Воскресенье , 21-Апрель 2019
Башкы бет / Дүйнө / Офер абагындагы 1200дөн ашуун палестиналык ачкачылык жарыялады

Офер абагындагы 1200дөн ашуун палестиналык ачкачылык жарыялады

Категория: Дүйнө – Published: 23/01 – 14:38

Израилдин Офер абагында жаткан 1200дөн ашуун палестиналык жарандар израилдик күчтөрдүн абактагы туткундарга кол салгандыгына нааразычылык билдиришип, ачкачылык жарыялашты.

Бул тууралуу Mehr агенттиги Elnashra News агенттигине шилтеме берип жазды. Маалыматка ылайык, палестиналык туткундарын укугун коргогон комитет Офер түрмөсүндө сионисттик күчтөрдүн кол салуусунан жаракат алып ооруканага жаткырылган 150дөй палестиналык жаран кайрадан абакка киригизилгенин маалымдады.

Аталган комитеттин билдирүүсүнө караганда, израилдик күчтөрдүн колунан жаракат алган палестиналык туткундардын 6су денеси сынган жаракат алган, 30у башынан жараката алга, калгандары желим ок жеп жаракат алган.

Белгилей кетсек, Офер түрмөсүндө камакта жаткан палестиналыктардын арасында балдар да бар.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс