Среда , 21-Август 2019
Башкы бет / Аналитика / Сооронбай Жээнбековдун вазирлери алгачкы сынактан өтпөй калды

Сооронбай Жээнбековдун вазирлери алгачкы сынактан өтпөй калды

Кыргыз коомчулугунда көптөн бери кытайлар өлкөбүздү каптап кеткендиги тууралуу сөздөр көчөдө, базарда карапайым адамдар тарабынан айтылып келет. Айрыкча 60 миң кыргыз кыздары кытайларга турмушка чыккандыгы боюнча кептер жөн гана кулакка кирип-чыкпастан, ар бир мекенчилдик сезими, ар намысы бар кыргыз атуулунун намысына тийүүдө.

Эгер Кыргызстандын тышкы карызы 4 миллиард доллардан ашса, анын жарымына барабарын Кытайдан алынган кредит түзөт. Айрыкча экс-президент А. Атамбаевдин тушунда башка майдаларын айтпаганда да Бишкек ЖЭБин модернизациялоого, альтернативалуу түндүк-түштүк жолун жана “Датка-Кемин” электр чубалгысын курууга бир нече жүздөгөн миллион долларлар алынып, максатсыз пайдаланылып кетти. Ал эми Кытайдын Кыргызстандагы элчиси бул карыздардын тагдыры тууралуу жергиликтүү журналисттердин суроосуна “Алган карызды өз мөөнөтүндө жана толук төлөп берүү керек…”,- деп кыска жана сырдуу жооп кайтаргандыгы ар бирибизди сестенте койгон.

Илгери, мен жаш кезде эч кандай билим, илими жок эле раматылык чоң энем эмнегедир “Кытай көчсө, кылым кошо көчөт”,- деп кулагыма куя берчү. Анын сыңарындай эли ит, бака, жылан, эшек, курт-кумурскага чейин ылгабай жей берген кытайлардын экспансиясы биздей чакан жана жарды кошуна өлкөнү мындай кой, ары жагы океандын аркы тарабы, бери жагы Казакстан, Россияны деле түйшүккө салууда. Бир чети экономикасы дүйнөдө экинчи орундан биринчиликке умтулуп, АКШны такымдап калган, калкынын саны 1 миллиард 300 млн.го жакын бул чоң мамлекеттин башка жагын айтпаганда да, экономикалык жактан үстөмдүк кылаары мыйзам ченемдүү көрүнүш.

Кытайлар  Кыргызстанга турист эмес, инвестор катары келишип, көпчүлүк учурда өздөрү курулуш, жол куруу жана тоо-кен тармагына грант, кредит түрүндө берген жардамдарын өздөрү иштетип жатышат. Карапайым калктын кыжырын келтирген дагы бир жагдай, эл оозунда кытайлардын жергиликтүү  мамлекеттик чиновниктерге пара берип коюп, мыйзамсыз жүрүп жаткандыгы боюнча имиштер да болууда. Бирок Мамлекеттик миграция кызматы өткөн жылы болгону 10 миң чет элдиктерге өлкөбүздө иштөө үчүн уруксат берилип, алардын 9500ү кытайлар экендигин, бир да кытай мыйзамсыз же визасыз жүрбөй тургандыгын айтып жооп берип, элди жооткотуп келет. Ал тургай өткөн жумада Миграция кызматы “Кырк чоро” уюмунун өкүлдөрү менен Кара-Балтадагы кытайлар эң көп деген “Жунда” мунайды кайра иштетүүчү заводун текшеришти. Натыйжада алар бир да мыйзамсыз иштеп жаткан кытайды кармай алышкан жок. Ал эми социалдык түйүндөрдүн колдонуучулары бул текшерүү тууралуу алдын ала кабар берилип койгондуктан, бир да уруксатсыз иштеп жаткан кытай кармалбай калгандыгын жазышып, мамлекеттик бул органдын текшерүүсүнө ишенишкен жок.

Кытайларга карата жергиликтүү элдин дагы бир жек көрүү сезими, алардын алтын кендерибизди каалагандай иштетип, түбөлүк ордуна келбей турган кооз табиятыбызды согушта бомба түшкөндөгүдөн да жаман талкалап жаткандыгында жана өздөрү иштеткен кыргыз жарандарын уруп-сабаган учурларынан да күч алууда. Мындай көрүнүштөрдүн бири бир ай мурда ошол эле “Жунда” заводунда орун алып, аталган заводдун бир кызматкеринин кытайлар тарабынан кескиленген абалы тартылган видео социалдык түйүндөргө жарыяланды. Андан мурда Чүй облусунун аймагындагы дагы бир кытай ишканасында иштеген кыргыздарды кытай-жетекчи отуруп эмес, туруп тамактанууга мажбурлагандыгы элдин кыжырын келтирген болчу. Ал эми ушул жана башка көрүнүштөр  акыркы 2-3 жылда Бишкектин 50гө жакын көчөлөрүнүн кытайлар тарабынан 50 млн. доллар грантка оңдолгондугу  элибиздин антикытайлык маанайын өзгөртө алган жок. Кайра чочулоо сезимин пайда кылууда.

Акыркы ирет Кытайдагы кыргыздардын “тарбия лагери” деп аталган жайларга камалып, кордук көрүп жаткандыгы тууралуу маалыматтар отко май чачкандай эле болду. Ким билет, ушул жагдай түрткү болдубу же жаз алды менен Кыргызстандагы саясый оюндарды өз максатына пайдаланууну көздөгөн ички-сырткы күчтөр демилгени колго алып кетиштиби, айтор кытай экспансиясына каршы митинг, пикетке айланып, саясый мүнөзгө өтүүдө.

17-январда Ала-Тоо аянтына уюштуруучулардын өздөрүнүн айтуусунда үч миңдей, укук коргоо органдарынын маалыматында 500дөй адам кытай экспансиясына каршы митинг өткөрүштү. Жарандык активист Аманбол Бабакулов уюштурган бул акцияны мамлекеттик ММКлар чагылдырбаган менен көзкарандысыз маалымат каражаттары, социалдык тармактар, ал тургай түз эфир аркылуу чагылдырышып, өлкөбүздүн булуң-бурчуна заматта эле чагылгандай таратып жиберишти. Алгач башаламан, стихиялуудай көрүнүп, ал тургай айылдан келген бир адам мас болуп сүйлөгөн менен түшкө жакын кырдаал саясый өңүткө өзгөрүп, бийликке сын-пикир, дооматтар айтыла баштады.  Болгондо да түз эле президент С. Жээнбеков бутага алынды. Ораторлордун бири 1500 кендерибиз кытайларга берилип кеткендигин айтса, дагы башкасы жаштарыбыз Россия, Казакстанга дал ушул кытайлар кен байлыктарыбызды ээлеп алгандыктан, жумуш издеп кетип жаткандыгына басым жасады.

Митингчилерге Мамлекеттик миграция кызматынан, жергиликтүү бийликтен өкүлдөр келишип, ар бир суроого жооп берүү далалатын жасашты. Бирок жаалданган митингчилер алардын айтыла берип ашмалтайы чыккан жоопторуна канааттанбай, Президенттик администрациядан жетекчилер, Парламенттин депутаттары келишин талап кылып туруп алышты. Тилекке каршы митинг өткөн жерге түштөн кийин Ак үйдөгү чиновниктер же депутаттардын ордуна милиция кызматкерлери келишип, “коомдук тартипти бузду, жол кыймылына тоскоолдук жаратты”,- деген шылтоо менен уюштуруучу А. Бабакулов баш болгон 21 адамды кармап кетишти. Кийин алар түшүнүк кат жазып берип, бошотулгандыгы белгилүү болду.

Ким билет, Ак үй тарап бул митингге анчалык көңүл бурбадыбы же Президенттин тегерегиндегилер С. Жээнбековду жаманатты көргөзгүсү келиштиби, кош көңүл мамиле жасап коюшту.  Бирок ушуну менен эле элдин антикытайлык маанайы басылып калды деп айтуу кыйын. Кайра бийлик элдин кыжырын ого бетер күчөтүп алды. Баарыбыз жакшы билгендей, 2005 жана 2010-жылдардагы революция же төңкөрүштөр алгач элдин бийликке майда-барат нааразычылыгм менен башталып, кийинчерээк митинг, пикетке айланып, акыры уруп-сабоодон кайра чыңалып отуруп чоң толкунга айланган. Ажонун жанындагылар А. Акаев менен К. Бакиев кантип качкандыгын унутуп калыштыбы?

Ак үйдүн 7-кабатында отурган президенттер дайыма эле жерде, эл арасында эмне болуп жаткандыгын биле беришпейт. Аларга маалыматты кеңешчилери менен тиешелүү күч структураларынын жетекчилери айтып турушат. Демек, өткөн эки тарыхый окуяларда тең президенттерге реалдуу чындык жеткирилген эмес.

Бул ирет да тарыхтын ошол чийилген пластинкадай айлампасы кайталанып аткан жокпу? Деги С. Жээнбековдун тегерегинде азыр кимдер отурат жана алар канчалык деңгээлде ошол кызматка татыктуу же чын дилден кызмат кылат? 17-январдагы митинг көрсөткөндөй, мамлекет башчыбыздын командасы мындай акцияны күтпөгөндөй эле, татыктуу жооп кайтарууга да даяр эместиги кашкайып көрүнүп калды. Эгер эсиңиздерде болсо, экс-президент А. Атамбаевдин командасы 2016-жылы  жазында Б. Талгарбеков башында турган “Элдик парламент” кыймылынын лидерлерин акция уюштурбай, элди аянтка алып чыкпай жатып эле телефон аркылуу сүйлөшүүлөрүнүн негизинде “Бийликти күч менен кулатууга аракет кылуу”,- деген берене менен айып тагып, алдын 5, артын 14 жылга соттоп жибербеди беле. Андан кийин деле С. Жапаров Россиядан келип, Казакстан аркылуу чек арадан өтөр замат кармап, өзүн, бир нече жаштарды кошо камап, кармалбагандарын уруп-сабап тараткан. Айтор, А. Атамбаевдин УКМКны, ИИМди жана башка күч органдарын башкарган командасы өз милдетин жогорку деңгээлде аткарып, бийлигин сактап берди.

Орустарда “Короля делает свита”,- деген жакшы сөз бар. Бирок биздин байкашыбызча, азыркы Президент С. Жээнбековдун командасында андай кесипкөйлөр да, чын дилинен берилип иштеген чекисттер менен министрлер же аппаратчиктер көрүнбөйт. Булардын кесипкөйлүгү жетишпесе да, ишенип берилген жооптуу жана чоң кызматты абийирдүүлүк менен аткарышы керек эле. Анткени баары оорчулукту Президентке жүктөп коюп, же өздөрү иштешпейт же эл менен жолукпайт. Жолукпайт дегенибиз, бир да министр же башка чиновник кырдаалды алдын ала курчутпоо үчүн “кытай экспансиясы” тууралуу же Бишкекте же аймактарда түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн жок. Болбосо алар КТРК баш болгон маалымат каражаттарынан чыгып койсо, ошол А. Бабакулов же “Кырк чоронун” лидерлерин чогултуп алып талкуу уюштурса ким жок деп, тыюу салмак эле? Алардын ордуна Президент С. Жээнбеков өзү өткөн жумада Чүй облусунун жашоочулары менен жолугушууда Кытай темасы боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, “Бизге грант, кредит бергендиги үчүн Кытай өкмөтүү күнөөлүү эмес, маселе аны туура эмес пайдаланган өзүбүздө…”,- деп айтты.

Балким, бул антикытайлык акция  жаз алды менен азыркы кыргыз бийлигине, Президент С. Жээнбековго каршы ички жана сырткы күчтөрдүн “чабуулунун” башталышы же жөн эле “репетициясы” болуп жүрбөсүн…

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс