Пятница , 22-Март 2019
Башкы бет / Аналитика / Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы тазаланмайын, нефти уурдаган кылмышкерлер кармалбашы айдан ачык

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы тазаланмайын, нефти уурдаган кылмышкерлер кармалбашы айдан ачык

Уурусу күч болсо, ээси доого жыгылабы?

Азыркы учурда «Кыргызнефтегаз» ачык акционердик коому нефть жана газды өндүрүү көлөмүн көбөйтүү үчүн тиешелүү иш чараларды жүргүзүүдө.

Эгерде 2016-жылы 94,4 миң тонна нефти өндүрүлгөн болсо, 2017-жылы бул көрсөткүч 102,7 миң тоннаны түзгөн. Ал эми ушул жылы 125 миң тоннадан ашуун нефти өндүрүүнү пландаштыруудабыз, башкача айтканда 2016-жылга салыштырмалуу 132%га көбөйтүүгө аракеттенүүдөбүз.

Ошону менен бирге Президент Сооронбай Шариповичтин коррупцияга жана уурулукка каршы катаал күрөш жүргүзүү аракеттерин колдоп, биз тараптан да алыбыздан келген иш чаралар аткарылууда.

ИИМдин жана Финансы полициясынын ардагери жана ушул кызматтын полковниги катары өзүмдүн кесиптештеримдин үстүнөн кайрылуу мен үчүн моралдык жактан абдан оор аракет болууда. Эгерде бул мамлекеттик кызматчылар өз иштерин таза жана жанаябастык менен жүргүзүшкөндө, мен ММКга жана жогорку бийлик өкүлдөрүнө кайрылбайт элем

Бирок, жергиликтүү ички иштер кызматтары биздин ишканада болгон нефтини уурдоо фактыларын аныктап-тактап, ууруларды кармабастан, тескерисинче, өз күчүбүз менен ууру- кылмышкерлерди кармайбыз деген аракеттерибизге бут тосушууда.

Атап айтканда, ушул жылдын сентябрь айынын башында Кочкор-Атадан Жалал-Абад шаарына узундугу 64 кмди түзгөн нефтини сүрүүчү труба түтүкчөсүнөн нефтини айдаган учурда ар айдаган учурда 15-20 тонна нефти жоголуп, Жалал-Абадтагы заводко жетпей калып жатты. Биринчи эле жоголуудан кийин «Кыргызнефтегаздын» жетекчилиги тарабынан ишкананын коопсуздук кызматынын өкүлдөрү жана коом өкүлдөрүнүн катышуусу менен иликтөө уюмдары түзүлүп, нефтинин уурдалган жайларын жана ууруларды кармоо үчүн оперативдүү иш аракеттер башталган. Иликтөө уюмдарды жетектөө жагы мага, тагыраак айтканда «Кыргыз Петролеум Компани» ишканасынын Коопсуздук кызматынын башчысына жүктөлгөн. Бизде уурулар милиция менен тыгыз байланышта экен деген маалымат болгон, ошондуктан биз уурулук фактылары боюнча укук коргоо кызматтарына кайрылган эмеспиз. Буга чейин 2017-жылдын сентябрында жана 2018-жылдын январь айларында Сузак РИИБине нефти түтүкчөдөн уурдоо максатында мыйзамсыз жашыруун орноштурулган түтүктөрдү таап алгандыгыбыз жөнүндө кайрылганбыз. Бирок ууруларды кармоо боюнча эч кандай оперативдик-иликтөө чаралар аткарылган жок. Ошондой эле биз ууруларды күнү-түнү аңдып жүргөнүбүздө, милиция кызматкерлери тарабынан биздин кызматкерлердин артынан аңдуу жүргүзүлүп, бардык кыймыл аракетибиз ууруларга жеткирилип турган. Буга карабастан ушул жылдын 8-ноябрынан 9-ноябрга караган түнү биздин кызматкерлер ууруларды нефтини уурдап жаткан жеринен басып калышкан. Бирок эки ууру нефти куюлган автоунаасын таштап качып кетишкен. Автоунаага 2500 кг нефти куюлган экен (биздин оюбуз боюнча ууруларда бир нече автоунаа болгон). Ошол учурда бир жарым айда жалпысы менен 7 млн 600 миң сомдук болгон 355 тонна нефти уурдалган болчу.

Арадан 5 минут убакыт өтпөй, ал жер айылдардан алыс адам жок, караңгы ээн талаада болгонуна карабай, ал жерге Расулов Ширин аттуу ОИИБнин оперативдик кызматкери келип калган. Ал кызматкер жакын жерде байкап турган экен деп эсептейм. Ошол эле заматта биз тараптан 300 тонна нефти уурдалгандыгы жөнүндө ОИИБнин жетекчиси К.Жолдошевге кабар берилген.

«Кыргызнефтегаз» ААКсы КР Өкмөтүнун 17-февраль 2014-жылкы №99 токтому менен стратегиялык объект болуп эсептелгендигине байланыштуу жана ошондой эле 355 тонна нефти биздин мамлекет үчүн ири өлчөмдөгү стратегиялык сырьену жоготуу экенин эске алып ОИИБнин башчысы оперативдүү түрдө тиешелүү чараларды көрүш керек болчу. Бардык күчтү көтөруп (тревога), кылмышкерлер мурда уурдаган нефтилерди жок кылбаш үчүн керектүү жолдорду жаап, ачык жана жашыруун күчтөрдү иштетиш керек эле. Тилекке каршы, андай иш чаралар жүргүзүлгөн жок. Анын ордуна Сузак РИИБнин тергөө-оперативдик тобу окуя болгон жерге келип, формалдуу түрдө чараларды жүргүзүп кетишкен. Натыйжада кылмышкерлер менен тыгыз байланышта болгон милиция кызматкерлери иликтөө иштерин жүргүзүп жаткан милиция кызматкерлеринен керектүү маалыматтарды алып, ууруларга качып кетүүгө жардам беришкен. Ошол эле учурда ОИИБнин жетекчилиги өздөрүнүн аракетсиздигин жаап-жашыруу үчүн ички иштер министрине туура эмес маалыматтарды берүүдө.

Окуянын эртеси күнү оперативдүү кызматкерлер кармалган автоунаанын ээсине формалдуу түрдө сурамжылоо жүргүзүшкөндө, ал автоунааны белгисиз адамдарга сатып жибергенин айтып берген. Милиция кызматкерлери ошол «белгисиз» адамдарды издеп жүрө беришкен. Менин талап кылуум менен гана мени менен бирге барышып автоунаанын ээсин Сузак РИИБне алып келишип тактап сурашканда уурулукка тиешелүү болуп Бек-Абад айылынын тургундары, 1965-жылы туулган Дехканбаев Абдилазиз жана 1982-жылы туулган Хайтбаев Абдурахман экендери аныкталган. Кылмышкерлердин өздүктөрү аныкталгандан кийин да төрт күн бою тиешелүү иликтөө иштери жүргүзүлгөн эмес. Натыйжада мен массалык маалымат каражаттарына кайрылууга мажбур болгом. Ошондон кийин Ички иштер министри бул ишти өз көзөмөлүнө алып, борбордук аппаратынан кызматкерлерди жиберип, алар тараптан оперативдик иликтөө иштери активдүү жүргүзүлгөн, бирок убакыт өтүп кеткендигине байланыштуу тиешелүү буюм, далил заттар жок кылынып, ал эми уурулар изин жашырып качып кетишкен. Кылмыш аныкталгандан кийин милиция кызматкерлери мен айтып турсам да керектүү, шашылыш ыкчам иштерди аткарышпады. Бир нерсе айтсаң жаман көргөндөй мамиле кылышат. УВДнын тергөөчүсү Н.Эркуловго телефон чалып, уурулардан кабар барбы?- десем, ал мени менен тыгыз иштөөнүн ордуна мага “Экинчи чалбаңыз, кармалганда өзүм чалам” дейт. Мен убагында өлкөдөгү эң чоң экономикалык кылмыштардын бетин ачып (Таш-Көмүр нефтебазасы, Чаткал делосу, түштүк боюнча тамеки даярдоодогу жана башкалар), түзүлгөн ыкчам-тергөө топторун жетектеп, ар бир иш боюнча жүздөгөн кылмышкерлерди жоопко тартып, өзгөчө чоң өлчөмдөгү чыгымдарды мамлекетке кайтарганбыз.

Ниязалиев Мирланды өз учурунда ОИИБнин мурдагы жетекчилиги тарабынан кылмышкерлер менен мамилеси бар деген негиз менен  Жалал-Абад ШИИБинин башчысынын орун басары кызматынан бошотуп салган. Себеби, 2017-жылдын сентябрь айында ОИИБинин тергөө бөлүмү тарабынан «Кыргыз Петролеум Компани» жабык акционердик коомунун мурдагы президенти Касымбеков Динмухаммедтин (Дима) үстүнөн ал тараптан ушул эле ишкананы президентинин милдетин убактылуу аткарып жаткан Энназаров Эрмектин үйүнө түнкү саат 2де бир топ шериктери менен келип, «Ош-аудит» аудитордук мекемеси тарабынан текшерүүнүн жыйынтыгы менен өзгөчө чоң суммада финансалык кылмыштар болгондугу жөнүндө жазылган актысына кол коюп бергендиги үчүн аны өлтүрөбүз деп коркутушуп, уруп сабашып, өздөрү тарабынан даярдалган эч кандай финансылык укук бузуучулук аныкталган эмес деген жалган актыга кол койдурушкандыгы боюнча №37-17-64 сандуу кылмыш иши козголгон. Козголгон кылмыш иштин негизинде ОИИБнин кызматкерлери Д.Касымбековду кармап камакка алууга аракет жасашканда анын жакын досу, Жалал-Абад ШИИБинин жетекчисинин орун басары Ниязалиев Мирлан Д.Касымбековго аны кармоо аракети даярдалып жаткандыгы жөнүндө эскертип койгон. Ошондон пайдаланып Д.Касымбеков изин жаап-жашырып качып кетип, ага карата издөө жарыяланган. Д.Касымбековдун жашынып качып кеткендигине салым кошкон Ниязалиев Мирланды ошол себептен ОИИБинин мурдагы жетекчилиги жумуштан кетирген болчу. Бирок, белгисиз себептер менен, бир аз убакыт өткөндөн кийин Ниязалиев Мирлан тескерисинче кызматынан жогорулап, ОИИБинин криминалдык милиция кызматынын башчысы болуп дайындалып калды.

Азыркы учурда ОИИБинин (УВД) кызматкерлери Ниязалиев Мирландын башчылыгы менен нефтинин ууруларын жаап жашырып жатышат деп айта алам. Ошону менен бирге Ниязалиев Мирлан, анын досу Д.Касымбеков, Касымбековдун таекеси Камбаров Санжар (Жаныш Бакиевтин кол баласы), «Кыргызнефтегаздын» 1 млн 288 миң сом акчасын алдоо жолу менен сиңирип алып, мурда үч жолу соттолгон, азыр төртүнчү жолу соттолуп жаткан Нишанкулов Абдилмурат, «Ата-Мекен» партиясынын координатору Артыков Кубат (анын баласы мекемеден нефть уурдоого шектүү катары иштен бошотулган) интернеттин Фэйсбук баракчасында Сапарбеков Саматтын аты менен ууруларды биз өзүбүз «Кыргызнефтегаз» ишканасынын жетекчисинин буйругу менен тапканыбызга карабай мени 300 тонна нефтини өзү уурдаган деген жалган-жалаа менен чыгып жатышкандыгына күбө болуп отурабыз. Ошондой эле алардын интернеттеги кайрылуусунда «Кыргызнефтегаздын» жумушчулары майзамсыз жана негизсиз иштен айдалып жатышат деп мыйзамсыз митингдерди уюштурушуп, жергиликтүү калктын арасында кырдаалды курчутууга аракеттерди кылышууда деп эсептеймин. Нефтинин уурдалышын аныктап, ууруларды кармоого аракет кылгандыгым үчүн, тескерисинче ал уурулукту мага оодарганга аракет кылышууда. Бул боюнча күнөөлүүлөрдү КРнын кылмыш кодексинин 127-беренесинин 3-бөлүгү менен (адамды оор кылмыш менен айыптоо) жоопко тартуу зарыл деп эсептейм.

Ал эми «Кайырма» нефтини айдап берүүчү станциясынын беш кызматкери 6000 литрден ашык нефтини жашырып, уурдоого аракет жасашкандыгы үчүн жумуштан бошотулушуп, алардын үстүнөн тиешелүү материалдар ОИИБге КРнын кылмыш кодексинин 27, 28 -164-беренелери менен жоопко тартуу үчүн өткөрүлүп берилген.

Өтө өкүнүчтүүсү, Жалал-Абад ОИИБнин тиешелүү жетекчилерин кызматтарынан бошотмоюнча, жогоруда аталган кылмыштарга тиешелүү кылмышкерлер кармалбашы айдан ачык болуп турууда.

Р.Сулайманов,

“Кыргызнефтегаз” ААКна караштуу Жалал-Абад шаарындагы нефтини кайра иштетүүчү заводунун коопсуздук кызматынын жетекчиси.

“Жаңы Ордо” гезити. №41 (614),  21-декабрь, 2018-жыл.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс