Бишкек, 12-ноябрь, 2018-жыл. /ca-irnews.com/. Кыргызстандагы дин маселесинин жагдайлары талкууланууда.
Кыргыз Республикасынын 2014-2020-жылдарга карата дин чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатынын Концепциясында аныкталган жоболорду ишке ашыруу боюнча пландын негизинде өлкөнүн светтик түзүлүшүн чыңдоо багытындагы чараларды аткаруу максатында тегерек стол болот. Бул иш чара “Кыргызстандын аялдары жана жаштары” коомдук бирикмеси тарабынан уюштурулууда жана бүгүн, 12-ноябрда, саат 14-00дө борбор калаадагы “Хаятт” мейманканасында өткөрүлүп жаткандыгын уюштуруучулар билдиришти.
“Теолог” жана Ислам изилдөө илимий институтунун көмөгү менен өткөрүлө турган тегерек столдо төмөндөгү темалар талкууланууда:
Исламдагы мамлекет жана мекенчилдик;
Ханамий мазхабындагы мамлекетүүлүк түшүнүгү;
Светтик мамлекеттеги диний билим берүүнүн орду;
Кыргыз Республикасынын дин чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаты.
Каалоочулар төмөндөгү телефон аркылуу кошумча маалымат ала алышат:
0700-913487