Четверг , 17-Январь 2019
Башкы бет / Досье / Атамбаевдин ата-бабалары тууралуу жазганыма асылган Азизбекке жооп

Атамбаевдин ата-бабалары тууралуу жазганыма асылган Азизбекке жооп

Бүгүн фейсбук баракчасына Азизбек Келдибеков деген азилчинин Атамбаевдин ата-бабаларына байланыштуу менин жазган макалама чала сабат жазган пикирин окуп жооп берип коюуну туура таптым. Себеби мындай пикирлерди соңку кездерде көп укчу болдум. Мындан ары уланаарына да бөркүмдөй ишенем.

Азике! Менин Атамбаевдин ата-бабалвры тууралуу жазган макаламы сабатсыз мээңден өткөрүп, чампалап жазган пикириңди окуп аргасыз күлүп гана койдум. Себеби азыркы коомдо сендей эптемейлер көбөйүп кетпедиби?!
Биринчиден, эгер азыр да Атамбаев бийлигин тапшырган соң, ар кандай айыптоолорго кабылып жаткан учурда да эгер анын ата-бабаларына тийешелүү изилдеп калсам, мурда кандай жазсам анын үтүрүн да алмаштырбай, нак мурдагыдай жазмакмын. Анткени ар бир изилдөөм ынанымдуу маалыматтарга гана негизделип жазылгандыгын баса белгилегим келет.

Экинчиден, мен бийликке жүгүнгөн, же коркуп бөжөңдөгөн адам эмесмин. Акаевдин убагында “Молдокасымовду физический жок кылгыла! Башына кирпич түшүргүлө!” деген коркунучтуу буюртма болгондо да корккон эмесмин! Андан кийинки бийликтин учурунда, болгондо да КТРКны башкарып турган учурда, Президенттик админстрациянын башчысы раматылык Медет Садыркулов: “Жок кылдырып салам! Көмдүрүп салам!” деп коркуткан учурларда алдына чөгөлөгөн эмесмин! Тескерисинче “Акаевдин үй-бүлөлүк корупциялык системасын кайрадан Бакиевдерге бышыктап бердиң, анын шорун эң биринчи өзүң тартасың!” – деп КТРдин жетекчилигинен жакшынакай кеткемин! Атамбаевдин учурунда да, азыр да илимий иш менен алек болуп келгенимди сен жакшы билбесең да коомчулук жакшы билет!

Үчүнчүдөн, менин макаламды окуган ар бир сабаттуу окурман жакшы билет, мен Шама Шералыны хан көтөрдү деп жазбаганымы, Алымбек датка менен тең ата болуп көтөрүлүш чыгарган дебегеними, Шама Полот хандын кол башчысы жана Абдылдабек менен үзөңгүлөш жүргөн деп жазбагандыгымды, Ал гана эмес Байтик баатыр менен тең ата болгон деп макалада келтирбегенимди! Тарыхты тактоону, изилдөөнү чала сабат сатира жазуу менен алмаштырбоо керек! Ага ынанбасаң акыл-эсиңди токтотуп кайрадан макаламды жакшылап окуп чык! Ал Полот хандын кол башчысынын баласы эмес экенин окуйсуң. Бул изилдөөм Атамбаевдин айрым жерлерде: “Менин чоң аталарым Полот хандын кол башчысы болгон” деп сүйлөгөнүн тактап көрөйүнчү дегенден башталган. Жана анын эч кандай тарыхый чындыгы жок экенин Алматынын архивинен табылган документтер тастыктагандан кийин уланган. Калгандарын чубалжытып кайра жазып отурбайын, ошол макаламды кайра окуп чыксаң далилдүү жоопту аласың! Ага мээң жетпесе, билим көрөңгөң тайыздык кылса билимдүүлөрдөн кеңеш сура! Атамбаев мага чейин эле жети атасын эмес андан аркысын жакшы билген, тарыхты урматтаган инсан экенин жакшы билем. Мен анын ата-бабасын тактап берген жокмун. Болгону айрым гана жагдайларын архивдик документтер менен бышыктап бердим!
Сага айтаар кеңешим акыл-парасатың, билим деңгээлиң жеткен иш менен алектенчи Азике! Дагы бир айтаарым Арашандагы, Чүйдөгү санжыраны мыкты билген аксакалдар: “Айтылуу Чынгыш баатыр көзү өтөөргө жакын урук-туугандарын жыйнап, кимде-ким Шаманын өзүн, анын урпактарын өгөйлөсө: “Менин арбагым урат!” деген өтө катуу керээз калтырганын азыркыга чейин айтып келишет. Чындыгында Шаманы Чүйгө алып келген Чынгыш баатыр жөн киши болбогонун көпчүлүк жакшы билет. Чынгыш баатырдын арбагын сыйлоо гана керек!

Kyias Moldokasymov

(макала автордун ФБдагы барагынан алынды).

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс