Понедельник , 17-Декабрь 2018
Башкы бет / Аналитика / Саясаттагы орду ченелүү, таасири чектелүү… зор күч!

Саясаттагы орду ченелүү, таасири чектелүү… зор күч!

Учур саясаты

Президент Сооронбай Жээнбековдун “Кыргызстан жаштарынын Республикалык конгрессиндеги” жаштар менен болгон жолугушуусунан соң, эки анжы, күдүк ойлорго салган, канааттанбай калгандай коомдук маанайлар жаралгандыгы мыйзамченемдүү жыйынтык катары кабылданышы зарыл. Себеби, бир жагынан алып карасак, тээ совет доорунан бери эле жадыбалдай кайталанып келе жаткан баягы эле кооз, баналдуу сөз тизмектери (жаштар биздин келечегибиз, зор таянычыбыз, мекенибиздин тиреги жана келечеги ж. б.д.у.с.), ал эми экинчи жагынан алып караганда, амбициясы менен таттуу кыялдары айкалышкан, фантазиялуу, куру кыялдуу прожект сыяктанган идея-долбоор-сунуштар аз да болсо айтылгансыды.

Дегеле, бийлик менен жаштардын өз ара мамилелеринде мындай маанайдагы жолугушуулар кез-кезде болуп турары жаңылык деле эмес. Ал тургай, эгемендик доорунан берки чейрек кылымдан ашуун тарыхыбызга көз чаптырсак, мындай форумдар коомдук-саясий турмуштагы коомдук пикирди жаратуучу негизги элементтердин бири катары да пайдаланылып келе жатат. Акаевдик доордогу осмонакунчул эки жүздүү мамлекеттик идеологиянын таасири менен, айткан сөзү бир башка, аткарган иши теңирден тескери болгон замандан бери эле, жаштарды саясаттагы курал катары пайдалануу ыкмасы бекем орун алып келген.

Тагыраак айтканда, жаштар деп аталган калктын басымдуу бөлүгүнүн ойлору угузулуп, аларга мамлекеттик деңгээлде көңүл бурулуп жатканы жана мындан ары да бурула берери кез-кезде тастыкталып турушу шарт. Биз силерди унутпайбыз, эч качан эстен чыгарбайбыз, башка өтө маанилүү иштер менен алек болуп келе жатсак да, силер дайыма биздин көңүл борборубуздасыңар деген маанидеги мамиле эзелтен бери эле болуп келген жана мындан ары да улана берет…

Кыскасы, бийлик тарабынан болгон баягы эле көндүм убадалар жана да жаштардын оозуна убактылуу момпосуй салып, алдоо сыяктуу, азаматсыңар! — ​деген маанидеги далыга таптоолор… Ал эми жаштар тарабынан — ​колу менен айга жетсем деп умтулган, куру кыялдуу жана эч кандай конкреттүү негиздерге таянбаган максат-мүдөөлөр бүгүн эле жаралып калган жери жок.

Ошол эле учурда, улам бийлик башындагылар алмашкан сайын мамлекеттик саясат дагы 180 градуска өзгөрүлүп турушун талап кылуунун өзү дагы калпыстык болор. Демек, революция дейбизби, төңкөрүш дейбизби, коммунисттик идеология кулагандан берки коомдук-саясий турмуштагы бир нече өзгөрүүлөр биздин адамдарыбыздын, анын ичиндеги жаштарыбыздын көз караштарына кескин бурулуш жасап жибергендей деле болгон жок.

Айрым бир делбире алдыда чуркап, жаш муундар атынан сүйлөшкөндөр гана ошентип айта алышпаса (балким, жеке алардын өздөрүнүн жандүйнөлөрүндө чын эле төңкөрүш болсо болгон чыгар?), азырынча жалпы массалык жаштарыбыздын көз-караштары кардиналдуу өзгөрүп кеткени эч байкалган жок!..

“Алдыда чуркап, жаштардын атынан сүйлөп жүргөндөр” демекчи, бир кезде дээрлик ар бир саясий партиянын өзүнүн “жаштар канаты” деп аталган бөлүктөрү түзүлүп, дал ошол саналуу адамдар жалпы республиканын жаштарынын атынан сүйлөй башташкан. Азыр, Кудайга шүгүр, мындай тенденция басаңдап бара жатат. Анткени, азыркы лидерлери жана активдүү мүчөлөрү коррупциялык жана башка ар кандай кылмыштар боюнча айыпталып, темир тор артында олтурушкан СДПК, “Ата-Мекен” ж. б. саясий партиялары өздөрүн өздөрү дискредитациялап алышкандыктан, алардын коомчулук атынан сүйлөгөнгө укугу барбы? — ​деген суроо кабыргасынан коюла турган чекке жетип калдык. Демек, андай жаштар сүйлөшсө да, чөйрөлөрү жана таасири чектелүү болгон, коомдун кичинекей бир бөлүгүнүн гана пикирин чагылдырып турат…

“Апрель революциясынан” соң “Кыргыз Эл баатырына” айланган Алиясбек Алымкуловдун кичи мекенинде анын эстелиги орнотулганы коомдук талкууга түшүп, ар кандай карама-каршы ойлорду жаратканын да мыйзамченемдүү факт катары кароо керек. Дегинкисин айтканда, “Прижизненная слава ничего не значит” — ​деп улуу жазуучу Оноре де Бальзак тек гана зериккенден айткан эмес да. Атактуу мамлекеттик-коомдук ишмерлер, көптөгөн акын-жазуучулар көзү өткөн соң, ар кандай жасалма жолдор менен, үйлөнгөн шардай болуп, ички мазмуну куру желден куралган утурумдук даңкы таш жарган ысымдары дароо унутулгандан кийинки, терең ой-толгоолордон улам чыгарылган жыйынтык эмеспи. Анан калса, дал ошо Улуу француз революциясы доорунун кандайдыр бир окшош жаңырыктары дал биздин эгемендик доорубуздагы жашообуздан да угулуп тургансыйт!

Азыркы атак-даңкка ашкере умтулган, амбициялуу жаштарыбыздын арасында Франциядагы алыскы улуу тарыхый доорду гана эмес, Бальзактын ысымын да билбегендер арбын. Ошондуктан, аларга мисал келтирүү үчүн, өз мекенибизде эле мындан бар болгону он эки-он үч жылча мурда болгон окуяларга кайрылсак, — ​ошол кездеги “мамлекеттик идеология” деп аталган кошоматчылар тобу “канайым”деп атап алышкан Майрам Дүйшөновнанын атасына арналып тургузулган “Дүйшөн ата” аттуу эстелик Таласта талкаланып, тулку-бою гана калып, башынын ордуна арактын сынык бөтөлкөсү илинип калгандыгы маалым.

“ХХ кылымдын кадрлары” деп аталган проект акаевдик-осмонакунчул жаштар идеологиясынын ичи былык, элди алдамай кезектеги кызылкулакчыл саясий оюндардын бирине айланган. Идеясы абдан уккулуктуу жана жакшы аткарылса, — ​изги максаттарга негизделген бул долбоор да ишке ашырылышы жана ички былгыган мазмуну боюнча сырткы кооз формасына шайкеш келмек турсун, теңирден-тескери, караманча карама-каршы келип калгандыгы тез эле ашкере болгон. Ошондо эле оп тартып, өзгөчө ачкөздүк менен башталган коррупциянын сормо сазына баткан көрүнүштөр, жада калса ушул келечек кадрларын даярдоодон да ачык көрүнө баштаган.

“ХХ кылымдын кадрлары” долбоору боюнча, кезектеги группасын чет өлкөгө окууга жөнөтөөр алдында, президент Аскар Акаев жана анын ошол кездеги администрациясынын башчысы Кубанычбек Жумалиев экөөнүн ортосунда мындай бир “иллюстрациялуу-тарыхый” сүйлөшүү орун алат: “Бул жаш жигит биздин белгилүү оппозициячынын уулу экен. Эми муну кандай кылабыз?..” — ​деп айласы куруй, аргасы кете эскерте, ажодон акыркы чечимин күткөндө, ал күтүүсүз “айкөлдүк” кылуу менен: “Атасы бизге оппозицияда болсо эмне экен?! Эгерде бала өзү татыктуу болсо, жөнөтүш керек! Жаштарга ар тараптан колдоп, мамлекеттик камкордук көрүшүбүз керек!” — ​деп, адатынча кашкая жылмаят…

Бул кулуардык маектин мазмуну ошол кездеги оппозициячыл басылмаларга да үзүл-кесил чыгып кеткен. А чынында сталиндик (“Сын за отца не отвечает!” деген) тарыхый маанидеги учкул кептин деңгээлине жете түшкөн сөз деле бекер айтылбаптыр!.. Көрсө, “ажонун айкөлдүгүнүн” чыныгы себептери деле башка жакта жаткан экен. Ал “көрүнүктүү оппозиционердин” уулу билимдүү, ар тараптуу даярдыгы бар, перспектвалуу (же, азыркы жаштар айтмакчы, “продвинутый”) гана жаш жигит болбостон, ажонун чоң кызы Бермет Аскаровна Акаева менен өтө ынак, жакын мамиледе болуп жүргөн тура!..

Дегеле, кимдир бирөолөрдүн башка бирөөлөр менен болгон жекече мамилелери алардын өздөрүнүн гана жеке маселеси дечи. Арийне, биз “ХХ кылымдын кадрларын” даярдоодогу бул өтө чакан, жалпы өлкө тагдырынын фонунда алып караганда, анча деле маанисиз сыяктанган кичинекей эпизодго өзгөчө ынтаа коюу менен кайрылып жаткандыгыбыздын себеби, сыягы, администрация башчысы ажону эскерткенге чейин эле, мындай чечимди кимдир бирөө эбак эле анын кулагына куюп, бул деликаттуу моментке алдын ала “даярдап” койсо керек деген ой-түкшүмөл жаралып жаткандыгынан улам гана болуп жатпайбы?!

Бардык жаш кадрларга бирдей старттык мүмкүнчүлүктөр берилбей, тууганчылдык, көмүскө колдоо, паракорчулук ж. б. у. с. эски оорулар бардык тармактарга жана региондорго кеңири жайылып кеткен. Мамлекеттик кызматтардагы вакансиялар үчүн өткөрүлүүчү конкурстар — ​тек гана фикция сымал. Анткени, ошол паракорчулук-коррупция, протекционисттик колдоолор чечүүчү фактор катары үстөмдүк кылган көптөгөн конкурстардын жыйынтыгына мониторинг жүргүзүп, катышуучулар менен жеңүүчүлөрдүн диаграммаларын салыштырып көрсөк, анда колунда жок, кембагалдардын балдарына карата: бул байкуштар байлардын, чоңдордун балдарына караганда акыл көрөңгөсү, билим деңгээли төмөн, интеллектуалдык-кесиптик даярдыгы да начар тура?! — ​деген калпыс бүтүмгө келмекпиз.

А идеалында болсо, жогорку мамлекеттик жетекчилик жана мамлекеттик саясат тарабынан бардык жарандарына бирдей шарттар камсыздалышы жөнөкөй гана арифметика сыяктуу болушу керек. “Кадрлар баарын чечет!” — ​деген учкул сөздүн жаралышына себеп болгон Иосиф Сталиндин генийи гана советтик номенклатуранын бийик деңгээлин камсыз кылгандыгы түшүнүктүү. Коомдун бардык класстарынын тең укуктуулугу, бирдей старттык мүмкүнчүлүктөргө ээ болгон учурунда вуздарга кирүүдөгү конкурс абдан чоң экендигине карабастан, социалдык аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн чыккан абитуриенттер байлардын (албетте, салыштырмалуу алганда) жана чоңдордун балдары менен теңтайлашуудан эч коркушчу эмес. Анткени, алар өз чөнтөгүнүн жукалыгына карабастан, өз билимине жана жеке дараметине терең ишенише турган. Ал эми өздөрүнүн моралдык-нравалык, ички руханий деңгээли, патриоттук-мекенчилдик сапаттары боюнча, андай калк катмарынан чыккан жаштар өтө намыскөй келишкендиктен, элита деп аталган катмардан чыккандарга караганда кыйла бийик турушат!

Биздин парламенттик шайлоо кодексине дагы партиялар үчүн 25%дык жаштар квотасы киргизилгени менен, айрым шылуун, айлакер партия лидерлери бир ок менен дароо эле бир атканда үч коенду атып өлтүрүүгө (аялдар квотасын жана башка майда улуттар үчүн делген квотаны да — ​бир мандат менен чече салууга умтулушуп!) аракет кылып келе жатышканы жашыруун эмес. Башкача айтканда, жаштарды тээ башынан баштап ырааттуу тарбиялайлык, даярдайлык, мамлекет башчысы болбосо да, эң жооптуу мамлекеттик кызмат орундарында татыктуу иштеп кете ала турган деңгээлге чейин жеткирип өстүрөлүк деген ой партиялардын эч кимисинде жоктой. Ал эми акча таратуу жана партия лидерине пара берүү (же мандатты ачык эле сатып алуу) аркылуу депутат болуп алгандардын дээрлик баары өз ордуларына бекем тырмышышып, керек болсо, колдорунан келсе, баштары такыр калтырап, колдору калчылдап, өздөрү тың баса албай калган кезге чейин деле парламентте жүрө бергилери бар. Албетте, эгерде алардын өз ойлоруна койсо!..

Ал эми жаштар өздөрү ачык жана конкуренттүү курөшкө чыгып, эл алдында жеңип алайын дешсе — ​баягы эле финансылык мүмкүнчүлүктөрүнүн чектелүүлүгүнөн улам, саясий карьерасынын эң башталышында эле башка таасирдүү бирөөлөрдүн көзүн карап, алардын жетегинен чыкпоого мажбур болушат.

Бул жагынан алганда, Адахан Мадумаров сыяктуу, депутат кезинде чыныгы эл уулуна айланып, такай элдин көйгөйү үчүн гана күйүп келген, мекенчил жаш саясатчынын жакын арада чыгышы да күмөн…

Азыркы кезде президент Сооронбай Жээнбековдун алдында да өтө оор, татаал кадрдык маселелер жыйылып турат. Алардын ичинен эң башкысы — ​кубаттуу, жогорку профессионалдуу деңгээлдеги кадрдык резервдерди ырааттуу даярдоо иши оң жолго коюлушу зарыл. Буга чейинки “ХХ кылымдын кадрлары” деген сымак көптөгөн жасалма, көңдөй долбоорлор ишке ашпай калды. Улуттук жаштар идеологиясына, реалдуу программасына муктаждык бар. Дал ошол негизде гана чыныгы мекенчил-патриот, өз эли-жеринин, мекенинин жаркын келечеги үчүн жанын аябай кызмат кылууга даяр турган күжүрмөн катмар калыптанат.

Ишенбек МУРТАЗАЕВ.

“Жаңы Ордо” гезити. №36 (609),  16-ноябрь, 2018-жыл.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс