Четверг , 17-Январь 2019
Башкы бет / Дүйнө / Түркиянын Президенти G-20 саммитинде Йемен кризисин токтотууну талап кылды

Түркиянын Президенти G-20 саммитинде Йемен кризисин токтотууну талап кылды

2015-жылдан бери хуситтер менен сунниттердин ортосунда тутанган Йемендеги жарандык согуш күн өткөн сайын татаалдашып, гуманитардык кризиске айланууда. Калкынын саны 25 миллиондон ашык адамды түзгөн бул өлкөнүн бүгүнкү күндө дээрлик 90% жашоочусу ачарчылыкка кабылган.

Өткөн жумада БУУнун гуманитардык маселелерди координациялоо боюнча башкармалыгы Йемендеги гуманитардык кырдаал Сирияга салыштырмалуу да начарлап кеткендигин билдирди. Ошондой эле бул билдирүүдө Бириккен Улуттар Уюмунун Йемен элине жардам берүүсү үчүн 2019-жылы 4 миллиарддан ашуун доллар керектелсе, Сирия элине 3,5 миллиард доллар керектелери айтылды.

БУУ жана башка эл аралык уюмдардан тышкары Йемендин ачарчылыкка кабылган 22 млн. калкына Түркия да колдон келген гуманитардык көмөгүн көрсөтүп жатат. Мындан тышкары, өлкөдөгү кырдаал кыйла начарлап кеткени, тургундардын көбүнүн тамак-ашы жоктугу  жана 22 миллиондон ашуун адам өтө жакырчылыкта жашап жаткандыгы баса белгиленди. Тамак-аш менен дары-дармектердин жетишсиздигинен улам өзгөчө жаш балдардын ден соолугу жабыркап, жугуштуу ооруулар күч алууда жана эпидемияга айланып баратат.

Тилекке каршы төрт жылга жакын убакыттан бери жүрүп жаткан согуш балдарга өтө чоң залакасын тийгизүүдө. Бүгүнкү күндө Йемендеги балдардын 80 пайызынын гуманитардык жардамга муктаж. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Йемен офисинин расмий маалыматы боюнча,  20 –  Ноябрь дүйнөлүк балдар укугун коргоо күнүнө карата билдирүүсүндө, Йеменде согуштан улам өлкөдөгү балдардын 80 пайызын түзгөн 11 миллиондон ашуун бала гуманитардык жардамга муктаж».

Ансыз да дүйнөнүн жакыр өлкөлөрүнүн арасында орун алган Йеменде жарандык согуштан улам күчөп бара жаткан адамзаттык кризис  коркунучтуу абалга жетти. Өлкөдө ачкачылык, холера, кагылышуулар жана абадан кол салуулар менен адамзаттык трагедия болууда.

БУУнун маалыматтарына караганда миллиондогон киши ачкачылык менен күрөшүп жаткан Йеменде ар бир 10 минутада 1 бала каза болууда.

Тилекке каршы кошуна мамлекеттер менен эл аралык гуманитардык уюмдардын азык-түлүк жана дары-дармек түрүндөгү көмөгү жетишсиз болууда. Андыктан касташкан тараптар тез арада жарашпаса жана Сауд Аравия баштаган коалиция бул өлкөгө карата согуштук аракеттерин токтотпосо, анда ансыз деле арыктап, ооруп жаткан адамдар ачкачылыктан массалык кыргынга учурап, дүнүйөлүк деңгээлдеги чоң гуманитардык кризиске айланарына аз эле калды.

“Йемендин калкына көмөк көрсөтүүдө четте калба” деп аталган башында Түркиянын дин иштери боюнча башкармалыгынын жетекчиси Али Эрбаш өзү туруп, азык-түлүк, дары-дармек жана башка күнүмдүк турмушта адам баласы үчүн эң керектүү буюмдарды жеткирип беришти. Ал акция учурунда сүйлөгөн сөзүндө бүгүнкү күндө адамзат кыйын кырдаалдарды баштан өткөрүп жаткандыгын айтып, Йемендеги кырдаалга басым жасады.

Эрбаш азыр Йеменде 22 млн. адам азык-түлүктүн жетишсиздигинен улам өлбөй турган гана турмушта жашап жаткандыгына көңүл бурду. Анын сөзү боюнча, эгер бул өлкөгө тез арада сырттан жардам жеткирилбесе, анда жакынкы күндөрү 11 млн.дон ашык адам ачкадан кырылып калышы мүмкүн.

Мындан тышкары Йемендин саламаттык сактоо тармагынын инфраструктурасы толук бойдон кыйрап калгандыгын да Эрбаш мырза белгилеп өттү.  “Көпчүлүгү Эл-Худейде жашаган 1,2 млн. адам холера менен оорушат. Ал эми 2,6 млн. адам согуштан улам өздөрүнүн үй-жайларын таштап кетип, тез арада башпаанек табууга мажбур болушууда”,- деди Эрбаш.

Түркиянын диний уюму буга чейин да Йемендин жашоочуларына 8,5 млн. лир өлчөмүндө жардам бергендигин эске салды Эрбаш.

“Бүгүн биз өзүбүздүн гуманитардык ишмердүүлүгүбүздү кеңейтүү максатында  “Йемендеги жардамга муктаж элге кайдыгер караба” аттуу акциянын жаңы кампаниясын баштоодобуз. Андыктан жарандарыбызды адамзаттын абийирине жүктөлгөн милдеттү бөлүшүү үчүн бул акцияга чакырабыз”,- деди Эрбаш.

Албетте, эл аралык коомчулук Йемен кризисин чечүү үчүн касташкан тараптарды сүйлөшүүгө чакырууда. Ушул жумада БУУнун Йемендеги өкүлү менен Ансарулланын делегациясынын жаңы айлампадагы  сүйлөшүүлөрү Стокгольмда 6-декабрда өттү.  Мындан мурда да, 6-сентябрда  Йемен сүйлөшүүлөрүн Швейцариянын  борбор калаасында өткөрүү пландаштырылган болчу. Бирок Арабстан коалициясы бул отурумга йемендик делегациянын катышуусуна тоскоолдук жараткан.

Ансарулла кыймылынын диалог жүргүзүүчү делегациясынын жетекчиси Мухаммад Абдусалам  4-ноябрда өзүнүн Твиттердеги расмий баракчасында мындай деп жазган: “Йемен делегациясы бул диалогдор ийгиликтүү өтүүсүнө бардык аракеттерин жасайт. Бул диалогдо Йемен курчоосу аягына чыгып, согуш токтоо менен тынчтык орнотулуусу боюнча келишими бекитилээрине терең ишенем.”
Эске салсак, Йемен кырдаалын чечүү боюнча саясий  сүйлөшүүлөр буга чейин бир нече жолу Арабстан жана анын шериктештеринин тоскоолдугу менен жүзөгө ашпай калган. Өз кезегинде АКШнын Мамлекеттик катчысы Майк Помпео Сауд Арабиянын мураскор ханзаадасы Бен Салманды Йемендеги согушту токтотууга үндөдү.

Ал тургай Йемендеги чындыкты чагылдырган журналисттер да кысымга кабылып, бир нечеси өлтүрүлдү. Мисалы, ушул жылдын  биринчи жарымында эле 10 журналисттин өмүрү кыйылды. Йемен журналисттер профсоюзу тарабынан жарыяланган отчетко караганда, шиит Энсаруллах кыймылы (хусилер) менен Сауд Арабстандын жол башчылыгындагы коалиция күчтөрүнүн арасындагы кагылышуулардын натыйжасында жылдын биринчи жарымында 10 журналист өлтүрүлдү. Мындан тышкары ал отчетто кабарчы, оператор жана маалымат таркатуучуларды камтыган камоого алуу, качыруу сыяктуу 55 окуя катталган.  Азыр да  13 журналист камакта отурушат. Жергиликтүү Сана радиосунда иштеген 300гө жакын кызматкер жумушсуз калган.

Ал эми 30-ноябрь – 1-декабрь күндөрү Аргентинада өткөн дүйнөнүн эң ири мамлекеттеринин G-20 саммитинде да Йемен кризиси четте калган жок. Бул көйгөйдү Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган көтөрүп,  “Топ 20” жетекчилеринин басма сөз отурумунда мындай деди: “Йемен элинин азабы тез арада токтотулуп, бул өлкөнүн эгемендүүлүгү, бүтүндүгү жана улуттук биримдиги сакталышы керек.
Түркиянын президенти өз сөзүнө андан ары мындай деп кошумчалады: “4 жылдан бери уланып жаткан Йемен маселеси татаалдашып кетти жана аны чечүү боюнча тез арада чара көрүү керек”.

А. Белеков.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс