Воскресенье , 17-Февраль 2019
Башкы бет / Жаңылыктар / Кагаз жүзүндө карызды азайтуу айласыбы

Кагаз жүзүндө карызды азайтуу айласыбы

Кызгалдак Жакыпова 30-январь 2019, 10:09

Саясат


Кагаз жүзүндө карызды азайтуу айласыбы

Бирок, алар импортту азайтып, экспортту көбөйтүүнүн же атамекендик өндүрүштү өнүктүрүүнүн ордуна карыздын чегин кагаз менен азайтуунун амалын ойлоп табышты. Анткени өкмөт мамлекеттик карыздын чегин ИДПга карата 70%га чейин жогорулатууну сунуштоодо. 28-январда парламенттин Бюджет жана каржы маселелери боюнча комитети Бюджет кодексине киргизилген тиешелүү өзгөртүүлөрдү кабыл алды.

Каржы министри Бактыгүл Жээнбаеванын айтымында, ЕАЭБ жөнүндөгү келишимдин жоболоруна ылайык, бюджеттин таңкыстыгы ички дүң өнүмдүн 3% ашпоосу керек. Мамлекеттик карыздын ИДПга карата катышынын деңгээли 70% жогору болбоого тийиш. Министр депутаттардын суроосуна жооп берип жатып, 70% учурда оптималдуу көрсөткүч экенин айтты.

Демилгечилердин пикиринде, лимитти жогорулатуу – бюджет мыйзамынын жакшырышына алып келип, аны эл аралык талаптарга жакындатат. Каржы министрлигинин маалыматына караганда, өлкөнүн мамлекеттик карызы 4 млрд 477 млн долларды же ИДПга карата 58% түзгөн. Мамлекеттик карыздын 85,7% – тышкы карыз, 14,3% – ички карыз. Кыргызстан бир эле Кытайдын Экспорттук-импорттук банкына 1,71 млрд доллар карыз.

Мурда Кытайдын элчиси “карызды төлөп бериш керек…”,- деп гана кекеткен жооп кайтарган. Демек, улуу кошунабыз аласасын акча же жер менен гана талап кылышы айдан ачык болууда. Деги биздин “жакшылар” бул суроого баш катырышат бекен.

 


Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс