Понедельник , 17-Декабрь 2018
Башкы бет / Жаңылыктар / ЭЛДИН НАЗАРЫНАН КАЛЫП КЕТКЕН АТАМБАЕВ ( 2-бөлүгү)

ЭЛДИН НАЗАРЫНАН КАЛЫП КЕТКЕН АТАМБАЕВ ( 2-бөлүгү)

Ошентип Курултайда жарыш сөзгө чыккандардын таржымалын жазайын.Курултайдын жүрушүндө ордунан обдулуп туруп, сөз сураган карапайым адамга сөз бербей койгону албетте жаман болду.Ыза болгон адамды кырк чоросу менен коркутуп, сыртка чыгарып койгону, уюштуруу комитетинин бетине чиркөө болду.Сүйлөп чыкчулардын тизмеси алдына ала түзулүп калганбы, аймактан келгендер айта турган кебин айтпай калганына кадимкидей ыза болушту.Кечээ эле, Атамбаевге иш козголсо укугун коргойм деп желпилдеген, чыканактай Турсунбек Акун жүткүнуп чыгып, кеп талашканга өлө уста эмеспи)))), ушу маскарапоз, акыйкатчы кезинде Батукаевди кичи мекенине кетишине кол кабыш кылып, абакта ага 48 жолу каттаганы үчүн президиумда отурдубу? Чыгып алып АШАны колунан келишинче шыбады, мында бет деле жок экен.Курултайдын резолюциялык бөлүгү окулуп атканда, аптыгып дагы чыгайын дегенде кеп берилбей калды эле жылып барып ордуна отуруп калды.Мага тандамал адамдар гана сүйлөгөндөй таасир калтырды.

Президиумда отуруп алып, Ч. Абыкеев ар кимге акыл үйрөткөн “чокчолой баатырлыгы” жакпады.Акыл үйрөткүдөй ал жерде мектеп окуучулар отурган жок да.
Жарыш сөзгө чыккандарга 3 мүнөт берилди, итирейген 3 мунөттө кайсы жарытылуу ойду, сунушту айтса болот? Жок дегенде 10 мүнөт берсе, дурус болмок.Мен башында эле жазгам, курултайга 3 саат аздык болот деп.Жыйында капчыгында пулу бар, бизнестин битин сыккан дөө- шаалар отурду, залдын аренда убактысын узартып койсо, ошолор деле төлөп коймок, ит кууп келаткансып,
жыйынды бүтүргүчө шашышты.Чындап айтканда, мага Атамбаевдин президент кезиндеги 6 жылдык ишмердүүлүгү менен Жогорку Кеңештин 6 чакырылыштагы депуттардын иши канааттандырарлык эмес деп табылганы майдай жакты.
Аксакал Кемелбек Ашыралиев минтип сүйлөдү:” Атамбаев ажо кезинде, Нарында чөп 2 метр өсөт деп осол сүйлөдү.Акаев, Бакиев, Атамбаев да элден кечирим сурабады.Максимдин жерине там салып алганы учүн, Алмазбекти шоопурдун жанына отургузуш керек, экс-президенттин байлыгын эсеп- кысап кыла турган мамлекеттик комиссия алгылыктуу иштесе, көптөгөн байлыктын булагы чыгат.Мурунку ажолордой качырып жибербей, чек арадагылар дамамат көзөмөлгө алыш керек деген оюн баары кубатташты.Акунов Урмат: “Атамбаевди сот жообуна тартыш керек!” деди.Маматалиев Улук мырза”Атамбаевдин 6 жылы элине бакубат жашоо апкелбеди.Бетине айтса, улуттун көк жал уулдарын каматты, сабатты, абакта отургандардын адамдык абийирин кемсинтти.Иши канаатандырарлык эмес деп табылып, кылмыш иши козголсун.Алмазбек Шаршенович, Нариман менен селфилешип жүргөндө бардык нерсеге моралдык жактан даяр экенин азыр Түлеев айтты, андай даяр болсо, анын орду демек түрмө!,- десе боло. Улук өзү түз жүргөн, түз сүйлөгөн жакшы жигит.
Акаев, Бакиев доорунда алдын ала даярдалган дүжүр чалдар болор эле, бийликтин көңүлүндөгү ойду ошолор бакылдап айтып турчу.Бу сапар Аманбол Бабакулов деген саясатка аралашып жүргөн, жаштар митингге чыкса, барбалаңдап катышып калганын көрүп жүрөбүз.Трибунага чыккан докладчыларга гана улам суу куюп жүргөн неме, кезмети келдиби:”Сооронбай Шариповичти кудай эле жетелеп келди!” десе, залдагылар шарактап күлүп жиберди.Кысталак бала кызмат эңсеп калдыбы, Мавлян Ленин районуна биринчи зам болуп баргандан бери, жаштарыбыз президентке уялбай эле ода айта башташты.Эми ошо мактоону деле кагазга ороп, байкатпай айтса болот да,Ыксыз, кошоматка кой сойгон кеби күлкүнүн бутасына алынды.
Курултай да болду, бирок Алмазбек үн катпады, жанында Кундуз Жолдубаевадан башка эч ким калбаптыр.Эстеп, колдоп койгон адамы жок экен.Шарактап артынан ээрчиген чоңдордун баары Сооронбай акемин короосунда жүрөт.Сокемди да бир күнү ошолор дал ушинтип жалгызсыратып кетпегей эле.6 жыл деген эмеле өтөт эмеспи.

Жамиля Насирова.

(макала автордун ФБдагы барагынан алынды жана өзгөртүүсүз берилди).

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс