Четверг , 17-Январь 2019
Башкы бет / Жаңылыктар / Түркиянын элчиси Женгиз Камил Фырат депутат А. Баатырбеков менен эки тараптуу кызматташтыкты талкуулады

Түркиянын элчиси Женгиз Камил Фырат депутат А. Баатырбеков менен эки тараптуу кызматташтыкты талкуулады

Жогорку Кеӊештин «Кыргызстан» фракциясынын лидери Алмазбек Баатырбеков  26-декабрда Түркиянын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Женгиз Камил Фыратты кабыл алып, эки тараптуу кызматташтык мамилелер жаатында пикир алышты.

Депутат Алмазбек Баатырбеков элчини алдыдагы Жаӊы жыл майрамы менен куттуктап, жыл тогошкон учурда кыргыз-түрк кызматташтыгынын, анын ичинде парламенттер аралык мамилелердин азыркы абалы менен анын келечеги жаатында пикир алышып жатканы үчүн ыраазычылык билдирди. «Баарыдан мурда, быйыл кыргыз-түрк кызматташтыгы жаӊы баскычка көтөрүлгөнүн, келерки жылы дагы мындай эки тараптуу мамилелер ийгиликтүү улана турганын баса белгилей кетким келет. Ага Жогорку Кеӊештин Төрагасынын Түркияга жасаган иш сапарынын ийгиликтүү өткөнүн мисал келтирсек болот», – деп, ал азыр кыргыз парламентинин келерки жылга карата иш-пландары такталып жатканын кошумчалады.

Элчи Женгиз Камил Фырат 2019-жылы Ош шаары жалпы түрк дүйнөсүнүн маданий борбору катары жарыяланганын эске салып, алдыдагы жылы дагы далай жакшы жагына өзгөрлүүлөр боло турганын билдирди. «Азыркы учурда Кыргызстандын аймактарына барып, жергиликтүү бийлик жетекчилери менен бирге бир катар өнүктүрүү долбоорлорун ишке ашыруу чараларын тактап жатабыз. Мында жаӊы мектептерди, бала бакчаларды, ооруканаларды куруу сындуу социалдык багыттагы долбоорлорго өзгөчө басым жасалууда. Андан тышкары, Ат-Башы эркин экономикалык аймагын куруу сындуу ири долбоорлор да бар. Алар аймактардын экономикалык жана маданий жактан өнүгүүсүнө өбөлгө түзөрү бышык», – деди ал.

Алмазбек Баатырбеков 2019-жылдын республикалык бюджети кабыл алынганын, башка жылдарга салыштырмалуу, бюджет тартыштыгы кыскартылганын белгиледи. «Албетте, бюджет таӊсыктыгы бир аз болсо дагы азайды, бирок дагы да чыгымдарыбыз көп бойдон калууда. Айрыкча, социалдык тармак боюнча чыгымдарыбыз арбын, каражат жетишсиз. Ошондуктан, Түркиянын социалдык тармакка инвестиция салуу аракети колдоого арзыйт», – деди ал.

Андан тышкары, тараптар парламенттер аралык алакаларды арттыруу, өз ара байланыштарды жаӊы форматка өткөрүү, кыргыз жана түрк парламенттеринин депутаттык достук топторунун ишин жандыруу, жаатында да өз ара пикир алышты.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс