Пятница , 22-Март 2019
Башкы бет / Без рубрики / Ирандын Кыргызстандагы элчиси “Ата-Бейитте” болуп, Ч. Айтматовдун мүрзөсүнө гүлчамбар койду

Ирандын Кыргызстандагы элчиси “Ата-Бейитте” болуп, Ч. Айтматовдун мүрзөсүнө гүлчамбар койду

Категория: Башкы жаңылыктар – Published: 29/12 – 14:40

Бишкек, 29-декабрь, 2018-жыл. /ca-irnews.com/.  28-декабрда Иран Ислам Республикасынын Кыргызстандагы Толук жана Ыйгарым укуктуу элчиси Али Можтаба Рузбехани баштаган дипломатиялык өкүлчүлүктүн кызматкерлери “Ата-Бейит” мемориалдык комплексинде болушту.

Бул иш чара кыргыз элинин залкар жазуучусу, дүйнөлүк деңгээлдеги ойчул, гуманист Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата уюштурулду. Ага Ирандын Кыргызстандагы элчилигинин кызматкерлери үй-бүлөлөрү менен чогуу катышышты.

Ирандык дипломаттарды Ч. Айтматовдун бир тууган карындашы Роза Айтматова жана А. Осмонов атындагы кыргыз улуттук китепканасынын директору Жылдыз Бакашова коштоп жүрүштү. Алгач Ч. Айтматовдун сөөгү коюлган “Ата – Бейит” мемориалдык комплексинде залкар жазуучунун арбагына багышталып куран окулду жана гүлчамбар коюлду.

Алгач сөз сүйлөгөн Ирандын элчиси А. Рузбехани алгач Кыргызстан тууралуу өз өлкөсүнүн Россиядагы элчилиги жайгашкан Москва шаарында иштеп жүргөндө Чыңгыз Айтматов жана анын чыгармалары аркылуу билгендигин айтты. «Мен алгач Ч. Айтматовдун “Ак кеме” повестин 1990-жылы Москвадан сатып алып, окуган болчумун. Бул чыгарма аркылуу мен бир гана Кыргызстан, кыргыз эли тууралуу гана эмес, Ала Тоонун бейиштин төрүндөй  керемет жер  экендиги тууралуу билгем”,- деп, андан ары өз сөзүндө буларга токтолду: «Иранда  Ч. Айтматовду жакшы билишет. Себеби кыргыздын залкар жазуучусунун көпчүлүк чыгармалары перс тилине которулган».

Андан соң Р. Айтматова конокторго өзүнүн атасы Төрөкул Айтматов жана анын кыйын тагдыры тууралуу айтып берди. «Менин атам Төрөкул жаңыдан түзүлгөн Кыргыз АССРинин жетекчилеринин бири болгон. Ал өз мекенин өтө сүйчү жана мамлекет катары калыптануусуна көп салым кошкон. Бирок 1937-жылдан соң атамды эл душманы катары камакка алышып, тагдыры дайынсыз болуп кеткенде биздин үй-бүлө көп кыйынчылыктарды баштан өткөрдүк. Ал тургай бизди «эл душманынын баласы» деп аташып, мектепке, жогорку окуу жайларына албай коюшкан. Атам бизди поюз менен киндик каныбыз тамган Таластын Шекер айылына Москвадан жөнөтүп жиберген болчу. Бизге атамдын туугандары колдон келишинче жардам берип турушту. Анткен менен ушундай кыйынчылыктар менен тоскоолдуктарга карабастан, агам Чыңгыз жакшы окуп, алгач техникумга тапшырып, зоотехник адистигине ээ болду жана эки жыл зоотехник болуп иштеди. Андан соң алгачкы аңгемелерин жаза баштап, кийин Москвадагы М. Ломоносов атындагы адабий институтка тапшырып, дүйнөлүк адабиятка аралашып кеткендигин жакшы билсеңиздер керек…»,- деди.

Ирандык дипломаттардын кийинки сапары «Ала-Арча» резиденциясындагы Ч. Айтматовдун үй-музейинде уланды. Аларды жазуучунун уулу Эльдар Айтматов тосуп алып, дүйнөлүк деңгээлдеги жазуучунун жашаган бөлмөлөрүнө толтура жайгаштырылган сыйлыктары менен сүрөттөрүн тааныштырды. Элчи А. Рузбехани Э. Айтматов аркылуу дагы бир ирет залкар жазуучунун чыгармачылыгына таазим кылып, 90 жылдыгы менен куттуктады жана иран элинин баалуу белектерин музейге эстелик катары тапшырды.

Иш чаранын соңу жылуу маанайда аяктап, ирандык коноктор аябай ыраазы болушту жана бейиштин төрүндөй болгон Кыргызстанда убактылуу болсо да жашап, кыргыз эли менен баарлашкандыктарына чексиз кубанычта экендиктерин билдиришти.

Эмилбек Момунов.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс