунуш кылды деген туура эмес. Конституцияга дал келтирүү аракети болууда. Бул жаңылык эмес. 2005-жылы Акаев качканда экс-президенттин кол тийбестигин жоготуш керек деген сөз болгон. Көпчүлүк макул болгон. 2010-жылы революциядан кийин Убактылуу Өкмөт дагы кол тийбестикти жоготуш керек деп айткан. Кийинчерээк Атамбаев премьер-министр кезинде ушуну алып таштайлы деп сунуш берген. 2014-жылы Адилет министри да алып таштайлы деп сунуштаган. Эмнегедир мыйзам долбоору Жогорку Кеңешке жеткен эмес. Алардын аракетинде кол тийбестикти албоо болгону көрүнүп турат. Азыр эч кандай кысым жок. Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды. Экинчи окууда бир топ башкача болот. Мен ойлогондой болбойт окшойт деп атам. Себеби, “Азыркы иштеп жаткан президентке кандай таасир берет? Шефке жаман кылып койбойбузбу?” деген коркунучтар айрым депутаттарда бар.

— Адам бийликте турганда узурпация жасайт да. Иштеп жаткан президенттерден кол тийбестикти алып салып, кылмыш иш жасаса жоопкерчиликке тартуу жагын жеңилдетсе болбойбу?

— Бүгүнкү күндө иштеп жаткан президентке күнөө көрсөтүү башкы прокурордун мойнунда. Ага Жогорку Кеңештин макулдугу керек. Бул эми теория да, практикада башкача. Прокурорду ким дайындайт? Президент. Демек, ал президенттин ишенген адамы болобу? Бизде иштеп жаткан президентти жоопко тарталы деген практикада болгон эмес. АКШда андай практика бар. Аларда тууган-урук деген түшүнүк жок. Байлык деген гана бар. Миллиардерлер гана бийликти башкарат. Бизде практика жок болгондуктан, бүгүнкү абалыбызга жараша “Азыркыга сөз тийет. Мен жаман көрүнөм. Андан көрө биз кол тийбестикти алып коёлу. Бирок, иштеп жаткан президентке ылайык башкы прокурор сунуш берсин, депутаттардын макулдугун алсын” деген сунушту берип олтурушат. Бул кадам менин пикирим боюнча ашыктык болуп жатат. Биз анда иштеп жаткан президентти “Сен келечекти ойлосоң келерки парламентке сөзсүз өз партияңды алып келишиң керек” дегенге түртүп жатабыз. Президент таза иштегенди ойлобойт, артымдан чукулабасын деп партия түзө коёт. Бирок, жүз жолу өзүнүн партиясын түзсө дагы, ага 30–40 тууганын киргизе албайт. Бийликтен кеткенден кийин ошол 30–40 депутатынын арасынан 90 пайызы башка тарапка кетип калат. Азыр Атамбаевдин КСДПсында 38 депутат. Эртең бизге прокурор Атамбаевди жоопко тартууга макулдук алууга келсе, КСДПнын 30 депутаты макул деп добуш берет. Мен буга ишенем.

— Депутаттардын дагы кол тийбестиги бар деп мыйзамда каралган. Кол тийбестикти өзүңөрдөн алып салууну эмне үчүн көтөрбөйсүңөр?

— Парламенттин уруксаты жок эле Канат Исаевди, Өмүрбек Текебаевди камады, Салянова, Шыкмаматовду жоопко тартты. Мыйзам боюнча кол тийбестик деп аталганы менен азыр оперлер деле коркутуп жүрөт. Депутатты сүйлөгөн сөзү үчүн жоопко тарта албайт. Прокурор каалаган депутатты оор кылмышка тийешеси бар деп камап таштайт. Сотко барганда башка берене менен соттолот. Нариман Түлеев депутат болуп турганда оор, коркунучтуу берене менен камакка алынган. Сотко барганда чарбалык берене менен соттоп жиберишти. Ал берене менен соттош үчүн депутаттардан макулдук алыш керек болчу. Алган эмес. Прокуратура каалагандай кылып жатат. Депутаттардын кол тийбестиги формалдуу түрдө бар, практика түрүндө жок.

— Сиз депутаттар аракеттеги президентти кийинки парламентке өзүңдүн партияңды алып келишиң керек дегенге түртүп жатат деп айттыңыз. Азыркы президент дагы өзүнүн партиясын кийинки шайлоодо алып чыкканга аракетин жасайбы?

— Эгер биз кол тийбестикти алууда оорлошкон жолун кабыл алсак, ал киши айла жоктон өз партиясын парламентке алып келет. Экс-президент жөнөкөй жаран болуп калса, каалайбы-каалабайбы аны парламентте сени коргоп турган топ болушу керек деп сөзсүз лобби кылганга түртөт.

— Бүгүн депутат болуп олтургандар кийинки чакырылышка кайра келип, бүгүнкүдөй болуп бирөөнү коргоп олтура береби?

— Азыркы депутаттардын 70 пайызы кайра келбейт. Партия лидерлери азыр жанында олтургандардын бир тобун албайт. Себеби, укпай коюшту, шеф дебей калышты, 3–4 топко бөлүнүп кетишти, добуш бергенде каалагандай добуш берип жатышат. Каалаганга кызмат кылууда. Бул биринчиси. Экинчиден, бир топ депутаттар өздөрү шайлоого барбайт. Катышканга каражаты жетпейт. Каражат жетпеген соң аларды эч ким тизмеге кошпойт. Бирок, так ушуга окшогон кыз-жигиттер келет.

– 2015-жылдагы парламенттик шайлоодо партиялардын тизмеси Ак үйдүн жетинчи кабатында чечилген. Кийинки шайлоодо дагы тизмелер жетинчи кабатта түзүлөбү?

— Андай болбойт. Себеби, азыркы президентке абдан оор болуп турат. Мурункулардын бирөөсү аянтта бийлесе, экинчиси ыр жазып жүрсө деле өз көз караштарын айтат болчу. Азыркынын мүнөзү башкачараак. 100 пайыз шайлоону көзөмөлдөйт дегенден алысмын. Барган сайын коом дагы өзгөрүүдө. Жаш жигиттер чоңоюп жатат. Алар эч кимди укпайт. Акча табылат. Балдар азыр эле даярданып жатышат. Ошондуктан Ак үй айткандай болбойт. Ак үй өзүнүн партиясын өткөрүп алса ошого Кудайга шүгүр деш керек.

— Мурунку президент Атамбаев менен санаалаш болуп келдиңиз. 2000-жылдагы президенттик шайлоодо анын штабын жетектеп бердиңиз. Достук учур качан башталган?

— Ал киши Жогорку Кеңештин эл өкүлдөр палатасында депутат, мен ишкер болуп жүргөндө таанышканбыз. 6 айдан кийин мен дагы эл өкүлдөр палатасына депутат болуп келдим. Ал депутат болуп шайланып, залда 15 күн олтуруп, соттон Шарипа Садыбакасова утуп алган. Ошондон бери анда-санда көрүшүп жүргөнбүз. 2000-жылы Атамбаев өзү “Түштүктө менин командам жок. Ошол жакты кошо республикалык штабды жетектеп бер. Мен президент, сен премьер-министр болосуң” деп суранган. Мен атама кирип, эгер коммунисттер партиясы талапкерди көрсөтпөсө, Атамбаевге жардам берсем болобу?- деп сураганымда, “Болот. Бирок, партиянын атынан сүйлөбөйсүң” деген. Өзүмдүн атымдан барып штаб башчысы болгом. Мамилебиз жакшы болчу. 2009-жылы президенттик шайлоо учурунда Жалал-Абадда “Исхак Масалиев атасынын атын жамынып жүрөт” деп сүйлөгөндө, өзүнө барып “Шайлоого барсаңыз бара бериңиз. Мага эмнеге тийишесиз?” деп сураганымда “Мен мас болчумун” деп айткан. Көз тийди, ууландырып коюшту деп айтып жүрүшпөдүбү, чындыгында мас болгонун өзү айткан. Андан кийин деле мамилебиз жакшы болчу. Убактылуу Өкмөт учурунда деле көрүшкөнбүз. 2017-жылдын башына чейин жакшы эле болуп келдик. 3–4 айда бир жолу кирип чыкчумун. Компартиянын жетекчиси катары Кытайга жыл сайын барам да. Ошол тууралуу президент катары пикир алышып турчубуз. Президенттик шайлоо башталганда такыр кабыл албай, августта талапкерлигимди алып таштаган. Саясатта ошондой болуп көз караштар өзгөрүлгөн. Азыркы президент менен 5 жыл чогуу депутат болуп олтурганбыз.

— Сиз Адахан Мадумаровду премьер-министр болсо жакшы болмок деген пикирди айттыңыз. Кандай негиздер менен ошол ойго токтолуп жатасыз?

— Бул менин жеке пикирим. Бүгүн коомдо түшүнбөстүк көп болуп, тирешүү күчөп жатат. Президент баш болуп баарыбыз ынтымакка чакыруудабыз. Андай болгон соң кадам жасаш керек да. Адахан Мадумаров президенттик шайлоодо үчүнчү орунду алган талапкер. Таза добуш алганын эсептегенде ал көп добуш алган. Алысты албайын, өзүмдүн эле айылымда 900 шайлоочудан 550 шайлоочу Мадумаровго добуш берди. Бир кадам жасабады, бир кишиден суранбады, бир киши агитатор болгон жок. Анын айткан сөздөрү жөнөкөй адамдардын кулагына сиңип, жагып жатат. 200 миңден ашык добуш алган кишини сыйлаш керек. Өнүккөн мамлекеттерде шайлоо бүткөндөн кийин атаандаштарын башка кызматтарга чогуу иштейли деп чакырышат. Бизде кастык менен бүтөт. Бирөөсү Москвага качат, бирөөсү “сөгүп” жүрөт. Андай болбошу керек. Адаханды көп жылдардан бери тааныйм, ишмердүүлүгүндө аракеттер бар. Бүгүн коомго маселени козгоп, көтөрүп турган премьер-министр керек болуп турат. Ошондуктан, Адаханды сунуштаса туура көрөт элем. Бирок, аны парламенттен өткөрүш кыйын. Депутаттар жаман көрөт. Ал дагы депутаттар базарком деп сөгүп бүттү. Бирок, Адаханды сунуштоо менен коомчулук арасында бир аз болсо дагы ынтымак болот. Дагы бир жагы, сен канчалык сын-пикир айткан болсоң, мамлекеттик кызматка келгенде ойлонуп каласың. Сын-пикир айтыш жеңил, ошол сынды ишке ашыруу, оңдоо оңой эмес. Кел иштеп оңдоп бер деп мүмкүнчүлүк бериш керек. Оңдоп берсең сыйлык сага, оңдой албаса “Иним кечирип кой, тилиңди тыйып олтур” болот.

— Президенттер иштей турган адамга такыр премьер-министрлик, парламент төрагасынын ордун ыраа көрбөйт эмеспи?

— Сулуу кыздар өзүнөн да сулуу кыздар менен дос болобу же жокпу? Табият ушундай. Сулуу кыздын курбулары өзүнө салыштырмалуу жөнөкөй болот. Анткени, алардын жанында сулуу көрүнөт. Бийликте дагы өзүнүн милдетин билген так билгендерди кызматка тарткандарды аз көргөм. Бакиев учурунда Медет Садыркуловду өзүнө ийгиликтүү тартып алган. Садыркулов уюштуруу жагынан кыйын болчу. Азыр премьер-министр жоош, татына, тилди уга турган бала. Акыркы 10 жылда премьер-министрлер президенттин буйругу менен кетип жатышат. Депутаттар өздөрү бир дагы премьер-министрди бошоткон жок.

Маектешкен Наралы Асанбаев.

“Жаңы Ордо” гезити, №03 (617),  1-февраль, 2019-жыл.

 

 

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс