Среда , 19-Июнь 2019
Башкы бет / Аналитика / Президент С. Жээнбековго жана эл-журтка КАЙРЫЛУУ

Президент С. Жээнбековго жана эл-журтка КАЙРЫЛУУ

Урматтуу Президент!!!
Урматтуу калайык-калк, мекендештер!!!
Мына 1 жумадан бери эл-журт арасында, анын ичинде Улуттук онкологиялык борбору жалдап алган массалык маалымат каражаттары КТРК баш болгон, Апрель, НТС, Интернеттеги фейктер, НПО чулар жана башка ар түрдүү инсандар менин үстүмөн ар түрдүү ушак-кептер таратып, укук коргоо органдарын кысымга алышып, мага кылмыш ишин козготуп, клиникамды жабууга далалаттанып жатат. Мотиви 5 жашар наристени дарылаганым. Оболу наристенин ден соолугун айтайын. Наристе лимфобластулалык лейкоз ооруусу менен азап чегүүдө. Мага чейин Ошто дарыланып, гематологдор химиятерапия курсун өтүү сунушу берилген. Ата-энеси химиятерапия алгандан кийин, кыздын ден соолугу эмне болоорун түшүнүп, баш тарткан. Мен жөнүндө угуп, менин дарылап берүүмдү суранды, аны аткардым. Алгачкы 10 күндүктө кыздын ден соолугу оңолуп, ооруунун көпчүлүк симптому кетти, бластулалык клеткалар өттөн эмес, бөйрөктөн чыгып калып, бөйрөктүн гематурия оорусуна чалдыгып, кан сийдик менен чыгып жаткандыктан, тезинен кан куюу зарылчылыгы пайда болуп, гематологияга жөнөтүүгө аргасыз болдум. Биз кызга 1-жолу гепаринден 0,1 өлчөмдө, инсулиндик шприцте киндиктин үстүнөн укол сайганбыз, сүрөттө да көрүнүп турат. Эмил Макимбетов баш болгон врачтардын койгон күнөөсү – ушул. Кыздын ден соолугу кандай ахвалда экенин айтайын. Наристе – бул дартка гепатит «А» кеспетинен чалдыккан. Ошондуктан анын боору жана көк боору шишип кеткен. Медицина, анын ичинде врачтар, ал шишикти бластулалык клеткалардын эсебинен чоңойгон деп түшүнөт. Дарылоонун 1 –чи фазасында бластулалык клеткалардын пайда болуусун блокадага алуу болуп, ал ишке ашты. 2-чи фазасын отурукташкан бластулалык клеткаларды «костный мозг» сөөктүн чучугунан чыгаруу. Ал ишке ашты. 3-чу фазасы «Гепатит А» вирусун активдүүлүгүн төмөндөтүү, акырындап отуруп, вирустун боордогу гепатиттик клеткалардын мембранасындагы поралардан кирүүсүн блокадага алуу. 4 – чу фаза организмдин иммундик системасыны көтөрүү менен вирусту жоготуу эле. Сиздер түшүнүп тургандай, дарылоонун 2 –чи фазасында бластикалык клеткалар бөйрөк аркылуу чыгып, бөйрөктүн клубочкасында жайгашкан базалдык мембрананын карама-каршы зарядын жоюп, подоциттик клеткалардын арасындагы торчону (поралык щель) бузгандыктан, бөйрөктөгү кандын реабсорбциясы бузулуп, белок, эритроцит жана анын бөлүктөрү сийдик менен кошо чыгып кетти. Бул патологияны жоюу учун «Гепатит А» активдүүлүгүн төмөндөтүү зарылчылыгы бар эле. Ал үчүнн бизге келе турган дарыларга кошула турган ингредиенттер Россиядан келүүсү кечигип калды. Ошондуктан убакытты өткөрбөстөн, наристеге гормоналдык терапия жасалып, кан куюп туруу үчүн гематологияга жөнөтүлгөн. Гематолог-врачтар наристенин өмүрүн сактап калуу учун – химиятерапиядан башка жолду билбейт. Түздөн-түз айтамын, наристенин өмүрүн сактап калууга, гематолог – врачтардын кудурети жетпейт. Себеби, алар ооруунун патологиясын башка нукта түшүнөт.
Сөз ушунчалык болуп калды, Сиздерге Лейкоз оорусу жөнүндө айтайын. Ток этер сөз, медицина кандын рак оорусу «костный мозгдо» кыргызча сөөктүн чучугунда өөрчүйт деп түшүнөт. Андан биопсия алып, цитологиялык жана гистологиялык анализ аркылуу тастыктайт. Ошондуктан дарылоо «сөөк чучугундагы» ракты жоготууга багытталат. Медикаментоздук дарылоодон, гормоналдык, иммуналдык, химиятерапиялык, нурга кактануу жана сөөк чучугуна столовой клетка орнотуу үчүн трансплантациялоого чейин баскычта дарылоо жүргүзөт. Алардын бирөөсү да эффект берип, жашап кеткен адамды мен учуратпадым. Ким бул дартка чалдыкса, баары эртеби-кечпи каза болот. Өздөрү азап чеккени аз келгенсип, медицинанын дарылоосу кошо азап берет. Бул дарт наристеден кары-картаңдарга чейин жайылган, миллиондогон адамдарды өз кучагына алат. Көп жылдык байкообуз, изилдөөбүз аркылуу рак костный мозгдо же сөөк чучугунда болбой тургандыгын байкап, ал жерде бластулалык клеткалар чучукта жайгашкан сөөктүн поралык щелдик же торчолорунда канга өтпөй калып, тыгыздыгы жогорулап, басым көтөрүлгөндө, нервдик рецепторлорго дүүлүгүү бере тургандыгын түшүнүп, альтернативдик жол менен дарылоого өткөнбүз. Айта кете турган сөз: организмде кандын бөлүктөрүнүн (иммуналдык система, тромбоцит, эритроцит ж.б.) биосинтези жана жетилуусун илимий жана клининикалык түшүнүүсүндө жанылыштык бар экенин баамдадык. Ошондуктан организмде кандын биосинтезин жана анын жетилүүсүндө пайда боло турган патологияларды үйрөнүү менен лейкоз жана ага жакын оорууларды дарылоонун эффективдуу жолун таптык. Натыйжада, ондогон лейкоз деген дартка чалдыккандар дарыланып, бул дарттан толук айыгып чыгып, эл арасында жашап жүрөт. Албетте, алар химиятерапия албай келгендер, алып келгендер каза болуп калды. Булардын баары – жашы чоң курактагы бейтаптар. Биз иштеп чыккан методдор – лейкозду медицинадагы агрессивдүү, химиятерапиясыз, нурга кактануусуз дарылоого жол ачат, ал клиникалык апробация аркылуу далилдеп берип жатабыз. Биздин дарылоо методубуз адамдын өмүрүнө коркунуч туудурбайт, коопсуз, эффективдүү.
Оо, мекендештер!!! Бул методдун илимий негизин иштеп чыгып, клиникалык сыноолордон өткөрүүгө даярбыз. Силер бул маселеде колдоп берсеңер, көп адамдардын кызыкчылыгына кылган кызматыңар болот эле.
Урматтуу Президент!!! Калайык-калк!!! Биз жогоруда болгону бир ууч жасаган илимий жана клиникалык ишибизди учкай айтып өттүм. Өзүмдүн эл-журтумда, бизди көрө албастар арбын болгондуктан, калган иштеримди кыска билдирип коюуга мажбур болуудамын.
Рак оорууларынын жалпысынан онкологияда 1400 түрү бар деп эсептелет, ошонун 80% жакын түрлөрүнө дарылоо технологияларын иштеп чыгып, клиникада пайдаланып жатабыз. Биздин дарылообуз рак оорусунун башталуу учурунан өтүшүп кеткен акыркы стадияга чейин, башкача айтканда ооруу татаалдашкан, метастаза күчөгөн эң оор ахвалдагы бейтаптарга чейин камтыйт. Негизги пациентерибиз Улуттук онкологиядан стационардык дарылоо курсунан өткөн, хирургиялык операциялар жасалган, химия терапиялык курстардан, нурга кактануу (лучевой терапия) курсунан өткөндөр, улуу урматтуу Улуттук онкологиялык борбордун врачтары: болду жардам бере албайбыз, эми биз эч нерсе жасай албайбыз деп чыгарып койгондор. Ишенбесенер, клиникама келип коргуло!
Оо агайын –туугандар! Биз онкологиянын дарылоо системасын кайра-карап чыгууну сунуш кылып жатабыз. Себеби биздин 30 жылдан ашык окуп үйрөнүүбүз, изилдөөлөрүбүз, байкоолорубуз, 5 жылдык клиникалык результаттарыбыз жана кийинки иштерибиз буга далил болуп берет. Онкологиядагы биз иштеп чыккан методдор коптогон хирургиялык операцияларды жасоонун зарылчылыгы болбой калат, анын ичинде мурун жана тамак жутуу, калкан сымал бездерди, кызыл өңгөч, ашказан жана 12-эли ичегиге, ичке ичегиге, жоон ичегинин бардык бөлүктөрүнө, боорго, уйку безине, аялдардын көкүрөгүнө жана жыныс органдарына ж.б органдары. Ошондой эле химия терапияны, жана нурга кактоо терапиясын зарылчылыктарын толук жок кылууга жол ачылууда. Бул жетишкен ийгиликтерди илимий медицинанын алдында далилдеп беруу максатында Улуттук онкологиялык борбордон КР Президентине чейин кайрылуу жасадык. Бирок эч кимдин колдоо эмес, жооп да болгон жок.
Урматтуу калайык-калк!!! Биздин онкология багытында кылып жаткан иштерибиз официалдуу медицинадагы жаңылыш түшүнүктөрдү, теорияларды, клиникалык сунуштардын каталыгын көрсөтүүгө жетишип, аны жоюнун илимий жана клиникалык негиздерин түптөө аракетиндебиз. Бул максаттарга жетишуу миллиондогон рак ооруусу менен азап чеккен бейтаптарды, азап берип дарылап, миллиондогон адамдарды өлтүрүп жаткан онкологиянын чыныгы бетин ачып, калыптанган стреотиптерден куткарып, чындыкты түшүнүүгө жеткирип, туура жолго салаарына, эртеби-кечпи жетишээрбиз.
Урматтуу Президент!!! Ага-инилер, эже карындаштар!!! Аргасыздан айтууга мажбур болуп жатамын. Биз альтернативдик медицинанын толук системасын иштеп чыгып, аны өркүндөтүү жолундабыз. Айрымдарын Сиздерге кабарлап кетейин:
Кардиологиялык багыты. Учурда кардиология илиминин тармактары өтө жогорку темп менен өнүгүүдө, муну адистер жакшы билишет. Жүрөктүн булчуң ткандарын жана клеткаларынын иштөөсүн биохимиялык жана физиологиялык түшүнүүдө кардиомиоциттик ткандардын цитоплазмалык мембранасында поралардан натрий жана калий иондорун сыртка чыгаруу, плазмолеммадан кальцийдин иондорун цитоплазмага чыгаруунун механизмин жүргүзгөн Х-рецепторун теориялык негизде табылышы, аны калыбына келтире турган дарылоо курсун жүргүзүүнүн терапиялык эффектиси биз күткөндөн да жогору болду. Андан тышкары бул рецептор жүрөктүн миоциттик ткандарындагы актин жана тропонин фибрилдеринин систолиясына керектүү болгон азык заттарды да жеткирүүдө чоң ролу бар экенине күндөн күнгө ишенүүдөмүн. Жыйынтыктап айтканда, биз иштеп чыккан журөк ооруларын дарылоонун альтернативдик жолунда жүрөктүн стенасы же булчуңу, колдоп тура турган же стимул берип туруучу кардиологиялык дарыларсыз дарылап, андан ары дарыга муктаждыгы жок эле иштей турган мүмкүнчүлүк ачылды. Башкача айтканда, кардиологиялык препаратсыз жүрөк мурдагыдай иштөөсү калыбына келип, дары пайдаланууга муктаждыгы болбойт. Андан тышкары жүрөктүн аорталык жана коронардык кан тамырында жайгашкан атеросклерозду же анын беляжын толук кетирүү мүмкүнчүлүгү иштелип чыкты. Эгерде пациенттин жүрөгүнүн кан тамырына зонд орнотулбаса же шунтирование болбосо. Ошондой эле жүрөктүн башка патологияларын аритмия, тахикардия, экстрасистолия, парохторду ж.б. дарылоо дарылоонун методдору да иштелип чыккан. Жыйынтыктап айтканда, 8 жылдан бери жүздөгөн кардиологиялык бейтаптар дарыланып чыгып, көпчүлүгү жүрөк дарттарынан арылып кетишти.
Гастроэнтерология багытында. Сиздер ишенип пайдаланып жаткан официалдуу медицинада боордун цирроз оорусуна алып келген гепатиттин вирустары: «А», «В», «С», «Д» ны дарылоонун методдору жок. Ошондуктан 5 жылдан бери бул ооруну дарылоонун методдорун өркүндөтүнүн үстүндө иштеп келе жатабыз. Мурда бейтаптарды антивирустук терапияга даярдап, аны гепатологдорго жөнөтөт элек. Алар Россиянын Санкт-Петербург шаарынын фирмаларынан чыккан препараттар менен дарылачу. Ахвалды коруп, өзүбүз дарылоонун технологиясын жана дарыларды иштеп чыгууга кириштик. Бул ишти жүзөгө ашырууда Россиялык химик М. Гаджиев менен өнөктөш болуп, ийгиликке жетиштик. Натыйжада, гепатит «В» жана «С» жабырлануучунун ден соолугуна эч кандай зыян келтирбей туруп, толук жок кылууга мүмкүнчүлүк ачылды. Бул деген миллиондогон бейтаптардын өмүрүн сактап калуу дегенди түшүндүрөт.
Мындан 5 жыл мурда, цирроз менен ооруган бейтаптарды боордун трасплантациясын жокко чыгаруу ниети пайда болду эле. Ошол ниетке быйыл жетише алдык. Бул ниетке гепатит «Д» менен азап чеккендерди вирустан арылтып, бооруну регенерация кылып, дарттан арылтууга жетише алдык. Бул ийгилик ПЦР методу менен гепатит «Д» анализ, жана боорго фиброскопиялык анализдер менен тастыкталып жатат. Иншалла, 1-чи пациенттин жакын арада дарылоо курсу бүтөт. Жыйынтыктап айтканда, мекендештер боордун трансплантациясы үчүн чет өлкөгө баруунун зарылчылыгы жок болуп калышы мүмкүн деп билдиребиз.
Нефрология багытында. Бул багытта бөйрөктүн эң көп таркаган оор ооруулары болгон гломерулонефриттин протенурия, гематурия, анурия ж.б. оорууларды дарылоонун альтернативдик методдору өркүндөтүлүп, эффективдүүлүгү жогорулады. Көптөгөн мекендештер бул дарттан арылып, эл катары жашап жүрөт. 6 жылдан ашык убакыттан бери ХПН же бөйрөк жетишсиздик оорусуна изилдөөлөрдү жүргүзүп келебиз, акыркы айларда жыйынтыкка жетишип, анын илимий негизин түзүүнүн алдында турабыз. Бул деген миңдеген мекендештерди гемодиализ алуудан арылтат. Ушул күндөрү эң негизги дарылоо процедуралары иштелип бүтүп калды.
Урматтуу Президент! Калайык-калк! Менин эртеңден кечке ойлогонум пациенттердин саламаттыгы. Менде дем алыш күн жок. Жараткан Аллах адам баласына кыска өмүр берет экен, ал өмүрдө Аллахтын ыраазылыгын таба ала турган иштерди жасап, акыретти жеңип алуу зарыл экен. Мен 30 жылдан ашык убакыттан бери илимдин үстүнөн иштеймин, алган жыйынтыгымын пайдасын эл көрөт, мен баягы эле жашоо менен жашаймын. Менин илимий иштерими финансылап бер – деп эч кимден акча сурабадым. Элди дарылоодон тушкон каражатты – илимий иштериме жумшаймын.
Оо эл-журт!!! Араңардан адамдар чыкты, мага сын айткан. Оболу сен өзүңө суроо бер? Сен кимге жакшылык кылдын? Сен коом үчүн, эл үчүн эмне иш жасадың? Анын үзүрүн көргөндөр барбы? Сен жок эле дегенде бир жолу жетимдин башынан сылап, курсагын тойгозуп койдуңбу? Жаны ооруп, азап тарткан адамдын ахвалын сурап, чекесинен өөп койдуңбу? Анын кызматын кылдыңбы? Анын убарасын тарттыңбы? Сен көрдүң беле, лучевой терапиядан кийин, химия терапиядан кийин рак менен оорууган бейтап кандай ахвалда болоорун?
О патриоттор! Онкология борбору операция жасаса 40 миңден жогору алат, кассага 1 тыйын төлөбөйт. Улуттук онкологиялык борбордогу «коррупциялык схемалардын» бетин ачпайсынарбы? Алар пациенттердин акыркы тыйынына чейин шыпырып алып жатат. Союз мезгилинен калган аппарат менен бейтаптарды нурга кактап миңдеген пациенттерди өлтүрүп жатат. Кабат-кабат көйгөйлөр ошол жакта.

Силерди урматтоо менен,
Хашим табып
8 – декабрь 2018 жыл.

 

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс