Среда , 21-Август 2019
Башкы бет / Жаңылыктар / Чынара Капаровага ким каршы чыкты?

Чынара Капаровага ким каршы чыкты?

Кечээ Жогорку Кеңештин сессиясы элдин бүйүрүн кызытты. Депутаттар болгон бир адамды КТРКнын коомдук кеңешине мүчө катары шайлай алышпай убара болушту. Анда Чынара Капарованы бир добуштан депутаттар колдоп, өткөрүшкөн. Төраганын орун басары Аида Касымалиева да журналист катары анын өтүп кетишине жандалбас кылып, Капарованын көп добуш алып, жеңип чыкканын жарыялаган. Жада калса токулбаган токтомун да окуй калган. Кайдан-жайдан бузуку депутаттар чыга калып, шайлоону бузуунун жолун издеп ар кандай чыр чыгарса болобу?

Чыгарган чырларын өздөрү да,  түшүнбөй ой бай кыйла талашты гой. Ары тартышты болбоду, бери тартышты болбоду эч эле болбоду. Депутаттардын чыныгы жүзү ачылып, бири-бирине каршы сунуш түшсө да колдоп отургандыгында болду.

Колдошу колдоп алып, кайра өздөрү каршы чыгып, кыйкырып чыгып жатышты. Болгон бир мүчөнү шайлай албай полдон да ылдый түшүп кетишкендигин өздөрү да моюндарына алышты.

Көрсө, ары-бери тартышып отурганынын да жөнү бар экен. А. Касымалиева добушка коюп өткөрүп койгон Ч. Капарованы өткөрбөөнүн айласын таппай жатышыптыр.

Акыры анын да айласын табышты окшойт. Эптеп өздөрү каалаган Атыркүлүн өткөрүп алышты.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс