Понедельник , 17-Декабрь 2018
Башкы бет / Аналитика / СОТ “РЕФОРМАСЫ” же баш-аягы көрүнбөгөн жоопкерсиздик

СОТ “РЕФОРМАСЫ” же баш-аягы көрүнбөгөн жоопкерсиздик

Шумдугуң кур!..

Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгы жарыяланган соң, 1993-жылдын 5-майында жаңы Конституция кабыл алынып, анын негизинде коомубуз укуктук мамлекет курууга багыт алып, мамлекеттик бийлик: мыйзам чыгаруу, аткаруу жана сот бийлигинин өз алдынча бутактарына бөлүштүрүлүп, кыргыз коомчулугунда өз алдынча өнүгүүнүн жаңы барагы ачылган.

Сот бийлиги, конституцияда каралгандай, жаңыланып, адам укугун талаптагыдай коргоону камсыз кылуу боюнча тийиштүү укуктук база түзүлгөн. Ошого байланыштуу сот бийлигине тиешелүү жазык, жазык-процессуалдык, жарандык, жарандык-процессуалдык жана эмгек кодекстери кабыл алынып, сот бийлигинин талаптагыдай иштешине укуктук база кеңейтиле, бекемделе баштады. Соттордун натыйжалуу иштешине жогоруда аталган мыйзамдардан тышкары “Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын судьяларынын, сотторунун статусу жөнүндө” ж. б. конституциялык мыйзамдар кабыл алынып, соттук-укуктук реформаны жүргүзүү үчүн эң оболу совет доорундагы сот ишин кароодо элдик заседателдер институту жоюлуп, судьялар ишти аларсыз жеке карап, чечим кабыл алууга өтүштү.

Ошентип, бечелдик жана акырындык менен болсо да, сот реформасы ишке аша баштады. Себеби, ошол убакта анын концепциясы иштелип чыгылган эмес эле. Соттордун көз карандысыздыгын камсыз кылуу үчүн анын башкаруу органдарын түзүү максатында 1994-жылдын 15-июлунда Кыргыз Республикасынын судьяларынын 1-уюштуруу съезди өткөрүлүп, соттордун ишмердигин камсыздоону уюштуруу милдети Юстиция министрлигинен алынып, жаңы түзүлгөн соттук администрацияга берилген. Сьездде жалпы соттордун 21 судьядан турган Судьялар Кеңеши тузүлгөн.

…Конституциялык сот жөнүндөгү мыйзамдын 3-главасында Конституциялык соттун судьяларына саясий партияларга, коомдук уюмдарга, кошумча кызматтарды ээлөөгө, коомдук милдеттерди аткарууга болбойт деп көрсөтүлгөндүгүнө карабастан, анын төрайымы Ч. Баекова Акаевдин бул багытта компетентсиздигинен пайдаланып, соттор кеңешинин төрайымы кызматын ээлеп алууга жетишкен жана соттордун баары ал айымдын “акылман жетекчилиги” астында иштөөгө өтүшкөн.

Жогорку Кеңештин 1994-жылдын 27-июлдагы чечими менен Жогорку Сот, Конституциялык сот жана ошол мезгилдеги Арбитраждык соттор Конституция талабына ылайык бири-биринен өйдө турбастыгына, бири-бирине баш ийбестигине карабай, “бай катын” атыккан Баекова жогорудагы аталган соттордун 3 тизгинин бирдей колуна алып, сот реформасы четте калып, өкүмдар ургаачы мыйзамсыз, коррупциячыл аракеттерге кынык алды. Мисалы, 1998-жылдын 18-декабрында Конституциялык сот өзүнүн мыйзамсыз кийлигишүүсү менен “Азанс” кооперативинин жетекчиси болуп иштеген Айбүбү Алымкулованы 1994-жылдын аягында “Максат” банкынан 3 миллион сом, “Ысыккөл инвестбанктан” 5 миллион сом жана 180 миң доллар кредит алгандыгына карабастан, бул ири өлчөмдөгү каражаттарды банктарга кайтарып берүүдөн калкалап калган. Мындан тышкары 482 тонна спирт контрабандасына, А. Заляев башында турган уюшкан кылмышкерлер тарабынан түстүү жана сейрек кездешүүчү ири өлчөмдөгү металл контрабандасына, бандитизм сыяктуу өзгөчө оор кылмыштар менен алектенген Рузиметовдун кылмыштуу бандасына жана башка көптөгөн кылмыш иштерин ЖС пленуму менен президиуму соттолгондор боюнча өкүмдөрдү мыйзамдуу деп тапкандыктарына карабастан, Конституциялык сот жогорудагы кылмыштарды өз өндүрүшүнө мыйзамсыз алып, конституциялык эмес мыйзамдар боюнча соттошкон деген чечимге келген жана жогорудагы кылмыштар боюнча чыгарылган өкүмдөр аткарылууга жатпайт деген чечим чыгарылган. Жогоруда аталган жана аталбаган көптөгөн кылмыштар боюнча өкүмдөр аткарылбай калган жана кылмышкерлер жазадан куткарылган. Ошонун негизинде Конституциялык соттун токтомуна ылайыкташтырылып, ошол мезгилде Жогорку Сотто карала элек кылмыш иштеринин каралышы үчүн жазык, жазык-процессуалдык мыйзамдарга толуктоо жана өзгөртүү киригизүү үчүн Жогорку соттун иштери бир нече айлап токтоп калган. Сот реформасы ушулбу деген коомдук пикир пайда болгон.

Конституциялык сот жөнүндөгү мыйзамдын 18-ст. 2-б. боюнча бул соттун чыгымдарынын сметасын Баекованын сунушу боюнча ЖК тарабынан бекитилиши көрсөтүлгөндүгунө карабастан, парламент аны канааттандырбай, ага карабастан, өкүмдар ургаачы аны Акаев аркылуу чечүүгө жетишкен. Баекованын айлыгын Жогорку Кеңештин төрагасынын, Премьер-министрдин айлыгына, ал эми Конституциялык соттун судьяларынын айлыктарын вице-премьер министрдин, министрдин айлыгына теңдешкен.

1997-жылдын 24-декабрында “Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик күзөт жөнүндөгү” Мыйзамынын 8-ст. ылайык КР Премьер-министри, ЖК төрагасы жана Ч. Баекова мамлекеттик күзөт кызматы тарабынан кайтарууга алынып, натыйжада өкүмдар ургаачы өлкөнүн президенти сыяктуу эле өзгөчө камкордукка алынып, өзгөчө айлык, унаа жана социалдык бардык тармактар боюнча эпсиз камкордукка алынып, иш жүзүндө Жогорку жана Арбитраждык соттор дээрлик 2-планда же көмүскөдө калган. Сотторду минтип укмуштуудай бөлүп-жарып, Конституциялык сотту асмандатып, берки эки сотту жарымжан арбөк таштаган көрүнүш 15 жылга жакын өкүм сүрүп, коомдо тийиштүү тартиптин жана бекем мыйзамдуулуктун орношуна терс таасирин тийгизип келди.

1995-жылдын декабрында соттук реформа Конституциялык соттун төрайымы Баекованын “демилгеси” менен Жогорку, Конституциялык жана Арбитраждык соттор бир гана сот тармагынан башкаруу органына бириктирилип, ошондо каржы чыгымы 50%га кыскарат деген идея менен ишке ашырылмакчы болуп, бирок, бул “реформа” жүзөгө ашпай калган.

… 2010-жылдан тартып айрыкча кыбырап келаткан сот реформасы токтоп калгандыктан, соттордун иштерине элдин басымдуу бөлүгүнүн нараазылыгы болуп көрбөгөндөй күчөп, ММКларда юрист эмес кишилер да тынчсызданышып, туура пикирлерин ачык айтып чыгышкан.

Жогоруда аталган 3 сот баш мыйзам талабына ылайык бирдей деңгээлде тураарына карабастан, Баекова Конституциялык сот аркылуу бир топ кылмыш жана жарандык иштер боюнча чыккан өкүмдөрдө, чечимдер боюнча конституцияга ылайык эмес деген теңирден тескери жыйынтыктарды чыгарышкан.

Сот системасында Конституциялык соттун төрайымы Баекова өзүмбилемидикке салып, соттук реформаны чакчелекей кылып, 1998-жылдын 6-мартында өлкөдө “Сот-укуктук реформасын тездетүүнун айрым уюштуруу чаралары жөнүндөгү” Указы чыгып, Президенттин алдында сот реформасын ишке ашыруу боюнча комиссия түзүлүп, Жобосу бекитилген. Комиссия мудүршасы болуп баягы эле Баекова дайындалган. Ошентип, сот тармагын реформалоо, анын ишмердигин жакшыртуу тууралуу Президенттин Указдары, соттордун курултайларынын далай чечимдери кабыл алынгандыгына карабастан, бул багытта иш жылбай, жоопкерсиздик күчөп, коррупция барган сайын тереңдей берди. Бул реформага жамынган башаламандык бир жерде туруктуу иштебеген, “бөдөнө сүтүнө” кынык алып, мурда кылмыш жоопкерчилигине тартылган, тармакты жакшы түшүнбөгөн Акынбек Тилебалиевди Жогорку Соттун төрагалыгына алып келди. Масчылыктан ишке чыкпоону өнөкөткө айланткан неме учурда далай соода точкаларына ээ болуп, чоң көпөскө айланган чагы.

Өз кезегинде Тилебалиев реформанын “талаптарына” жамынып алып, өз командасын түзүү максатында Баекованын кеңеши менен Жогорку Сотто көп жылдардан бери иштеген тажрыйбалуу 7 судьяны орунсуз жерден кыскартып кетирип, бул тармактагылардын жосунсуз жоруктары 2 жыл бою ММКларда дуу-дуу болуп, маскарачылыктын обьектисине айланган.

2004–2008-жылдар аралыгында К. Осмонов Жогорку Соттун төрагасы болуп дайындалып, өзү да, сот тармагы да негативдик жагдайдан арыла алган жок. Теңирден тескери кетти. Бул мезгилде жумурияттагы шайлоолор ачыктан-ачык базарга айланып, анын айынан бир катар округдарда массалык тополоңдор чыгып, Сузактан, Токтогулдан, Таластан, Кадамжайдан келишкен жаалданган шайлоочулар Жогорку Соттун имаратын басып алышып, соттордун баары көчөдө калышкан. Кадамжайлык бир майып аксакал Жогорку Соттун кабылдамасында төрайым Бейшеналиеванын катчысын таягы менен жаткыра чапкандыгы да бекеринен болгон эмес. Тилебалиевдин, Осмоновдун, ж. б.у.с. “бай ишкерлердин” сот тармактарынын тепкичтерин ирети менен басып өтпөгөн, жетишерлик тажрыйба топтой албаган реформанын душмандарынын тармакты кыйраткандыгын коомчулук түшүнбөй калат деп ойлоонун өзү чоң жаңылыштык болду. Бул тагдырчечер жаңылыштыктардын — ​коррупциялык көрүнүштөрдүн — ​кылмыштардын баарына Баекованын күнөөсү чоң десек жаңылыштык болбойт..

Реформага жамынып, Баекова Жогорку Соттун Пленумун, Президиумун алып салууга да жетишкен. Натыйжада Жогорку Соттун чечими, өкүмү даттанууга жатпайт деген гуманизмди, адам укугун тебелеп-тепсеген таштан каттуу нерсеге айландырылган. Эмне үчүн Жогорку Соттун чечимдери даттанылбашы, каралбашы керек?!

Ата баркы менен кыз өтөт дегендей, түз эле 1-инстанциядан Жогорку Сотттун судьялыгына секирген, андан кийин по-блату Жогорку Соттун төрайымы, мөөнөтү бүткөн соң төраганын орун басары болуп иштеген, демилгесиз Ф. Жамашева деген, андан кийин 1-инстанциядан түз эле Жогорку Соттун төрайымдыгына секирген А. Токбаева сыяктуулар сот тармагын бекемдей алыштыбы? Баары тескерисинче болду. Бул экөөсүнүн тең “ишмердиги” коомчулуктун сынынан башкага жараган жок.

Конституциялык соттун төрайымы Баекова 2007-жылга чейин соттордун ишмердигине түздөн-түз кийлигишип, сотторду дайындоого тартынбастан тумшугун тыгып, ошол эле жылдын 10-ноябрында негизги бөлүгү ууру-кескилерден, коррупционерлерден, майда соодагерлерден турган, акчасы жокту адам катары санабаган бийликтин “Акжол” партиясынын сьездинде парламент депутаттыгына талапкерлердин тизмесинин башында турган. Бакиевдердин бул партиясы “Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндөгү” Мыйзамга (6-ст. 2-б.) түкүрүп туруп, Баекованы судьялардын саясий партияларга мүчө болушуна, партиялардын бирин колдоп чыгышына жол берилбестигине карабай, анын төрайымдыктан, судьялыктан кетирбей туруп, парламентке өткөрдү.

Сот тармагын реформалоого жамынуу менен бийлик төбөлдөрү, адис сөрөйлөр бюджеттен, түрдүү гранттандын эсебинен сан-эсепсиз көп акчаларды уурдап-жешти. Өкүнүчтүү жери — ​иш ордунан жылбай, коррупция ого бетер күчөп, коомдо бийлик органдарына болгон ишеним биротоло талкаланды. Аскар Акаев 2000-жылдын 6-июнундагы сот жана укук коргоо кызматкерлеринин өкүлдөрү менен жолугушуусунда ойлонбой сүйлөсө да көрөгөчтүк кылып, судьялардын 90%ына эл ишенбей калды деп бекеринен айткан эмес экен. Андан бери 18 жыл өтүп, мамлекетте коррупция 100 эсе күчөп, сотторго болгон ишеним 1000 эсе кетпедиби, атаганат…

2012-жылдын 17-январында А. Атамбаев “Кыргыз Республикасында сот тармагын андан ары реформалоого макулдашылган сунуштарды иштеп чыгуу боюнча комиссияны түзүү жөнүндө” Указга кол коюп, комиссияга айтылуу Текебаев төрагалык кылып, ага Жогорку Соттун төрагасы, Башпрокурор, түрдүү төбөлдөр, коомчулуктун өкүлдөрү киргизилген. Арадан 5 жарым жыл өткөн соң, “Аларча” резиденциясында комиссиянын ишинин 12-жыйыны деген нерсе өткөрүлүп, анда Атамбаев дүйнөнүн бир да өлкөсүндө мындай олуттуу реформа өткөрүлбөгөндүгүн баса белгилеген. Бирок, комиссиянын 12-отуруму деген жыйынга катышкан журналисттердин көбү “Сот адилеттүүлүгү биротоло өлдү, сотторго эл такыр ишенбей калды” деп жазып чыгышкандыктары бекеринен эмес. Жогорку Кеңештин депутаты Р. Момбековдун жалпыга жарыя кылып: “Сооронбай Шариповичтин коррупцияга каршы багыт алган аракетинин сотторго чейин жеткендигин биз сотторду жазалоо катары эмес, алардын катарын булгангандардан тазалоо катары кабыл алышыбыз керек” деп айткандыгы учурдагы коомдук пикирге абдан ылайык келет.

Бүгүнкү күндө сот чечимдерин аткаруу, сот статистикасы, соттордун ишин талдоо, бул тармактагы алдыңкы тажрыйбаны жайылтуу, кесиптик даярдык боюнча окутуу деген нерселерге дээрлик маани берилбей калды. Соттун ишинин күзгүсү бул — ​статистикалык отчет. Буга такай маани берилбей келет. Бул жерде баары формалдуулуктун астында, тарых чаңынын астында калып калгандай. Анын үстүнө Жогорку Сот 1-,2-инстанциядагы соттордун ишин уюштурууга тийиштүү жардам бербесе… Баары таанышчылык менен чечилип жаткан жерде кайдагы мыйзам, кайдагы талап… Мунун баары акыр аягында келип, сот тармагына карата коомчулуктун нааразылыгын күчөтүп, бийликтин бардык бутактарынын баркына доо кетирүүдө.

Балык башынан сасыйт дегендей, талапты, тартипти, дегеле жүрөккө тийген реформа деген нерсени тээ 6-,7-кабаттан жана Жогорку Соттон баштоо зарыл деп эсептейм. Биринчи кезекте ошолор баарына үлгү болууга тийиш Эгемендүүлүк башталган 90-жылдардан бери балыкты куйругунан тазалай берип, коомчулук чарчады.

Президентибиз Сооронбай Жээнбековдун коррупцияга каршы күрөшүү, мамлекеттик чиновниктердин өз милдеттерине карата жоопкерчилик мамилесин мындан ары да күчөтүү боюнча койгон талаптары толугу менен ишке ашырылууга, анын натыйжасында коом тазаланууга, өлкө ойдогудай өнүгүү жолуна түшүүгө тийиш.

Мындан мурдараак элибиз республиканын көзкарандысыздыгынын 27 жылдыгы майрамдалды. Сот реформасы бул мезгилге дейре сотту реформалоо жөнүндө сөз айтылып, иш жүзүндө толук жүрбөй, жоопкерсиздиктин, тажрыйбасыздыктын, көңүлкоштуктун, өзүмбилемдиктин, сот ишиндеги уюштуруу маселелерин түшүнбөгөн Жогорку Соттун төрагалары, судьялары, мурда жетекчилике иштебегендер “жетектеп”, чыныгы кесипкөйлөр колдоого алынбай, бул тармакты жогорудагыдай абалга алып келишип, аз жерден жогорку Соттун пленумун конституциялык эмес деп, президиумун биротоло жоготушту. Анысы аз келгенсип, соттордун көз карандысыздыгын гарантиялаш үчүн дегендей кылып, алардын иштерин текшерүүгө, жалпылаштарууга такыр болбойт дешип, соттордун иштерин өзүм билемдикке калтырып, ушул абалга туш кылышты. Бул чакан макалада реформалоонун жол-жобосун толук чечмелеп берүү мүмкүн эмес. Ошондуктан, айрым гана фактылар жалпылаштырылып, кыскача талдоого алынды.

Мен бул макаламда сот тармагында иштеген көп жылдык тажрыйбама таянып жана мекенчил аксакал катары окурмандар менен пикиримди бөлүшүүгө аракет кылдым. Каршы пикир болсо, көңүл коюп угууга даярмын.

Султангазы КАСЫМОВ,

Белгилүү устаз, Жогорку Соттун отставкадагы судьясы, жогорку квалификациялык класстагы судья, юстициянын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси, КР эмгек сиңирген юристи, КР алдында өзгөчө эмгек сиңирген пенсионер.

“Жаңы ордо” гезити. №39 (612), 7-декабрь, 2018-жыл.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс