Среда , 19-Июнь 2019
Башкы бет / Кыргызстан / Нуржигиттин түкүрүгү…

Нуржигиттин түкүрүгү…

Түкүрүк… түкүрүп… үшкүрүк…

Эми ушул үч бурчтук ишке ашыш керек. Түкүрүп… иштирап төлөп … анан үшкүрүп отуруп калыш керек ар бир кыргыз.
Кыргызды кыйнамайын, сартты саймайын, түрктү түртмөйүн билбейт дечү эле раматылык Токтош Танаев агай.
Ошол сыңары кыргызды кыйнамайын билбейт.
Муну «Ыйман» фондунун жетекчиси, чоң чечен, кыргызды чындап тургузгуч (тургузуп коюп качып кеткич эмес) жигит Нуржигит Кадырбеков илгери эле түшүнгөн экен. Япондун тарбиясын көрүп, япондордон ашыра китеп жазып салганы бекеринен эмес.
Нукем «Жүзүмө түкүрбө, мекендешим» деген акция өткөрүп, өлкөбүздү түрө кыдырган.
Көпчүлүк мыйыгынан күлгөн. Кээ бири көчүгү менен күлгөн бул акцияга.
Эми ошол жарандык коомдун идеясы бийлик тарабынан колдоо таап отурат.
Мен колдойм. Радикал кадамга барбасак болбойт ушул түкүрүк токтому сымал.
Дүйнөгө кыргыз көчөгө түкүрбөйт деген даңаза тараш керек.
Бул тыюу салуу канчалык иштейт, оңу кандай, солу кандай… бул турмуштук тажрыйба менен жышылып, оңдолуп, бирок иштеш керек.
Бали, Нуржигит жана анын нурлуу командасы! Демилгенин турмушка кандайча ашырылуусу боюнча кайра эле силерден кеңеш сурайбыз.

Ии, баса. Мамат Болот деген чоң табып, жазуучу агам «Түкүрүктү түкүрбөй ичке жутуу керек. Маазинин бары ошол жерде» – деп жүрчү эле. Удулу келсе, ал кишинин бул тууралуу кызык маегин сунуштайм. Биринчи табайынчы ал апендини… Бир аз тыйын кылайын ага жолугуу үчүн.
3 литр таза сок көтөрүп барсаң, от души сүйлөп берет о киши…

Нургазы Мусаев.

(макала автордун ФБдагы барагынан алынды).

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс