Понедельник , 17-Декабрь 2018
Башкы бет / Досье / Кечээки курултайдан кийин пайда болгон ойлор:

Кечээки курултайдан кийин пайда болгон ойлор:

– Эмнеге биз дайым кеткендерди шыбап, учурдагыларды мактап калабыз;
– Бирөөнүү мактайм деп, “ажыдарга” айлантып албайбызбы, дегенди качан ойлонобуз;
– Аксакалдарыбыз деле акырын бийликти урушумуш болуп, бийликтин камчысын чапканды үйрөнүшүптүр;
– Кеткенге анча эмне көңүл бурабыз, алдыга карабайлыбы, десем эле, баары АШАны урушуп калганын түшүнбөй жаткам, көрсө кол тийбестигин алгыла, дегенге алып баратышкан турбайбы, аттиң…… качан тарыхтан сабак алып, алдыга туура жол табабыз экен.
Ушул ички ой-толгом тарап кете электе Президент Жээнбековго кайрылуу.
Урматтуу Сооронбай Шарипович, ким кантип келет маанилүү деле эмес, маанилүү кантип КЕТЕТ. Сиз президенттик тактаны калтырып кетип жатканда, эл өкүнүп, көздөрүнөн жаш куюлганын көргүңүз келсе, анда СИСТЕМДҮҮ РЕФОРМАЛАРДЫ башташыңыз керек. Бийлике калууну ойлонбоңуз, сиздин тегерегиңерге ал маанилүү, а сизге бир тыйынча пайдасы жок. Анткени, Президенттин тегереги дайым ат минип жүрүшөт, ким президент болуп келбесин. А сиз, тарыхта калууңузду ойлонушуңуз керек. Кыргыз элиңиз оңолууну күтүп жатат, азыркы мыйзамсыздыктан жүдөдү, талкаланган тагдырлар жөнүндө жазбай эле коеюн.
Кайсы реформага биз муктажбыз билгиңиз келсе, ал жөнүндө жазып кетейин:
1. Бийлик бутактардын ортосундагы тең салмактуулукту ордуна алып келиңиз, ал УКМКнын (ГКНБ) реформасы менен ишке ашуусу мүмкүн. Тең салмактуулук орундамайын, парламент дагы, сот системасы дагы өнүкпөйт;
2. Кымбат шайлоо системасы менен биз эч качан алдыга жылбайбыз. Өзүңүз деле башыңыз менен тартып жатсаңыз керек, жардам бергендер кекетип, оз кызыкчылыгын аркалап, кайра талап коюп келишет, ошондуктан азыртан баштап ошол кодексти өзгөртүү керек;
3. Күчтүү өлкө күчтүү аймактардан кана курулат, ошондуктан сиз белгилеген “региондор өнүгүү” темасы бир жыл менен чектелбей уланып, эми системдүү реформалар менен коштолушу керек. Ал жерде жергиликтүү бийликти – түз шайлоо жатат, жана каражаттын 30 % бөлүнүп берилиши абзел, азыркы 13 % менен бир дагы аймак өнүкпөйт.
Ушул реформаларды жакынкы арада баштабасаңыз, анда 6 жылдын ичинде башталбасын далилдейсиз, өкүнүчтүү болот, Кудайым берген мүмкүнчүлүктүү пайдаланбай калсаңыз.
Урматтуу кылымдарды жаңыртып келе жаткан кадырман КЫРГЫЗ ЭЛИМ! Ар бирибиз күчбүз, ар бирибиз маанилүүбүз, келгиле оңолууга кадам таштайбыз. Туура сөз менен, туура ой менен, туура аракет менен. Баардык демилге элибиздин колдоосуна муктаж. Оңолуга болгон оюңар болсо бөлүшүңүз, келгиле биригип алдыга карайбыз, бир бирибизге жөлөк таяк болобуз, бул дүйнөнү жаныбызга ала жатпайбыз, өлсөк эки метр жерди кучактаган бойдон калабыз, эртең келечегибиз кандай болот, азыр бизден кызыкдар.
(макала автордун ФБдагы барагынан алынды жана өзгөртүүсүз берилди).
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс