Среда , 19-Июнь 2019
Башкы бет / Аналитика / ЖАЗУУЧУ ЖАНА ЧЫГАРМАЧЫЛЫК ЧЫНЫГЫ БАКЫТ

ЖАЗУУЧУ ЖАНА ЧЫГАРМАЧЫЛЫК ЧЫНЫГЫ БАКЫТ

Пикир

Учурдагы адабиятыбыз кыйла убакытка созулган кризистен ойгонуп, аз-аздан болсо да, кайрадан жандана баштагандыгын, өтө сейрек болсо да, өз алдынча адабий жаңылык катары сөз кылууга арзый турган чыгармалар жарала баштагандыгын танууга болбойт. Мындай жандануунун байкаларлык белгилери пайда боло баштагандыгын тартынбай эле айтууга болот.

Адабий процесстеги азыркы этапты эволюция, же ренессанс катары кароого деле болбойт. Тек гана табигый өнүгүүдөгү мыйзамченемдүү бурулуш десек туура болор. Белгилүү болгондой, эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарынан баштап, сөз эркиндиги да орноп, басма иштериндеги мурунку жасалма тосмолордун жоюлгандыгы оң жагы менен катар эле, көптөгөн терс жактарын дагы тийгизди. Массалык жана коммерциялык адабият деген жеңил баа, бир окулма (одноразовая книга) эң төмөнкү үлгүлөрдөн баштап, олуттуу адабият үлгүсү катары ысымга татыктуу болууга тырышса да, мазмуну жана деңгээли боюнча баягы массалык-коммерциялык деңгээлге да жетпеген, эптемей, араң жан, адабият сымал, эч ким окубаган, окууга аракет кылса да, барактап көргөн соң, көңүл кош таштап сала турган ар кандай багыттагы жана сорттогу китептер көбөйдү.

Совет доорунда “жаш талапкер”, “жаш калем”, жаш акын-жазуучу” деген сыяктуу тепкичтерди басып өтүп, эки-үч китепти чыгарып, жазуучулар союзуна мүчө болгондон кийин гана “жазуучу-акын” деп атала баштаган өтө барктуу наам советтик рубль сыяктуу эле тез арада девальвацияланып, сабаттуу жаза албагандардан тартып, төрт сапты эптеп уйкаштырып алгандардын баары өздөрүн жөн эле “акын-жазуучу” эмес, “таанымал-таланттуу-белгилүү-чыгаан” деген эпитеттер менен коштоп атай башташты.

Мына, эми чейрек кылымдан ашуун убакыт өткөн соң, баягы эле жылаңач турмуш чындыгы алдыңкы орунга чыга баштады. Тубаса талант, чыгармачылыкка табият өзү берген шык-дарамет жок болсо, акчанын күчү менен он томдуктарды чыгарып, алардын айрымдарын ондогон тилдерге котортуп, аларды абдан реклама кылса деле, баары бир жазмакер адам чыныгы акын-жазуучуга айланып кетпейт экен!..

Мезгил сыны өзү эле иргеп, дандуусун бир жакка, саман-топонун экинчи жакка бөлүп салары айныксыз чындык катары аныктала баштады. Учурдагы адабиятта чыныгы адабий кубулуштар аз да болсо кезиге баштаганы дал ушундай реалдуу жагдай менен түшүндүрүлөт. Демек, олуттуу адабият катары өзүнчө сөз кылууга арзый турган чыгармалардын катары да мезгил өткөн сайын өзүнчө бөлүнүп, иргеле берет.

Жазуучу Бекен Назаралиевдин “Кун” аттуу повесттер жыйнагынын жана да “Баткен туткуну” повестинин жарык көрүшү дал ошондой фактылардын бирине кирет. Ал тургай, бул китептерди колго алып, үстүртөн эле барактап чыккан окурман деле, учурдагы адабий процессте сандан сапатка болгон умтулуу басымдуулук кыла баштаганын баамдабай койбойт.

Бекен Назаралиевдин “Кун” аттуу жыйнагына аты уйкаш повести жана “Туяк” аттуу эки повести кирген. Ал эми экинчи китеби, аты эле айтып тургандай, кылымдардын тогошуусу алдында эгемендүү Кыргызстан өлкөсүнө дүрбөлөң салып, “Баткен окуясы” деген ат менен тарыхта калган, эл аралык терорристтик-бандалык топтор менен болгон локалдуу, кыска убакытка созулган согуш тууралуу баяндайт.

“Кун” жыйнагына таанымал тилчи-окумуштуу Сулайман Кайыпов “Сабырдын түбү — ​сары алтын” деп аталган баш сөздү жазган. Бул көлөмдүү алгы сөздө Бекен Назаралиевдин чыгармачылыгы ар тараптуу ракурстардан терең каралган. А биз өзгөчө белгилегибиз келип жаткан факт — ​баш сөздүн аталышы болууда. Анткени, Бекен Назаралиев адабият майданында дээрлик кырк жылга жакын эмгектенип, изденип келе жатса да, китептерин биринин артынан бирин улам чыгарууга жетишерлик мүмкүнчүлүктөрү болсо да, азыркы көптөгөн адабият сымал продукциялардай кылып, өз чыгармаларын эптеп-септеп чүргөй салып, китеп санын көбөйтүүгө умтулбады. Адабиятка олуттуу мамиле жасап, басма сөздө жарыяланган айрым аңгемелерин, повесттерин эске албаганда, аталган эки китебин эми гана окурман журтчулугунун сынына койду.

Сулайман Кайыпов таамай белгилегендей, Бекен Назаралиевдин алгачкы кесиби жана алган билими (профессионалдык деңгээлде!) сүрөтчүлүк болгон. Бул өзгөчөлүк анын жазуучулук калеминен, өзгөчөлөнгөн стилинен да көрүнүп турат. Таамай жана элестүү тартылган пейзаждык сүртүмдөр, демейде байкала бербеген жаратылыштын табияттык образдуу жана бийик көркөмдүктө берилген мини-сценкалары көп учурайт. Бул эми жазуучунун эң башкы өзгөчөлүктөрүнүн бири.

Конкреттүү жагдайларга келсек, эки китептин тең тематикалык жана жанрдык-композициялык түзүлүштөрү өзүнчө сөз кылууну талап кылып тургансыйт. Себеби, жалпы жонунан “повесть” деп аталышканы менен, алар үчөө тең үч башка өңүттөгү чыгармалар болуп, аларды бир автор жана биз жогоруда белгилеп өткөн бул авторго гана таандык стилдик белгилер гана жалпылап турат. Калган ракурстар боюнча алып карай турган болсок, ал повесттердин ар бири өз-өзүнчө кеңири сөз кылууга жана чечмелөөгө муктаж. Биз өз талдообузду “Баткен туткунунан” баштасак оңдуу болчудай. Арийне, улуттук адабият кыртышыбызга жаңыдан гана өнө баштаган нон-фикшн жанрында жазылган бул повесть тематикалык жактан азыр да актуалдуулугун жоготпой, ал тургай терроризм жана эл аралык геосаясий оюндар күч алган чакта ого бетер заманбап добушка ээ экени түшүнүктүү.

Автордун документалдык жана эскерүү-мемуардык материалдарды көркөм чабыттар менен коштоп, жаңы деңгээлде жалпылоо аракети оңунан чыккандыгын белгилеп коюу керек. Дагы бир өзгөчө белгилей турган жагдай — ​автор өз каармандары менен (алардын көбү эбак эле легендарлуу инсандарга айланган, тарыхый фигуралар) көзмө-көз жолугушуп, узак убакыт бою маектешип, алардын инсандык бейнелерин жеке өзү кабылдаган калыбында тарткан. Башка бир экинчи-үчүнчү, же төртүнчү-бешинчи булактардан алынган маалыматтар аркылуу жазылган көркөм-фантазиялуу туундуларга салыштырмалуу, мындай фактор документалдык-тарыхый жанрларда чечүүчү мааниге ээ болуп кетери белгилүү. Нон-фикшн жанрында деле дал ошол жагдай абдан баалуу болуп эсептелет.

Бекен Назаралиевдин Жума Намангани, Шамиль Басаев сыяктуу атактуу бандалык топтордун лидерлеринен баштап, өз элинин эркиндиги үчүн болгон теңдешсиз кармашта курман болушкан чечен улутунун лидерлери Зелимхан Яндарбиев, Аслан Масхадов сыяктуу (Чеченстандын экс-президенттери) фигуралар менен болгон маектери учурунда чоң коомдук резонанс жараткандыгы маалым. Албетте, табиятынан сүрөткер автор ошол жанрдын рамкаларына батпай калган, же ар кандай себептер менен пайдаланылбай калган жана да ал учурда айтууга болбой турган өзгөчө баалуу материалдарды аздектеп-сактап, ошонун кыябы келе калса пайдаланууну көксөп келгендиги туюлат.

Китепте экс-президент Аскар Акаевдин жана анын жакын жан-жөкөрлөрүнүн (өзгөчө алардын ислам террористтеринин колуна туткунга түшкөн япон геологдору менен генерал Анарбек Шамкеевди куткаруу учурундагы кыймыл-аракеттери) көркөмдөштүрүлгөн образдары элестүү тартылган. Бул жагынан алып караганда, “Баткен туткуну” повестинде эл аралык террористтик топтор жана алардын лидерлери жөнүндө гана эмес, эгемен мамлекеттин алгачкы жетекчилеринин тарыхый кырдаалдагы инсандык-саясий портреттерин көрүүгө болот.

Назаралиевдин бул повестинин дагы бир өзгөчөлүгү — ​географиялык жактан алып караганда абдан масштабдуу алкакты камтып тургандыгында. Негизги лейтмотивдик-сюжеттик чийиндер Кыргызстандын аймагында орун алгандыгына карабастан, каармандардын көчүп-конуп (же качып-безип дейбизби?) жүргөн региондору — ​ары жагы Россия, Чеченстандан тартып, бери жагы Тажикстан, Афганистан, Өзбекистанга чейинки аралыктарды камтыйт. Албетте, эгерде автор ошол аймактарда ар кыл ишмердик менен шугулданышкан каармандарын өз көзү менен көрбөсө, бул кырдаалдарды жазуу ал үчүн абдан кыйын маселеге айланмак.

Бул повесть өз тулкусуна кыргыз адабияты үчүн жаңы болгон нон-фикш жанрынын башка көп кырдуу мыйзамченемдүүлүктөрүн дагы гармониялуу түрдө сиңирип алган. Атап айтканда, жогорудагы тарыхый-документалдуу каармандар менен бир катарда эле ойдон чыгарылган жана көркөмдөтүлүп иштелип чыккан каармандар да арбын. Бул чыгарма көп каармандуулугу менен айрымаланып турса да, алардын ар биринин көркөм образы жеке индивидуалдуу инсандык портреттик сапаттары менен чагылдырылган. Мында да автордун адабий көркөмдүк-сүрөткерлик шыгы менен анын сүрөтчүлүк биринчи кесиби шайкеш келгендиги байкалат. Көптөгөн чабал чыгармалар көп каармандуулугу менен айрымаланганы менен, алардын бирин-серини гана анча-мынча индивидуалдуу образдарга ээ болбосо, калгандары массалык агымда байкалбай калат эмеспи. Демек, эгерде бул сапаттарды көркөм чыгарманы баалоодогу негизги критерийлердин бири катары карай турган болсок, Бекен Назаралиевдин автордук чеберчилиги ар бир каарманын өзгөчө элестүү бере алгандыгы менен көрүнүп турат. Документалдуу жана көркөм синтезден жаралган образдардын катарына келсек, Бүкүр сыяктуу (басма сөздөгү каймана аты — ​“Горбун”) тажик-афган наркотрафигин көзөмөлдөгөн жана жарандык согушта негизги фигуралардын бири болгон каарман да бар.

Улуу романчыбыз Төлөгөн Касымбеков “Келкел” романын жазууга он жылдап даярлданып, жыйырма жылдан ашуун убактысын коротуп, изденүү процессин кошо эсептегенде, бул романга чыгармачыл өмүрүнүн көбүн арнаган. Ал Курманжан Датканын өмүрүн-ишмердигин изилдөөнү өткөн кылымдын 70-жылдарынын орто ченинде эле баштаган. 1978-жылдын жай мезгилинде биз аны менен Карасуу шаарынын базарында жолугуп калып, маектеше калганда, жазуучу Курманжан жөнүндө “Оомат” (“Келкелдин” рабочее названиеси) деген роман жазып жаткандыгын, каарманын көрүп-билип калгандар менен азыр сүйлөшүп көрүп, алчусун алып калбаса, кийин кеч болуп каларын көрөгөчтүк менен кыйыткан эле…

Бекен Назаралиевдин сценарий жанрында дагы ийгиликтүү иштеп, анын айрым сценарийлери боюнча кинофильмдер тартылганын эске ала турган болсок, аталган повесть туруш-турпаты менен (адабий көркөмдүгүнө доо келтирбестен эле) курч сюжеттүү жана актуалдуу проблемалуу көркөм фильм сыяктуу материалды камтып турат. Бул эми шартка жараша жана өз учуру келгенде чечилер. Ал эми адабий чыгарманын көркөмдүк деңгээли жана көтөргөн проблемасынын актуалдуулугун сөз кыла турган болсок, курч социалдык-психологиялык драма жанры менен криминалдык тематика чиеленип кеткен эпизоддор да чыгарманын окумдуулугун арттырары шексиз.

Көркөм чыгарманын философиялык-эстетикалык жана проблематикалык-тематикалык ракурстарын канчалык көкөлөткөн менен да, китеп жарык көрүп, автордон биротоло алыстап, окурманды карай жол тартып кеткен соң, бир гана эң жөнөкөй критерий калат — ​ал ошол китептин канчалык деңгээлде окумдуу болорлугу. Адабий процессте кээде эч ким окубаган, автор өзү да чыдап окуй албаган начар чыгарманы “өтө татаал, өтө терең, окууга жеңил эмес” деп актоого аракет кылышкан учурлар кездешет. Бул адабияттын табиятына каршы келген, туура эмес, жасалма шылтоо. Ал эми көркөм адабияттын практикасына келсек, өтө татаал адабий оюн, табышмактуу, татаал кроссворд-чайнворд сымал, башкатырма жана өзгөчө чечмелөөлөрдү талап кылган ыкмаларды колдонгон Умберто Эко деле окурмандар арасында өтө популярдуу авторлордун бири болуп эсептелет… Бекен Назаралиевдин аталган китептери жеңил жана кызыктуу окулуп, окурманды өзүнө магниттей тартып турганы, алардын адабияттагы мыкты сапаттардын бирине ээ экендигин билдирет.

Ал эми эң бийик критерийлер менен баалаганда, адабиятта кандайдыр бир жасалма сыйлык-наамдарга жетүүгө азгырылбай, өзүнүн туруктуу окурмандарын тапкан чыгармаларды жарата алган жазуучу гана өзүнүн максатына жетип, өзүнүн чыгармачылык бактысын таба алат. Макаланы жыйынтыктап жатып, өзүнүн алгачкы повесттер жыйнактарын окурмандарга тартуулаган Бекен Назаралиевге дал ошондой нукура чыгармачылык ийгиликтерди жана да тынымсыз, түйшүктүү изденүүлөр менен коштолгон жазуучулук зор бакытты каалайбыз.

Азамат САЛИЕВ.

“Жаңы Ордо” гезити, №40 (613),  14-декабрь, 2018-жыл.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс