Среда , 21-Август 2019
Башкы бет / Жаңылыктар / Илим Карыпбеков КТРКда калыш үчүн Толгонай Стамалиевадан “сигнал” күтүп жатабы?

Илим Карыпбеков КТРКда калыш үчүн Толгонай Стамалиевадан “сигнал” күтүп жатабы?

Акыркы убактарда КТРКнын башкы директору ким болот деген суроо коомчулуктун бүйүрүн кызытып келет. Жакында эле КТРКнын байкоочу кеңешинин башкы директорлук кызматка конкурс жарыялашы социалдык тармактарда жана ММКларда чоң талкуулар менен коштолууда. Айрым интернет сайттары азыртадан эле сурамжылоо жүргүзүп, коомдук каналды ким башкарууга татыктуу экенин тизмектеп да жиберди. Ал ортодо Илим Карыпбеков креслодон кеткиси келбегенин кыйытып, конкурска катышууга укугу бар экендигин жана бул туурасында ойлонуп жатканын журналисттерге айтып берген. Буга чейин экинчи мөөнөткө калбайм, туура марттын 19да жумушумду тапшырып саналуу мүнөттө кабинеттен чыгып кетем деп жар салып келген Илим мырзанын капыстан айнып кресслодон түшкүсү келбей калганын жөндүү себеби бар экен.
Президент Сооронбай Жээнбеков менен Атамбаев экөөнүн ортосундагы ажырымдан кийин ашынган Атамбаевчил кадрлар кызматынан кол жууганы баарыбызга маалым. Бирок эмнегедир маалымат тармагында андай болгон жок. Бир кезде Атамбаевдин камчысын чаап “Белизгейт” сыяктуу элдин башын айланткан шоуларды көрсөткөн мамлекеттик каналдардын жетекчилери дагы деле оордунда иштеп жатат. Мындан Президентин пресс катчысы Толгонай Стамалиева Илим Карыпбековго окшогон ээрчиме ыңгайлуу жетекчилерди кызматында калтырып, Атамбаевдин маалындай эле иштегиси келгени көрүнүүдө. Ишенимдүү булактарыбыздан укканга караганда Толгонай айым Илим мырзаны ажонун кабыл алуусуна бейрасмий киргизген. Бирок Сооронбай Жээнбеков Илим мырзанын мөөнөтү бүткүчөктү иштейин деген өтүнүчүнө унчукпай койуп, сенин оордуңда мен бетим чыдабай өзүм эле кызматымды тапшырып кетип калмакмын дегендей ишараат кылган дешет. Президенттин мындай ишараатынан кийин Толгонай Стамалиеванын шаабайы сууп, башка кандидаттарды издемиш болуп, бирок ичинен Илимге күйүп башып турган. Өз кезегинде Илим дагы пресс катчынын кызматын кылып, жан үрөп аракет кылды. Бир эле мисал: Президенттин жаңы жылдык куттуктоосун камерага жаздырууда кетирген пресс кызматтын катачылыгын Илим Карыпбеков өзүнө алып, социалдык тармактарда Толгонайдын оордуна дзотко төшүн тосуп берди. Илимдин мындай “кызматына” ыраазы болгон Толгонай Стамалиева колдон келишинче аны экинчи мөөнөткө калтырууга аракеттерди көрүп, президенттин макулдугун алып берүүгө жанталашып жатат. Эгер президент “Макул” болсо эле баары бүткөнү жатат. Анткени КТРКнын байкоочу кеңешин Толгонай Стамалиева өзүнүн жакын курбусу, жердеши а түгүл классташы Сыягуль Караман аркылуу колго алган. Ал эми Сооронбай Жээнбеков ажолук кызматка киришкенден кийин Сыягуль Караман байкоочу кеңешке Президенттин квотасы боюнча мүчө болуп кирген. Бирок бул жерде анын кош жарандуулугун башкача айтканда Түркиянын да жараны экенин Толгонай Стамалиева шефинен жашырып койгон. Тескерисинче аны Сооронбай Жээнбековго жакшы көрсөтүш үчүн КТРКнын эфирине чыгып жаткан “Президенттин багыты” программасын даярдаттырып келет. Бул болсо өз кезегинде КТРКнын байкоочу кеңеши туурасындагы жобосуна каршы келет. Анткени байкоочу кеңештин мүчөлөрү КТРКнын эфирине тигил же бул программаны даярдоого укугу жок. Муну башкы байкоочу кеңеш, башкы директор Илим Карыпбеков билип турса дагы унчуга алышпайт. Анткени “Президенттин багыты” деген программага тийишип алар өлө албай жатыптырбы?
Белгилей кетсек Сыягуль Караманды байкоочу кеңештин мүчөсүнө көрсөтүп жатканда азыркы аппарат жетекчи Досалы Эсеналиев анын кош жарандуулугу бар экенин билсе да унчукпай койгон. Себеби Досалы мырза 2015-жылкы шайлоодо “Бир бол” партиясынын камчысын чаап, штабдын жетекчиси болуп турганда дал ушул Сыягуль Караман менен тыгыз иштешкен. Кыскасы ажонун аппарат жетекчиси “Толгонай Сыягуль Илим” үч илтигин колдойт. Бул колдоону сезгендиктен Илим мырза экинчи мөөнөттү эңсеп, бийликтеги санаалаштарынан “Президент макул болду” деген сигналды күтүп, ага чейин “конкурска катышаарымды али көрө жатам” деп тил эмизип жатканын аңдоо анча деле кыйын эмес болуп калды.

Абазбек Тургунбеков.

(макала автордун ФБдагы барагынан алынды).

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс