Четверг , 17-Январь 2019
Башкы бет / Дүйнө / Бишкекте ирандыктар “Шаб-е Ялда” майрамын белгилешти

Бишкекте ирандыктар “Шаб-е Ялда” майрамын белгилешти

Категория: Башкы жаңылыктар – Published: 22/12 – 17:52

21-декабрда А. Осмонов атындагы кыргыз улуттук китепканасында Кыргызстандагы иран диаспорасынын өкүлдөрү жылдын эң узак түнү болуп саналган 21-декабрда “Шаб-е Ялда” (Кыш чилдесинин кириши) майрамын белгилешти.

Бул иш чарага “СА-IrNews” агенттигинин журналисттери да катышышып, иран ашканасынын даамдарынан ооз тийип кайтышты.

Перс элинде күндүн кыскаруусу эң жогорку чегине жетип, андан соң акырындык менен күн узара баштаган бул түндү майрамдоо салты байыркы мезгилге барып такалат. Адатта бул кечени ирандыктар үй-бүлөсү жана туугандары менен белгилешет.

Ал тургай перстерде бул түнү уктабаш керек деген ишеним бар. Анткени кокус уктап калсаң, үйгө кыштын каардуу күчтөрү кирип алып, ошол кыш ал үйгө суук менен жамандыктарды алып келиши мүмкүн. Таң атканча кыштын бул эң узак түнүн кыскартуу үчүн үй-бүлөнүн улуу курактагы мүчөлөрү балдары менен неберелерине байыркы перс жомоктору менен уламыштарын айтып беришет. Мындан тышкары улуттук музыкалык аспаптарды чертип, ырдоо жана бийлөө да салтта бар. Жанга жагымдуу музыка жана уккулуктуу ыр алардын баардыгынын жан дүйнөсүнө ырахат тартуулоо менен өткөн-кеткен таарынычтарын да унутууга жардам берет.

Жогоруда белгиленгендей, Кыргызстандагы ирандык диаспорасынын бул майрамдык салтанаты А. Осмонов атындагы улуттук китепканада Иран Ислам Республикасынын Кыргызстандагы элчилигине караштуу Маданий өкүлчүлүктүн колдоосунда өттү.

Иш чаранын башталышында алгач куттуктоо сөзүн сүйлөгөн Ирандын Кыргызстандагы Толук жана Ыйгарым укуктуу элчиси Али Можтаба Рузбехани конокторду майрамы менен куттуктап, ата-бабалардан бери келаткан салтты белгилеп жатышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирди. “Шаб-е Ялда” түнүнүн терең символикалуу мааниси бар. Анткени бул түндөн кийин күн узара баштайт. Демек, күн санап күндүн нуру көбүрөөк тийип, жылуулук келе баштайт.

Ар бир адамдын улуту менен ишенимине карабастан “жарык” деген сөз адилеттүүлүк, сүйүү жана кеңпейилдүүлүк сыяктуу идея менен тыгыз байланышкандыгынан күмөнүм жок. Андыктан биздин майрамыбыз ар бир адамга жакын жана улуттар аралык мааниге ээ”,- деди элчи өз сөзүндө.

Дипломат ошондой эле “Шаб-е Ялданы” майрамдоо салты Ирандан башка да элдерде бар экендигин белгиледи. Мисалы, бул майрам байыркы мезгилдерден тартып эле Афганистан, Тажикстан, Пакистан жана Түркия элдеринде кеңири тараган жана сүйүктүү иш чара болуп саналат. Айтсак, Ирандан өтө алыс аймакта жайгашкан Түндүк Кипр аймагында жашаган элдерде да эң узак түн улуттук майрам болуп саналарына таң калгандыгын жашырган жок. Өз кезегинде кыргыздар да бул календарлык датаны билишет жана “Кыш чилденин кириши” деп аташат”,- деп кошумчалады элчи.

Бул майрамдын ардактуу конокторунун бири Кыргыз Республикасынын Эл артисти, элдик ырлар менен музыкалардын аткаруучусу, кыргыз тилинде таза сүйлөп, кыргыздардын каада-салтын жакшы билген Юрий Бобков болду. Ал конокторго кыргыз тилинде ырдап да берип, андан соң өзүнүн автордук долбооруна Кыргызстанда жашаган баардык 80 улуттардын өкүлдөрү, 20 этникалык диаспоралар катышарын айтты. Өз кезегинде Иран элинин улуттук ырларын да кыргызстандык телекөрүүчүлөргө тартуулай тургандыгын, ал тургай фарси тилин үйрөнүүгө даяр экендигин кошумчалады.

Салатантка ошондой эле Бишкек шаарындагы №2, 28, 31 мектептердин балдар чыгармачылык жамааты, Бишкек гуманитардык университетинин студенттери, Аятолла Хомейни атындагы мектеп-гимназиянын окуучулзары катышышты.з Алзар конокторго өздөрүнүн чыгармаларын кыргыз жана фарси тилдеринде аткарып беришти. Ал эми студенттер болсо иран, тажик жана кыргыз улуттук жомокторунун негизинде чакан театралдык номер аткарышты. Кеченин соңунда өз өнөрлөрүн тартуулаган окуучулар менен студенттер сыйланып, эстелик белектерди алышты.

Майрамдык салтанат перс ашканасынын даамдарынан ооз тийүү менен аяктады.

Материалды даярдаган: Андрей Токомбаев.

Фотосу:  Азиз Пиримкуловдуку.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс