Среда , 19-Июнь 2019
Башкы бет / Жаңылыктар / «АК ЭШЕНГЕ КОЛ БЕРГЕНСИП»…

«АК ЭШЕНГЕ КОЛ БЕРГЕНСИП»…

Текебаевдин алтымыш жашка чыкканы кыргыз саясатчыларынын анык жүзүн көрсөтүп койду.Башкалар кандай ойлосо өз эрки, мага «опоз» «попоздору» чогуу эле ак эшенге кол берип,этегин өпкөн караңгы бай манаптар элестеп кетти. 2010-жылдагы окуялардын уюштуруучуларынын бири, жалпы журтка «Текемыйзам» «Ханститутция» аты менен белгилүү Баш мыйзамдын «атасы,апасы» болгон саясатчынын кыргызга кылган жакшылыгы –бүгүнкү «бардак»! Акчалуу шылуундар чогулган партиялык-басмачылык топтор парламентке шайланат калган эл шайлоочу болсун,парламенттен орун алган партиялар мамлекеттик кызматтарга өз кишилерин дайындайт,депутаттардын саны 120-деп баш мыйзам аттууга бадырайта жаздырып койгон ушул Теке эле го.Айткылачы 8 жылдан бери кыргыз элине кайсы жыргалды куруп беришти? Партиялар элди добуш сатууга мажбурлашты. АША-ажо биометриканы колдонуп каалаган партиясын өткөргөнү белгилүү.Парламентке,мамлекеттик кызматка чала сабаттар «сүйрөп» келүү жолу менен толду.Коррупциянын кору парламент өзү болуп турбайбы! УКМК,прокуратура,ИИМ,сот колундагы президент парламентке каалаганын жасатты.Байлар байлыгын коргош үчүн мандат сатып алышты.Коркот. (ТЭЦ менен кытай компаниясынын келишимин жарым саата үч окуудан өткөзүп) Депутаттар Икрам Илмияндын астында титиреп тургандары жалганбы.Текенин мыйзамы эч нерсеге жарабай,бир эле президент башкарып келбеди беле.
Батыштан көчүргөн мыйзам кыргызга иштебей эле илдет болуп берди.Бирок байларга ушул зарыл.Теке автор болгон мыйзам зарыл.Чыгарып алып эл жек көрүп турган мыйзамды корготушат. Карапайым калың эл байкадыңарбы Теке кимдерге керек экенин.
Ажо башы менен сот кылмышкер деп таап,Кыргыз Республикасынын атынан өкүм чыгарып жазалаган кишини телефон менен куттуктаганы- билимсиздиги,кул мүнөз жетесиздиги,Кыргыздын алтын тагын кор туткандыгы!
Керимбаев Кадырбек.
(макала фотосу менен автордун ФБдагы барагынан алынды).
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс