Среда , 21-Август 2019
Башкы бет / Жаңылыктар / Түрк дүйнөсүнүн бүгүнү жана келечеги

Түрк дүйнөсүнүн бүгүнү жана келечеги

Кызгалдак Жакыпова 29-январь 2019, 17:40

Саясат


Түрк дүйнөсүнүн бүгүнү жана келечеги

2018-жылдын 3-сентябрында көгүлтүр Ыссык-Көлдүн боюндагы «Рух Ордо» маданият борборунда түрк тилдүү мамлекеттердин VI саммити өттү. Бул саммитке Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков, Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган,  Казахстандын президенти Нурсултан Назарбаев, Азербайджандын президенти Ильхам Алиев, саммиттин өзгөчө мейманы катарында Өзбекистандын президенти Шавкат Мирзиеев жана Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан катышты. Бул жыйында түрк дүйнөсүнүн лидерлери  өтмүшүбүз, бүгүнүбүз жана келечегибиз тууралуу кээңири маек курушуп, Чолпон Ата декларациясын кабыл алышты. Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан да өз сөзүндө келечекте чөгүп бара жаткан Европа биримдигине караганда түбү, маданияты бир, улуу Түрк дүйнөсүнүн келечегинин кенен экендигин айтты.

Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык уюмун түзүү 2009-жылы Казакстандын президенти Назарбаев тарабынан сунушталып, түрк тилдүү мамлекеттер тарабынан жактырылган. Бул биригүү түрк тилдүү элдердин маданий, руханий, экономикалык, коомдук жана саясий өнүгүүсүнө өзгөчө салым кошоору белгилүү. Эскиден бери Россиянын түрк тилдүү мамлекеттер менен мамилелери жакшы болуп келгендиги маалым. Ошол эле учурда Россия түрк тилдүү мамлекеттер менен саясаттагы эски турпатын жоготту. Ошого карабастан Россия менен да мамилебизди кармап, сактап калуу да Кытай экспанциясынан, Америка жана Батыштын кызыкчылыктарынан коргоп калаары талашсыз. Түркия менен Россиянын АКШ жана Европа биримдигине карата өз ара мамилелерин оңдоп, туризм жаатында, аскерий жана экономикалык чөйрөдө кызматташуусу келечекте эки тарапка кетип пайда алып келет.

Түрк тилдүү мамлекеттердин биригүүсүндө Түркия мамлекетинин өзгөчө орду бар. Анткени Түркия НАТОго мүчө, ошол эле учурда экономикалык, геосаясий тараптан өнүккөн мамлекеттердин бири. Түрк тилдүү мамлекеттер эгемендүүлүк алганда, аларды биринчи болуп тааныган жана акчалай жардам берип, экономикалык жагынан колдоп-кубаттап келе жаткан өзгөчө мамлекет. Фетхуллах Гүлен жана анын коомду желкелеп алууга багытталган жашыруун системасын түп тамыры менен жок кылууга багытталган Түркия бийлигинин учурдагы саясаты жалпы эле түрк тилдүү мамлекеттерге Гүлен топбунун таасирин азайтууда.

Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык уюмунун келечекте Кыргыз Республикасына тийгизе турган пайдалуу жактары өтө арбын. Мисалы, Түркия, Казакстан, Өзбекистан, Азербайжан сыяктуу экономикалык жактан кубаттуу мамлекеттер менен кызматташууга, тарыхый баалуулуктарыбызды көтөрүүгө, туризм багытындагы мүмкүнчүлүгүбүздү колдонууга, илимий, маданий жана руханий жактан ар тармактуу кызматташууга өзгөчө көңүл бурулаары анык.

Дини, тили, маданияты жагынан бири-бирине өтө жакын мамлекеттердин биригүүсүнүн тарыхта да өзгөчө орду бар.  Улуу цивилизацияны түзүп, түптөгөн Түрк дүйнөсүнүн теңдешсиз тарыхы менен маданиятын курган бул кызматташтык уюм келечекте да байыркы бабалардын салттуу жолун улап, көптү үйрөнүп, жаңычылдык жана жаратмандык менен келечекке ишенимдүү кадам шилтеп, тарыхый баалуулуктарыбызды даңазалоодо өз ордун табаары шексиз. Кыргызстанда Түрк тилдүү мамлекеттердин ортосундагы байланышты күчөтө берүүсү абзел, анткени биздин тарыхыбыз, маданиятыбыз, тилибиз, тегибиз, динибиз бир.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс