Среда , 19-Июнь 2019
Башкы бет / Жаңылыктар / Ирандык ишкер Ж. Наиби: “Кыргызстанды рынок катары эмес, экономикалык өнөктөш катары карайбыз”

Ирандык ишкер Ж. Наиби: “Кыргызстанды рынок катары эмес, экономикалык өнөктөш катары карайбыз”

Категория: Интервью – Published: 27/12 – 11:11

Иран Ислам Республикасынын бизнеси Кыргызстандын өнөр-жайына салым кошууга даяр жана ага абдан кызыкдар.

Бул тууралуу “CA-IrNews” маалымат агенттигине Ирандын өнөр жай бирикмесинин мүчөсү, ишкер Жалил Наиби билдирди.
Жалил Наиби  декабрь айында Бишкекте өткөрүлгөн Иран товарларынын “ Ирандын Кыргызстандагы соода үйү” көргөзмөсүнүн уюштуруучуларынын бири болуп саналат.
Ошондуктан аталган агенттик менен болгон маекте алгач көргөзмө тууралуу кеп козголду:

–  Жалил мырза, бул көргөзмөнүн максаты эмне?

–  Декабрь айында Бишкек шаарында башталган жана бир жыл боюу улана турган Иран көргөзмөсүнүн максаты – кыргызстандыктарга биздин өндүрүмдөрдү жана технологияларды жөн эле көрсөтүү жана сатуу эмес. Биринчи кезекте, биз бул жерде өндүрүш жана биргелешкен өнөктөштүктөрдү түзүү үчүн салым кошууну көздөп жатабыз. Ирандык ишкерлер биргелешкен ишканаларды түзүү үчүн демөөрчүлүк кылууга даяр. Биз Кыргызстанды рынок катары карабайбыз. Бизге өздөрүнүн бизнесин өнүктүрүү менен бирге өлкөнүн өнүгүшүнө кызыкдар болгон узак мөөнөттүү шериктештер керек.

–  Кыргызстанда бул көргөзмөнүн демилгечиси жана уюштуруучусу ким?

–  Бул көргөзмө соода-экономикалык коридордун алкагында, Иран Президентинин аппаратынын колдоосу менен өткөрүлүп жатат. Биз анда азык-түлүк, химиялык, айыл чарба товарларын, курулуш материалдарын эле эмес, нанотехнология тармагыбызды дагы көргөзүүгө аракет кылдык. Биз кепилдиктер жана коопсуздук менен камсыздай турган өлкөнүн өкмөтүнүн колдоосу болсо, кыргыз ишкерлери менен түздөн-түз иштешүүнү каалайт элек.

–  Сиздин көз карашыңыз боюнча кыргыз-иран экономикалык мамилелерин өнүктүрүү үчүн Кыргызстанда кайсыл тармак артыкчылыктуу жана келечектүү?

–  Биз айыл- чарба тармагынан тартып нанотехнологияга чейин ар кандай тармактарда өндүрүштөр үчүн технологияларыбызды алып келүүгө даярбыз. Бирок, мен бул өлкөдө айыл–чарба жана тамак-аш өнөр жайы тармагын өнүктүрүү үчүн абдан жакшы шарттар бар экенин байкадым. Жергиликтүү калкта дагы ушул тармакта кызматташууга кызыккандар көп экен. Ал эми бизде бул тармакта жергиликтүү дыйкандарга жана ишкерлерге сунуштай турган көп нерсе бар. Биз Ирандан даяр азыктарды ташуудан көрө, бул жерде өндүрүш түзүүгө көбүрөөк кызыкдар экенибизди дагы бир жолу баса белгилеп кетким келет. Эмне үчүн дегенде, бул жерде сапаты жакшы чийки заттар бар, бирок, технология жок. Мисалы, био-жер семирткичтердин жаңы түрүн өндүрүү үчүн жер, чийки заттар, өндүрүш жабдуулары жана технологиялар керек. Сиздерде биринчи жана экинчи компоненттер бар, ал эми Иран компаниясы жабдууларды сатып алуу, орнотуу жана өндүрүш объектисин жабдуу үчүн 500 миң долларга чейин каражат бөлүүгө даяр.

–  Эмне үчүн сиздер Кыргызстан менен тыгыз экономикалык кызматташтыкты түзүүгө эми чечим кабыл алдыныздар?

–  Борбордук Азия өлкөлөрү менен экономикалык өнөктөштүк мамилелерди түзүү ар дайым биздин пландарда болуп келген. Атап айтканда, Тажикстан жана Өзбекстанда ар түрдүү тармактарда биргелешкен ишканаларыбыз бар. “Ирандын Кыргызстандагы соода үйү” долбоору толугу менен ишке ашпаган күндө дагы биз ишибизди уланта беребиз, анткени бизде Кыргызстан аркылуу  Орусияга чыгуу планы дагы бар.

Материалды даярдаган Азиз Пиримкулов.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс