Понедельник , 17-Декабрь 2018
Башкы бет / Жаңылыктар / Сооронбай Шарипович!

Сооронбай Шарипович!

Сиз “ак эмгегин” баалаган аким Чаткал токой чарбасында иштеп турганда токой сатып, “Беш-Арал” мамжаратылыш коругун жетектегенде жамаатка сыйлыка болунгон 400 мин сомду сол чонтогуно солоп, коруктун мингич аттарын согум кылып, кайберенге болунгон туз, жем-чопту, корукчуларга берилчу кийимди кошо жалмаганын чаткалдыктар жакшы билет.

Барынан кызыгы, коруктагы чабыкка жергиликтуу элдин 17 ую киргенде камакка алып, кундузу егерлерге, тундосу милийсага кайтартып, бир ай мал ээлеринин мазесин алган. Аким болгондон кийин ошол корукка каз тамандуу техникаларды кийирип, кашайып чегарага жол салгыла деп кытайларды жумшап жатпайбы!
Жергиликтуу элге, малга иштеген мыйзам кайда?! Же райпрокурор “ноктолоп”, акимге байлап бергенби, кайда жетелесен озун бил деп.
Корук ичи аркылуу чек арага жолду мамлекет салса бир жон. Анткени стратегиялык маанилуу маселе бул. Ошондой маанилуу маселени качантан бери айыл окмот менен аким, жеке менчик фирма чечип калган? Болгондо да чет олколук жарандарды чек арада иштетип жатса, ушуларга куну туштубу деп олко учун канырыгын тутойт.
Уйларды камаган укук коргоо органдары, “козуно кор топурак тыгылгыр”, прокурор менен УКМКнын тергоочусу каз таманды камакка албай, “кормоксон” болуп олтурса жан кашаят экен.
Элдин баары жерге тукуруп атыр… мына бийликтин кадыры.
Эми акимдин “ак эмгегин” баалаган куттуктоонузду коруп, Сиз курошуп жаткан коррупция “колтугунузга” кирип алганына тан калып олтурам. Анткени аким ар кайсы чойродо Сизге жакын экендигин мактанып, минтип соцтармактарга чейин чыгарууда.
Ал эми жогорудагы мыйзам бузуулар жонундо Сизге мен 3 кат менен кайрылгам, 10 ай отту, бир жыйынтык жок…

Абдыжапар Нурдинов

(макала автордун ФБдагы барагынан алынды жана өзгөртүүсүз берилди).

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс