Среда , 19-Июнь 2019
Башкы бет / Жаңылыктар / Айдаганы беш эчки, ышкырыгы таш жарган айыл өкмөттөр

Айдаганы беш эчки, ышкырыгы таш жарган айыл өкмөттөр

Өлкөдө калкынын саны 5 миңге жетпеген 147 айыл өкмөт бар. Эң чакан айыл өкмөттүн калкынын саны 173 адам экен. Ушул 147 айыл өкмөттүн көбүнүн калкынын саны 1 миңден 3 миңге чейинкилер экенин расмий статистикадан алдым.

Эми салыштырып көрөлү: Аравандагы айыл өкмөттөрдүн калкынын саны дээрлик 9 миңден жогору, 25 миңге чейин экен.
Кара-Суунун Нариман, Шарк айыл өкмөттөрүндө 45 миңден адам бар.

17 миңге жетпеген адам менен Ноокат шаарын түзүп койгонбуз. Ошого жараша Ноокаттын 20 чакырым айланасындагы айылдарды бүт ошо шаарга кошуп койсок болбойт беле?

Өзгөндө болсо 58 миң калк бар экен. Ошол Өзгөнгө деле айланасындагы 20 чакырымдан алыс эмес айылдарды шаарга кошуп башкарта бербе болбойбу?
Шаардык администрацияга жанашып, айылдык администрация турат. Акчасы жок. Жолу оңдолбой, свети тартылбай саргарып жатат. Шаарда болсо базардын, соода жайлардын эсебинен бюджети байып, иши жүрүшүп жатат.

Союз учурунда мүлктүн баары өкмөттүкү болгондуктан, аны башкаруу үчүн колхоздорду курушкан. Азыркы айыл өкмөттөрдө эмне мүлк бар?

Эки ай мурун Кадам-Жайдагы Үч-Коргон айылына барганмын. Айыл өзүн өзу багалбай датацияда отурат экен. Айыл өкмөтү кызматтык машине катары акыркы үлгүдөгү тойотада жүрөт экен. Кайсыл акчага алгансыз десем, айыл өкмөт башчысы “ашкан акчага” -дейт. Эл алардан эмнени каалап атат да, алар эмне кылып атышат? Айылдын борборунда бир таштанды челеги жок, алардын акчасы ашып калат имиш.

Бизге Чиновник керекпи же инфраструктура керекпи?
Айылдык Кеңеши менен интрига ойногондон, элге справка бергенден колу бошобогон айыл өкмөттөрдүн кереги эмне?

Же ушинтип элди экиге бөлүп, жарымын чиновник кылып ишке алып, жарымын мигрант кылып сыртка кууп жиберип отура берелиби?

Баса, азыр мигранттардан келген акчалар ИДПнын 40%ын түзүп калды. Бул деген сөз Кыргызстандын калкынын жарымына жакыны Орусия, Казакстандан көз каранды дегенди билдирет.

Айрыкча Ош, Баткен Жалал-Абад облустары тышкы миграциядан көз каранды болуп жашап атат. Ушундай учурда казынанын каймагын жалкоо чиновниктерди бакканга коротуп отура беришибиз керекпи?

Кыскасы көп суур ийин казбай калды. Койчу көп болуп, кой арам өлүп жатат.

Облустук, райондук администрациялар статисикага маалымат даярдап, жогорудан келген катты ылдыйга, ылдыйдан келген катты жогоруга ыргытып отура берчү ортомчу органга гана айланып калганын акыры мойнубузга алышыбыз керек го.

Баса, өлкөдө 40 район, 31 шаар, 453 айыл өкмөт бар.

Бир айыл өкмөттүн аппаратын багуу үчүн казынадан жылына орточо 2 млн сомдон акча коротулат.
Эгерде 147 айыл өкмөттү кыкартса, жылына 294 млн сом үнөмдөлчүдөй.

294 млн сомго кандай иштерди бүтүрсө болот?
Силер кандай деп ойлойсуңар?

Ыдырыс Исаков.

(макала автордун ФБдагы барагынан алынды).

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс