Воскресенье , 21-Апрель 2019
Башкы бет / Аналитика / Гүлен жамаатынын чет өлкөлүк чалгын кызматтары менен мамилеси

Гүлен жамаатынын чет өлкөлүк чалгын кызматтары менен мамилеси

Түркиянын Полиция академиясы «Гүлен жамааты эл аралык коркунучтун булагы» деп аталган баяндама таратты. Анда Түркияда аскердик төӊкөрүш уюштуруп, максаты ишке ашпай калган, акыркы убакта АКШда баш калкалап жүргөн Фетхуллах Гүлендин тарапташтарынын иш аракеттери боюнча үрөй учурган маалыматтар келтирилет. Ал түптөгөн «Паралелдик мамлекет» (FETӦ) деп аталган террористтик уюм бир нече чет өлкөнүн чалгын кызматтары менен байланышта иш алпарууда деп айыпталат. Баяндамада Гүлен жамааты террористтер деп аталып, АКШ башында турган ири мамлекеттер менен байланышып келгендигине басым жасалган. Бир гана бул эмес, алардын укуругу АКШдан ашып түшүп, Орусия, бир катар Батыш мамлекеттери, Жакынкы Чыгыш, Африка, Борбордук Азия жана Түштүк Кавказга чейин жеткендиги айтылат. Андан соӊ гүленчилердин дүйнө жүзүндөгү жүргүзүп келген иш аркеттеринин өзгөчөлүгү, келечектеги максаттары тууралуу да кеп болот.

АКШ Гүлен тобу менен кызматташууда

Баяндамада келтирилген маалыматтарга ылайык, топтун дүйнө жүзү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштери АКШда баш калкалап келе жаткан Фетхуллах Гүлен тарабынан түздөн-түз көзөмөлдөнөт жана башкарылат. Бул мамлекетте алардын билим берүү мекемелеринин торчосу тоскоолдуксуз иштеп келет. Ал тургай террористтер миллиарддаган долларга жеткен соода операцияларын ишке ашырууда. АКШда ачылган 140 мектепте 60 миӊге жакын киши билим алат. Бул болсо кылмыштуу топко жыл сайын 500 миллион доллардан кем эмес киреше киргизүүдө. «Ири мамлекеттер, анын ичинде АКШ Гүленчилер менен тыгыз кызматташып жаткандыгы шексиз» — ​деп жазылат баяндамада.

Эки мамлекеттин жылуу мамилесине карабай АКШ тарап Гүленди кайтаруу маселесин создуктурууда. Учурдан пайдаланып алар Американын саясий төбөлдөрүнүн башын айлантып, лоббисттик аракеттерди жасоого жетишүүдө. Айрым америкалык сенаттардын ар кандай сапарларын гүленчилер каржылап келет — ​деп жазылат баяндамада.

Германия да буларды койнуна катып келет

Андан ары террордук топтун мүчөлөрү ЕС (Европа Союзу) мамлекеттеринен жылуу көңүл таап келгендиги баяндалат. «Башка өлкөлөрдөгүдөй эле гүленчилердин иш аракеттери ЕС мамлекеттеринде билим берүү тармагынан башталган. Андан соӊ ЖМК жана соода тармактары бутага алынган. Кылмыштуу максаттарды ишке ашырууда саясатчылар жана чиновниктердин арасынан таяныч издеп келишет». Ошондой эле Австрия, Нидерланды жана Германия өлкөлөрү топко ар тараптан колдоо көрсөтүп келишкендиги маалымдалат.

«Гүлен жамааты түрктөргө каршы шериктештердин тобун түзүүгө болгон күчтөрүн сарптап келишет. Муну менен алар чет өлкөлүк чалгынчылардын пландарын ишке ашырууга жигердүү жардам көрсөтүшүүдө. Жамаат мамлекеттик эмес уюмдардын көмөгү менен Германиянын финансылык колдоосуна ээ болуп, билим берүү тармагында иш алпарат. Топтун туткундарын суракка алган учурда алардын немис жергесинде жүргүзүлүп жаткан иштери тыкыр көзөмөлдөнө тургандыгын айтышкан. Ошентип Германия гүленчи жамааттын тарапташтарын калкалаган өлкөгө айланууда».

Австриядагы бизнес иш-аракеттерди «Вена ишкерлеринин Ассоциациясы» деп аталган уюм жөндөп келет. Ага төбөсү көрүнгөн, капчыктуу бизнесмендер мүчө.

Гүлен жамаатынын Нидерланддагы жөкөрлөрү «Zaman Vandaag» гезитин жабышып, «Kanttekening» деп аталган жаӊы басылма чыгарууга жетишишти. Бул басылманын жардамы менен антитүрк саясаты ишке ашырылып келет. Деген менен максатына жетпеген аскердик төӊкөрүштөн соӊ 600 окуучунун ата-энеси балдарын гүленчи окуу жайларга окутууга жибербей коюшкан. Бул көрсөткүчтүн саны бүгүнкү күндө эки эсеге өстү. Мектептердин жабылып калуу коркунучунан улам топ мектептердин аталышын өзгөртүштү.

Жамааттын иш-аракеттери Балкан өлкөлөрүнүн ичинен Албанияда күчөп баратат. Ал жерде жогорку чиндеги чиновниктердин балдарын окутууга чоӊ стипендиялар каралган.

Африкалыктарга жараткан коркунучу

Гүлен жамаатынын ишмердиги Африка мамлекеттерин да кыйгап өтпөдү. Бул жактагы бир катар өлкөлөрдө алардын аракеттери күч. Бирок, Түркиянын тынымсыз жүргүзүп келген дипломатиялык иштери жемишин бере баштады. Бир катар Африка өлкөлөрү террордук бул топтун аракеттерин улуттук коопсуздукка коркунуч жарата турган уюм катары санашып, ишмердигине чек коюшкан.

Орусия, Жакынкы Чыгыш, Борбордук Азия жана Кавказдагы көйгөйлөр

СССР кулагандан кийин АКШ өз аскерлерин көзөмөлү алсыз болгон аймактарга жайгаштырууга аракет жасап келгендиги сыр эмес. Мунун натыйжасы Гүлен жамаатынын гүлдөшүнө шарт түзгөн, алардын колу менен бул аймактарда өз саясатын жүргүзүүнү колго алышты.

2002-жылы РФ ФККсы (ФСБ) Гүлен жамаатынын мектептеринин АКШ БЧУ (ЦРУ) менен байланышы бардыгын таап чыгып, мындай аракеттер мамлекеттин кызыкчылгына каршы келе тургандыгын билдирген.

Борбор Азиядагы АКШнын кызыкчылыгын коргоп келе жаткан мамлекеттердин бири бул — ​Ѳзбекстан. Аларда ички күчтөр тымызын иш алып барып жаткандай элес калтырат.

Кыргызстан тууралуу мындай баяндалат: «Түркиядагы төӊкөрүштөн соӊ кыргыз бийлиги Гүленчи жамааттын мектептеринин лицензияларын чакырып алышкан, бирок, ал мектептердин аттары өзгөртүлүп, учурда иштеп жатат. Казакстанда болсо жамаат элиталык мектептерди ачып, анда беделдүү кишилердин балдары билим алышат. Түркмөнстанда иш-аракеттерин жайылтуу боюнча болгон күчтөрүн үрөштү. Чоӊдорго пара сунуштаган аракеттерди да жасап көрүштү. Бирок, аракеттери текке кетти».

Ооганстан менен Түркиянын дипломатиялык мамилелери жемишин берди. Бул өлкөдө жамааттын аракеттерине сокку урулган.

Азербайджанда жамаатка тиешелүү болгон 12 мектеп Түрк мамлекетинин кызыкчылыгына кайтарылып берилген. Бирок, террордук топ муну менен тынып калган эмес. Алар бул өлкөнү Орусия, Кавказ жана Борбор Азияга ачыла турган терезе катары санашат. Түркияда максатына жетпей калган аракеттерин ушул өлкөдөн улантуунун жолун издеп келишет. Ошол эле кезде армян диаспоралары менен тыгыз иш алып барышууда. Аларга түрк элин «мокочо» көрсөтүүгө бел байлап, «армяндардын геноцид» маселесин эске салып келишет.

Жакынкы Чыгыштагы АКШнын «узун колу»

Гүлен тобунун аракеттери ислам дүйнөсүнө сүӊгүп, араб мамлекеттерине чейин жетти. Алардын түпкү максаты — ​АКШнын кызыкчылыгын Жакынкы Чыгыш мамлекеттеринде сактап туруу болуп саналат. Ошол эле кезде бул мамлекеттерде АКШнын «колунун» узарып бараткандыгын сүйө бербеген маанайдан пайдаланып, өз идеялогиясын жайылтуу аракеттерин да көрүп келишет. Буга ЖМКлар чоӊ жардам көрсөтүүдө.

Түркия менен Египеттин мамилелеринин суз тартып кеткендигин да гүленчилер илгиртпей илип кетишкен. Расмий Анкара менен Каирдин, Египет президенти Мухаммед Мурсинин кулатылышынан кийин жаралган мамилесинен пайдаланып, бул өлкөдөгү аракетин күчөтүп келет.

Гүленчи жамаат коомдук пикирди бийлегиси келет

Ошондой эле бул баяндамада «Паралелдик мамлекет» террордук тобу ондогон жылдар бою Түркиянын мамалекеттик кызматтарын колго алуу аракеттерин тынымсыз жүргүзүп келгендиги айтылат. Ушул эле иштерди алардын жөкөрлөрү болгон өлкөлөрдө ишке ашуруу аракеттери тынымсыз күч алууда. Билдирменин аягы төмөнкүчө аяктайт: «Гүленчи жамааттын дүйнө жүзү боюнча жүргүзүп келе жаткан иштерин тизгиндөө бир гана Түркия мамлекетинин жеке кызыкчылыгы эмес, бул, дүйнөдө тынчтык өкүм сүрүүнүн, глобалдуу стабилдүүлүктүн жолу. Алардын планы «Гладио» операциясын эске салат. Гүлендин жамааты чындыгында эле эл аралык экспанциянын таянычы болуп саналат. Чет элдик чалгын кызматтары аларды пайдалануу аркылуу коомдук пикирди каалагандай калчап башкарып, коомчулуктун маанайын көзөмөлгө алгысы келишет!»

Кыргызстан да Гүлен кыймылынын уюгу болуп саналат

Ушул маалыматты окуп чыгып, дене-боюмду муздак жылан сыйпап өткөндөй эле болду. Келечекке карата саресеп салып, ар бир кадамыбызды ойлонуп таштасак, ата-бабаларыбыз айтып кеткендей, ак менен караны ажырата билип, жаш муундарга туура багыт берсек деген тилек жаралды. Гүлендин Кыргызстандагы “Себат” мектептеринде АКШнын Чалгын кызматынын адамдары иштеп кетишкен деген сөздөр да жок жерден чыкпаса керек. «Сорос фонду» баш болгон америкалык уюмдардын эмне үчүн гүленчилерди коргоп, колдогонун, «Диалог Евразия» сыяктуу уюмдарды кайсыл максатта түздүргөндүгүн ойлонуунун убактысы келди. Саясатчыларыбыз, молдолорубуз баш болуп БЧБнын уюгу болгон Пенсильваниядагы Фетхуллах Гүленге зыярат кылып, кандай максатта жолугуп келип атышы биздин атайын кызматтарыбыздын да кызыкчылыгын жарата турган мезгил келди окшойт…

Б. Жолдошов.

“Жаңы Ордо” гезити, №03 (617),  1-февраль, 2019-жыл.

 

 

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс