Четверг , 17-Январь 2019
Башкы бет / Жаңылыктар / Исламы жок, бирок мусулманча жашаган өлкөлөр бар

Исламы жок, бирок мусулманча жашаган өлкөлөр бар

Исламы бар, бирок мусулманчылыгы жок өлкөлөр бар дегенге ишенип-ишене албай жүрөт элем. Кыргыз баланы асырап алган француз аялдын адамкерчилигине суктанбас мусулман болбос. Бир аял кыргыз деген бир элдин алдында бүтүндөй француз элин асманга көтөрүп, миң дипломат жасай алгыс ишти жасап койду.

Бул сөзгө мусулманчылыкты кошуп жатканыбыздын олуттуу себеби бар. Кыргыздар бала багып алса эле аны биротоло менчиктеп, өз ата-энесинен качырып, баладагы алар тууралуу эс-тутумду биротоло өчүрүүгө аракет кылат. Мына ушунун өзү мусулманчылык эмес. Жараткан Кудайдан Мухаммед алейсаламга атайын аян келип, асыранды балдарды өз атасынын атын кошуп атагыла деген буйрук түшөт. Ошондон баштап мусулмандардын баары баккан балдарынын ата тегин ачык айтып, анын ичинде Пайгамбар алейсаламдын өзү да Сабаит аттуу баккан баласын өз атасынын аты менен – Сабит ибн Зайд деп атоого өткөн.
Кыргыз турмушунда деле ата-теги жашырылып багылган баланын кайрымдуу болгону, бир балээси чыкпаганы жокко эсе. Элдик оозеки адабиятта болсо асыранды балдардын баары терс каарман.
Ата-теги ачык айтылып багылган бала, анын тетирисинче, баккан ата-эненин өз балдарынан артык таянычы болгонун көп эле көрүп жүрөбүз. Айрыкча жетим экени ачык айтылып асыралган балдар өзгөчө кайрымдуу болот. Асырандыны айылчы катын чыгарат деп коёт кыргыз. Ал акыры бир күнү чыгат. Чыкканда да бала үчүн өтө оор болуп чыгышы мүмкүн. Ошондуктан, баланы ачык эле айтып баккандан өтөөрү жок. Мусулманчылык да ошону талап кылат.
Ал эми бизге чыныгы боордош болуп калган француз айым баккан кыргыз теги эки жактагы туугандарынын баарынын кадырына жетип, эки элдин ортосундагы орток жылдыз болушун Кудайдан тилейбиз.

Бейшенбек Бекешов

(макала автордун ФБдагы барагынан алынды, фотосу интернеттен алынды).

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс