Понедельник , 17-Декабрь 2018
Башкы бет / Досье / Унчукпай койгонго укугум жок!

Унчукпай койгонго укугум жок!

Урматтуу Сооронбай Шарипович!

Узун эсеби боюнча, Сизге жазган ушул арыз катым төртүнчү.

Биринчиси, Чаткал районундагы «Беш-Арал» мамлекеттик жаратылыш коругуна жергиликтүү бийликтин демилгеси менен «Мурас-Синтез» ЖЧКсынын мыйзамсыз жол салганы тууралуу (ОП-1000 «20» 04. 2018).

Экинчиси, Каныш-Кыя айыл аймагындагы «Торпок түштү», «Чаарташ» жана «Чуулдак» уютулган алтын кендери боюнча өткөрүлгөн Аукциондордун күмөндүүлүгү (Коомдук уюмдар менен Сиздин жолугушууӊузда өз колуӊузга тиет го деген үмүттө Р. Карасартова аркылуу бергем).

Үчүнчүсү, Чаткал райондук прокуратурасы тарабынан «Беш-Арал» мамлекеттик жаратылыш коругундагы 200 га жерди трансформациялоо боюнча жергиликтүү бийликтин кабыл алган чечими, айыл өкмөтүнүн токтому жана райондук мамадминистрациясынын чыгарган буйругунун мыйзамдуулугуна көзөмөл жүргүзбөгөндүгү;

жергиликтүү бийликтин айрым инвесторлорду сызга олтургузуп, айрымдарын калкалаган фактылар жана кен казуу ишканаларынын районго бөлгөн соцпакеттеринин коррупциялыклык жолдор менен максатсыз жумшалып жаткандыгы тууралуу (ОП/2008 от 27.07.18).

Эгер ушул арыз каттарым мыйзам чегинде каралып, жообу канааттандырса төртүнчү ирет Сизге арыз-кат менен кайрылып, алтындай убактыӊызды албайт болчумун. Ошондуктан ток этеринен баштайын, Сиз чыдап окуп коюӊуз.

2017-жылы Бейиштин төрүндөй болгон «Беш-Арал» мамлекеттик жаратылыш коругунан уюшкан топтордун алтын казып алуу үчүн жол салып жатканын угуп, ушул фактыларды тактап берүү өтүнүчү менен КР Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекттик агенттигине кайрылгам. Алар «… жаӊы жол салынып жаткандыгы аныкталбады» деген жоопту беришкен. (КР Өкмөтүнө караштуу мамагенттиктин жообу №08-10-28/4 Н, 08.02.2018).

Ырас, «Беш-Аралдан» чымчык эле учуп өтпөсө, КР мыйзамдарына ылайык аймагына мал жаюга, киши-каранын бейчеки кирип-чыгышына тыюу салынган корук. Муну Чаткал районунун акими К.Эшалиев өзү иш жүзүндө («Беш-Аралда» деректир болуп кызматта олтурганда) далилдеп, корука кирип кеткен 17 уйду камакка алып, күндүзү егерлерге, түнкүсүн милицияга кайтартып чоӊ чуу салган. Ошондо акылы жок уйлардын ээлеринин айлалары алты кетип, аке-жакелеп ортого аттуу-баштууларды салып, штрафын да төлөп (мамлекеттин казнасына төлөндүбү же сол чөнтөккө өөнөлдүбү, текшерип көрсө болчудай) бешене-тери менен тапкан малын араӊ кайрып алышкан. Анын куну бир уйга татыганы азыр баардык чаткалдыктарга маалым.

Анан эле акимди «кайсыл кара теке сүзгөнүн» билбейм, 2017-жылы 26-июнда Чаткал айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабеков Ак-Таш айылынын 41 тургуну менен шашылыш жыйын куруп, коруктагы Найза алтын кенин казууга «Мурас-Синтезге» уруксат берип, аны айылдык кеӊештин чечими менен бекитип көтөрүп келсе, «кой, бул өзгөчө коргоого алынган корук»,- деп токтотуп койгондун ордуна №157-буйругун чыгарып, коруктун аймагынан Чек ара заставасы үчүн 200 га жерди трансформациялоо маселесин кароого комиссия түзөт. Ал ортодо Чаткал айыл өкмөтүнүн башчысы ашыгып, мыйзам жол бербегенине карабай коруктун 200га аянтын «Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймагынын жерлери категориясынан өнөр жай, транспорт, байланыш, коргонуу жана башка багыттагы жерлер» категориясына которуу жөнүндө токтомун токуп жибергенге үлгүрөт. Жергиликтүү бийлик мына ушинтип сүрөөнгө алып атса, анан «Мурас-Синтез» ЖЧКсы карап турабы, 2017-жылдын июнь айында «Беш-Арал» мамлекеттик жаратылыш коругунун чок ортосун аралап, Найза алтын кенине мыйзамсыз жол салып кирет.

Ушул документтер колума тийген соӊ көчүрмөлөрүн тиркеп, мыйзамдуулугуна көзөмөл жүргүзүү өтүнүчү менен КР Башкы прокуратурасына кайрылып, «эч кандай мыйзам бузуу аныкталган жок» деген райондук прокуратуранын жообун алдым. (Чаткал райондук прокуратурасынын жообу тиркелди №140-285-18, 17.04.2018.).

Ошентип мамлекеттик мекемелер «Беш-Аралдагы» фактыларды көз көрүнө жаап-жашырып баштаганда Сизге биринчи катты жазууга аргасыз болгом. Ошондон кийин КР Өкмөтүнө караштуу мамэкотехинспекция «Мурас-Синтез» ЖЧКсы мыйзамсыз жол салганын жеринде аныктап, КР мыйзамдарына ылайык 2,5 миллиондон ашык доо талап койду. Ал эми Чаткал райондук прокуратурасы «Мурас-Синтез» ЖЧКсы жана «Беш-Арал» мамлекеттик жаратылыш коругунун жооптуу кызмат адамдарынын үстүнөн КР КЖКнин 279-ст. 2-б. 1-п., 273-ст. 2-б. жана 304-ст. 1-б. менен 2018-жылдын 11-июнунда кылмыш ишин козгойт. Учурда бул кылмыш иши боюнча Жалал-Абад областтык УКМКнын тергөө бөлүмү тарабынан тергөө аракеттери жүргүзүлүп, бирок эмдигиче «мыйзамсыз жол салууга кимдер күнөөлүү» экендигин аныктай элек. Ал ортодо УКМКнын тергөөчүсү кылмыш ишти бир ирет мыйзамсыз токтотуп, областтык прокуратура кайра жандандырды. Бирок, бул кылмыш иштин аягы сотко жетишине күмөнүм бар.

Ал эми жергиликтүү бийликтин кабыл алган токтом-чечимдери боюнча жооптуу кызмат адамдарга карата чара көрүү жөнүндө райпрокурор (№488-18. 18.07. 2018-ж.) менен облпрокурордун орун басары (Ибраим уулу У. №8/1-169-18. 18.07. 2018-ж.) КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө сунуш келтиришсе, ошол эле облпрокурордун дагы бир орун басары (Р.Нурмаматов. №8/1-169-18. 17.09. 2018-ж.) «…жергиликтүү бийликтин кызмат адамдарынын мыйзамсыз кыймыл аракеттери тууралуу доомат өз ордун таппагандыгын маалымдайт».

Укук коргоо органдарынын, болгондо да мамлекеттин атынан мыйзамдуулукту көзөмөлдөгөн прокуратуранын мындай эки ача жообуна эмдигиче акылым айран. Же «мыйзам – буйлаланган төө, кайда жетелесеӊ кете берет» деген кептин төркүнү мына ушундабы?..

«Беш-Арал» мамлекет тарабынан өзгөчө коргоого алынган корук эле эмес, Өзбекстан менен чек арасы чектеш болгондуктан Өлкөбүз үчүн стратегиялык мааниге ээ аймак. Эгер КР Өкмөтү демилгени өзү колго алып, ушул аймака жол салдырса бир жөн эле. Анын ордуна жергиликтүү бийлик мамлекеттик чек ара үчүн кам көрүп, жолду салууну жеке менчик фирманын энчисине басып берейин деген аракети кандай?

«Мурас-Синтез» ЖЧКсы заказчик катары документтерди даярдап, аны жергиликтүү бийлик жана КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү колдоп, Өкмөткө сунуш жөнөтүп олтурганын кандай түшүнсөк болот?..

Же бизде мамлекеттин күнү ушинтип жеке менчик, болгондо да жалаӊ кытайлар иштеген фирмага түшүп калды беле?!

Демек, чек арачыларды бетине кармаган жергиликтүү бийликтин бул аракетинде чо-оӊ мандем бар!

Баса, акылы жок үй айбандары (17 уй) коруктун чабыгына түшсө абака алып, катуу чара көргөн укук коргоо органдары «Мурас-Синтездин» каз тамандуу оор техникалары коруктун кыртышын бузуп, тал-терек, бадалдарды түбү менен омкоруп жатса эмнеге камакка албайт?

Бир сөз менен айтканда, бул – жергиликтүү бийликтен баштап борбордук бийлик жана укук коргоо органдары аралашкан коррупция!

Чаткал – алтындын кенине бай өрөөн. Кен иштетүүгө кызыккан инвесторлор акыркы беш жылдын аралыгында районго көп каражаттарды бөлүп беришсе дагы Чаткал гүлдөп кеткен жок. Тескерисинче, кайра байлыгы таланып-тонолуп, экологиясы бузулуп, эл менен инвестор-кен казуучулардын ортосундагы карама-каршылык күчөп баратат.

Экинчи, үчүнчү катта да коррупцияны далилдеген фактыларды тиркеп, сизге кайрылгам. Анын азына тиешелүү мамлекеттик мекемелер жооп берип, көбү көмүскөдө жоопсуз калды.

Урматтуу президент!

Сиз коррупционерлердин аттарын ачык атагыла, чогуу күрөшөлү дегенсиз. Чаткалдын алтын кендерине аралашкан коррупциялык иштер райондун акими, айыл өкмөттөрү, райондук укук коргоо органдары менен эле бүтпөйт. Анын учугу КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад областтык ыйгарым өкүлчүлүгүнөн тартып Ак үйгө чейин уланат.

Конституциянын гаранты катары Сизге мамлекеттик комиссия түзүп, ага бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү менен көз карандысыз эксперттерди кошуп комплекстүү текшерүүгө шарт түзүп берүүӊүздү суранам.

Абдыжапар Нурдинов,

эркин журналист.

 

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс