Понедельник , 17-Декабрь 2018
Башкы бет / Аналитика / Эски элита жаңы доорго умтулууда!..

Эски элита жаңы доорго умтулууда!..

Учур саясаты

Президент Сооронбай Жээнбековдун мурдагы 9 өкмөт башчы жана 23 спикерлер менен болгон жолугушуусу экс-президент Алмазбек Атамбаевдин “Апрель” телеканалына берген бир жарым сааттык интервьюсу менен дал келип калгандыктан улам, анын көлөкөсүндө калып, дээрлик байкалбай эле өтүп кеткен сымал болду. А чындыгында, бул жолугушуу (мындай форматта биринчи жолу болуп жаткан саясий окуя катары, расмий пиар-кампания тарабынан кайра-кайра басым жасалгандыгына карабастан), коомдук-саясий турмуштагы конфронтациялык көз караштардын курчуй баштаган учурунда абдан маанилүү. Бери эле болгондо, коомубуздун сергек жана позитивдүү күчтөрүн консолидациялоого аракет жасоо сыяктуу изги кадамдар менен айкалышып турат. А бирок, ошондой ар тараптуу жогорку деңгээлдеги параметрлер сакталдыбы? Кандайдыр бир суперактуалдуу болуп жаткан суроолорго конкреттүү жооптор берилдиби? Же, өнүгүү багытыбыздагы эч көңүл бурулбай, көмүскөдө калып келе жаткан ашкере маанилүү жана келечеги кең проблемалар көтөрүлдүбү?..

Тилекке каршы, “эскилердин” айтылган сунуш-тезистерине учкай көз салуунун өзү эле жетиштүү болуп, ага карата айтылган анча-мынча, азыноолак пикирлердин дээрлик баары тең терс маанайда болгондугу да таң каларлык эмес. Бул жагынан алганда, президент Сооронбай Жээнбеков жана бул иш-чараны даярдашкан жооптуу кызматкерлер деле ичтеринен чоң көңүл калууга (разочарование!) дуушар болушту окшойт. Анткени, баягы эле көнүмүш, “дежурный” каалоо-сунуштар, жана да айрым мурдатан эле коомдо айтылып келе жаткан пикирлерди кайталоо орун алды.

Ал тургай, эң парадоксалдуу жагдай, “экстердин” дээрлик баары тең мыйзамдуулуктун бекем сакталышын колдой тургандыгы маалым. А бирок, өздөрү кайра азыркы президентти мыйзамсыз кадамга барууга түртүп жатышканын дагы аңдагылары келишпегенсийт. Же, атайылап ушундай жасап жатышат дегенге аргасызбыз. Маселен, “саясий мотив менен камалгандарды бошотуу керек”, “Өмүрбек Текебаевдин ишин кайра кароо керек” деген сунуш-талаптар абсурд жана мыйзамдарга маани-маңызы боюнча карама-каршы келет. Мамлекеттик төңкөрүш жасоого аракет кылуу жана да коррупция (эң эле коркунучтуу, мамлекеттик маанидеги кылмыш!) менен соттолгондорго ушундай ырайымдуу мамиле жасоону суранып жатышат. Ошол эле учурда, болор-болбос кылмыштуулук айынан, же жокчулуктун азабынан, муктаждыктан улам жеңил-желпи жаза баскандар амнистияны күтүп, баланда ичип, акыйып олтурушканын, ал эми “элиталык кылмышкерлер” (азыркы биз сөз кылып жаткан “эскилердин” бир кездеги жакын табакташтары!) “суперлюкстуу камераларда” коньяк ичишип, казы-карта, чучук, бешбармак жеп жатышканы көз жаздымда калууда.

“Каралардын” өз мыйзамдары бар экендигине карабастан, ириде жада калса түрмөдө да мыйзам баарына бирдей болушуна жетишүү зарыл. Мамлекеттик бийлик ошондо гана күчтүү болуп, барктала баштайт. Тескерисинче, вип-камераларга заманбап шарттарды түзүп берип, анысы аз келгенсип, өздөрү алардын алдында бөйпөңдөп кызмат кылып жүрүшсө, кандай мыйзамдуулуктун сакталышы жөнүндө сөз кыла алабыз?

Аларды ашыкча эркелетпей, массалык-маалымат каражаттарына каалашынча интервьюларды беришине да мыйзам чегиндеги барьерлер коюлса, абдан туура тосмо болмок. Эгерде ошончолук эле интервью бергилери келишсе — ​түзөтүү колонияларынын ведомстволук гезит-басылмалары бар. Ошолор менен гана кызматташышсын, ал эми коомдун сергек катмарына кызмат кылган массалык-маалымат каражаттарына өтө сейрек (исключительный!) моменттерде гана чыгууга жол берүү керек. Антпесек, кылмышкер делинип, соттолуп, жаза мөөнөттөрү белгиленип, аны өтөөнүн тартиби боюнча атайын чектөөлөр коюлган адамдар телевизорго каалашынча чыгып, массалык-маалымат каражаттарында узун интервьюларды бергендери биздеги мыйзамсыздыкты тастыктоодо…

Ал эми “люкс-камераларга” келсек, алардын “тургундарынан” мыйзам чегиндеги каралган конфискация жана да эл мүлкүнөн, мамлекет казынасынан уурдап алгандарын эң соңку тыйынына чейин кайра төгүп берген соң гана, мына эми, силерге кааласаңар, өз эсебиңерден заманбап түрмө салып беребиз, узак мөөнөттүү жазага кириптер болгонуңарды эске алуу менен бирге, мамлекеттик маанидеги ууру-кески, коркунучтуу кылмышкер болгонуңар менен, силер да биздин бир кездеги тең укуктуу жарандарыбыз экендигиңерди эске алуу менен, хозрасчеттук тартипте иштей турган түрмөлөрдү куруп бере алабыз?! — ​деп сунуштаса болот.

Ансыз мыйзамдуулук бардык жарандарга бирдей деген түшүнүктөр күнүмдүк турмушубузда гана эмес, жада калса мыйзамдын күчү менен кармалып турган жаза мөөнөттөрүн өтөө мекемелеринде да эч качан орнобойт.

Бул жолугушуудан соң, “Саясий репрессиялар” деген термин да улам кайталана баштады. Дагы эле болсо, ар бир олуттуу түшүнүктү өтө этияттык менен колдоно билүү муктаждыгы жаралууда. Ал эми Текебаевдин ишин Москвада “Леонид Маевскийдин кармалгандыгына байланыштуу”, жаңы жагдайлар пайда болгондуктан, кайра кароо керек деген пикирлер эч суу кечпейт. Маевский азырынча кылмышка шектелип, убактылуу кармоочу жайга гана киргизилди. Эгерде ал дагы бир аздан соң толук акталып чыкса (мыйзамдуулуктун сакталыш деңгээли боюнча РФсы бизден алда канча жогору турары шексиз), анда абактан чыгарылган Текебаев кайра түрмөгө киргизилеби? Дегеле, Маевский кылмышкер катары соттолгон учурда деле, Текебаев мындан эки жылча мурда соттолгон. Андан “Мегаком” боюнча ири өлчөмдөгү — ​миллион доллар! — ​параны алдамчылык менен алуу фактысы мындан сегиз жыл мурда жасалган. Демек, ошол фактылардын баарын кайрадан толугу менен жокко чыгарууга мүмкүн эмес…

Саясий экстремизм, саясий багыттагы кылмыштуулукка кайрылып, соңку он-он беш жылда орун алган окуяларды олуттуу талдоого алып көрөлүк. Экс-президент Алмазбек Атамбаев, экстраваганттуу жана абсурддуу саясий билдирүүлөрдү жасоону көнүмүшкө айландырып алганы менен да, экинчи жагынан алып караганда, тескерисинче, коомдук-саясий турмуштагы сезилерлик позитивдүү өзгөрүүлөргө (а балким, дал ушул жалгыз багытта гана?!) жетишкендиги, коомдук-саясий жашоо ыргагындагы стабилдүүлүктү камсыздай алгандыгы талашсыз. Себеби, тээ 2002-жылдагы “Аксы окуяларынан” башталып, айрыкча 2005–2014-жылдарда биздин өлкөдө саясий митинг-пикеттерден башыбыз чыкпай, борбордо жана республиканын бардык аймактарында күн сайын өтүп келген. Ал тургай, коомдун басымдуу бир бөлүгүндөгү калктын люмпендешкен катмары муну демейки “жумушка чыккандай” эле көрө баштап, күнүмдүк жашоого оңой каражат табуунун ишенимдүү булагы катары дагы карап калган.

Дал ошол сыяктуу эле, массалык-маалымат каражаттарындагы ээнооздукту (муну сөз эркиндиги менен чаташтырбагыла!) тыюу, басма сөз жана массалык-маалымат каражаттары тууралуу мыйзамдар багытындагы айрым оң жылыштар да дал ушул экс-президент Алмазбек Атамбаевдин бийлиги тушунда жасалды. Атамбаевдин айрым журналисттерди жана маалымат каражаттарын сотко берип, ири өлчөмдөгү доого жыккандыгын деле позитивдүү — ​келечектүү ракурста кароо зарыл. Сөз эркиндигин көчөдөгү катын ушак менен чаташтырбоо керек. Катуу, эч кандай компромиссиз сындоого берилген укуктар аргументтүү далилдер менен коштолуп, белгилүү бир тар чөйрөнүн эмес, жалпы өлкө жана мамлекеттик кызыкчылыктар үчүн гана кызмат кылышы — ​өнүккөн коомдордо эбак эле азбукалык түшүнүктөргө айланган…

“Эски элита” жолугушуусундагы айтылган идиректүү сунуш-пикирлердин аздыгы, — ​аталган иш-чарага келишкен инсандардын көптөн бери коомдук-саясий турмуштан оолактап кетишип, актуалдуу маселелер менен активдүү алектенбей, жекече мүнөздөгү өздөрүнүн көйгөйлөрү менен гана алышып калышкандыктан улам да болушу ыктымал. Объективдүү алып караганда, жаш курактары, ден соолук, үй-бүлө ж. б. жекече маселелер алар үчүн баарынан актуалдуу. Демек, бул жолугушууга өзгөчө маани берип, аны ашкан бир күтүүлөр менен байланыштыруунун өзү кандайдыр бир деңгээлде туура эмес. Албетте, аларды маразматик болуп калгандар, же альцгеймер оорусуна чалдыккандар деп айтуудан алыспыз. Объективдүү жагдайлардан улам, отставкага кетишкенине — ​алды чейрек кылымга жакындап (А. Жумагулов), арты — ​эң эле жаш отставниктерге, беш-алты жылга жакындаган (А. Келдибеков, Т. Сариев) мурдагы жетекчилерден кандайдыр бир деңгээлдеги иштиктүү, чечкиндүү жана кескин бурулуштуу өзгөрүүлөрдү шарттай турган сунуштарды күтүүнүн өзү абсурд.

Өлкө азыр соңку геополитикалык өзгөрүүлөр алкагында, такыр башкача кырдаалда жашап жатат. АКШнын РФна (жана кыйыр түрдө анын союздаштарына да) 2016–2018-жылдарда коюлган экономикалык санкцияларын айтуу эле жетиштүү болор… Чын-чынына келгенде, экс-премьерлер жана экс-спикерлер азыркы актуалдуу маселелерден артта калышкандыктан, же көптөгөн мамлекеттик деңгээлдеги маалыматтардан куржалак болушкандыктан улам гана өтө маанилүү сунуш-идеяларды бере алышкан жок десек да калыстыктан тайган болор элек. Объективдүү караганда, “экстер” өздөрүнүн чыныгы потенциалдык интеллектуалдык-профессионалдык деңгээлдерин гана дагы бир жолу айкындагандай болушту. “Сыр аяктын сыры кетсе да, сыны кетпейт” демекчи, “экстердин” баары тең өздөрүн өлкө масштабында, ал тургай планетардык масштабда ойлонуп, алиге чейин жалпы элдин көйгөйлөрү менен жашап келе жатышкан инсандардай көрсөтүүгө умтулушканы түшүнүктүү…

Дагы бир өзүнөн өзү суранып жаткан бир ачык параллель — ​ушул аталган саясий жана мамлекеттик ишмерлердин дээрлик баары тең жогорку кызматтан биротоло кетишкен соң, эс алууда жүрүшкөндөн кийин бир аз убакыт өткөн соң, мамлекеттик бийлик, эл жана өлкө өнүгүшү багытындагы жеке өз ойлорун чагылдырган жана жеке инсандык дараметтерин айгинелеген китептерин жарыялашкан. Асыресе, алардын бири да коомдук-саясий турмушубуздагы байкаларлык окуяга айланган эмес. Же фигуралдуу айта турган болсок, “Сингапурская история” сымал мемуардык-интеллектуалдык-тарыхый эмгекти жаратуу үчүн Ли Куан Юнун масштабындагыдай инсан болуу зарыл. Ал тургай, КМШ аймагындагы айрым “экстердин” (Гейдар Алиев, Эдуард Шеварднадзе, Евгений Примаков ж. б.) деңгээлине да жеткен эмес.

Себеби, алардын эскерүү китептеринин көбү жеке үй-бүлөлүк гана алкактан чыга албай, автобиографиялык мүнөздөгү мазмунга гана чулганган. Өздөрүн эң башкы оң каарманга айлантып, көбү өздөрүнүн инсандык-потенциалдык дараметтери чектелүү, тар кызыкчылыктардан көтөрүлө алышпаган майда адамдар экендиктерин өздөрүнүн китептери аркылуу далилдешкен. Жалгыз гана Апас Жумагуловдун “Өтөлгөлүү өмүр” аттуу китебинин айрым эпизоддорунан гана Кыргызстандын союздук маалындагы соңку учурларынын деми уруп турганы байкалбаса, эгемендик тушунда да иштегенине карабастан (азыркы жаш экономисттер: ал артта калган адам, учурдагы рынок проблемаларын анча терең түшүнбөйт деп бекер айтышпаса керек) бул учур тууралуу жарытылуу ойлор аз.

Калган көп “мемуарчылар” конкреттүү бир тема алкагында китеп жазышса да (маселен, “Кумтөр” алтын кенинин түптөлүшүнөн баштап, окуянын чордонунда болгон Турсунбек Чынгышев сымал), курч суроолорду атайылап кыйгап өтүп, жеке өздөрүнө ыңгайлуу “чындыкты” гана ортого салышканы байкалат. Тилекке каршы, биринчи премьер-министр Насирдин Исанов өз мемуарларын жазган куракка жеткен жок. Тарых аны эгемендиктин алгачкы доорундагы легендарлуу, Султан Ибраимов сыяктуу трагедиялуу фигурага айлантты.

Конституциялык реформа жасоо, губернаторлор институтун кайтаруу, административдик-территориялык өзгөртүүлөр тууралуу коомчулукта мурдатан эле кеңири сөз болуп, талкууланып келген. Бул жаңылык деле эмес. Демек, экс-жетекчилер менен мындай жолугушууларды регулярдуу түрдө өткөрүп туруу керек деген сунуш — ​президенттин тар, кымбат убактысын жөнү жок алып, бошко кетирүү менен барабар.

Ишенбек МУРТАЗАЕВ

“Жаңы ордо” гезити. №38 (611),  30-ноябрь, 2018-жыл.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс