Понедельник , 19-Ноябрь 2018
Башкы бет / Жаңылыктар / К. Кокрекбаев: “Н. Назарбаев дайыма“ Казакка кыргыздан жакын, кыргызга казактан жакын эл жок”,-деп айтып келет”

К. Кокрекбаев: “Н. Назарбаев дайыма“ Казакка кыргыздан жакын, кыргызга казактан жакын эл жок”,-деп айтып келет”

Категория: Интернет жана ММК – Published: 06/11 – 18:41

Бишкек, 6-ноябрь, 2018-жыл. /ca-irnews.com – Эмилбек Момунов/. 5-ноябрда Казакстан Республикасынын Кыргызстандагы Толук жана Ыйгарым укуктуу элчиси Карим Насбекович Кокрекбаев кыргызстандык массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү үчүн брифинг өткөрдү.

Элчи алгач жергиликтүү журналисттерди алдыда келаткан, 7-ноябрь Басма сөз кызматкерлеринин кесиптик майрамы менен куттуктап, алардын ишине ийгилик каалады. “1924-жылы 7-ноябрда алгачкы кыргыз гезити “Эркин Тоо” азыркы “Кыргыз Туусу” жарык көрүп, азыркы Эгемендүү Кыргызстандын басма сөзүнө чыйыр салынган. Сиздердин маалыматыңыздар аркылуу жалпы элибиз бийликтин ишмердүүлүгү, коомубуздагы өзгөрүүлөр тууралуу кабар алышат. Бекеринен журналисттерди төртүнчү бийлик деп аташпайт. Анткени Сиздер өзүңүздөрдүн күжүрмөн эмгегиңиздер аркылуу бир гана маалымат айдыңындагы муктаждыкты канааттандырбастан, мамлекеттер аралык карым-катнаш, байланыштарды да чыңдап келесиздер”,- деди дипломат.

Андан ары элчи мырза быйыл 30-мартта КРнын Президенти Сооронбай Жээнбековго Ишеним грамотасын тапшырып, апрель айынан тартып ишмердүүлүгү башталгандыгын билдирди. “Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын Президенти болуп шайлангандан бери Казакстандын Президенти Нурсултан Назарбаев менен сегиз ирет жолугушту. Анда ар тараптуу кызматташтыктын бир нече багыттары аныкталып, тиешелүү кызматтарга тапшырмалар берилди жана азыр иш жүзүнө ашырылууда. Эки өлкөнүн акыркы жылдардагы кызматташтыгынын эң чоң жетишкендиги чек араларды деморкациялоо жана делимитациялоо болду. Кыргыз-казак өкмөттөр аралык комиссиясынын 7-жыйыны быйыл Кыргызстанда өттү”,- деди элчи.

Дипломат ошондой эле быйыл Кыргызстанда үчүнчү ирет өткөрүлгөн Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюну өтө жогорку деңгээлде уюштурулуп, бир гана кыргыз элинин үрп-адатын, каада-салтын дүйнө жүзүнө даңазалабастан, жалпы түрк тилдүү боррдош элдердин да ынтымагын бекемдегендигин белгиледи. “Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун ачылыш салтанатына Казакстандын президенти Нурсултан Абишевич Назарбаев да катышып, өзүнүн куттуктоо сөзүн сүйлөдү, ал дагы бир ирет “Дүйнөдө казакка кыргыздан жакын, кыргызга казактан жакын эл”,- жок деп белгилеши биздин түбүбүз бир, түбөлүк дос эл экендигибизди далилдеп турат”,- деди элчи.

Казак дипломаты андан ары эки өлкөнүн кошуна райондору менен облусттарынын соода-сатык, экономикалык кызматташтыгы өсүп бараткандыгына токтолду. Эгер Кыргызстанда Казакстандын буудайы канчалык жогорку суроо-талапка ээ болсо, өз учурунда Кыргызстандын картошкадан тартып, алма, жүзүм жана башка жер-жемиштери да Казакстандын керектөөчүлөрү үчүн өтө зарыл күнүмдүк азыктар болуп саналат. Бул багытта эки өлкөнүн айыл чарба министрлери жакында жолугушуп, бир топ маселелерди чечишкен.

Мындан тышкары саламаттык сактоо министрликтери да өз ара ыңгайлуу кызматташтыктарды жандандырышууда. Мисалы, Бишкектен жарым сааттык аралыктагы Кордай районунун жашоочусу кокусунан сыркоолоп калса, алты сааттык Алматыга, он сааттан ашык жол жүргөн Астанага баргандан көрө Бишкекке эле тоскоолдуксуз келип, дарылануусу үчүн шарттар түзүлүүдө.

Ал эми жайкы каникул учурунда Ысык-Көлгө жакын Казакстандын мектеп окуучулары көгүлтүр Көлгө келип эс алып кетүүсү үчүн сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, келишимдер түзүлдү.

“Кыргыз, казак элине орток залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун азыр белгиленип жаткан 90 жылдык юбилейи да алгач Астанада, быйыл 25-апрелде өкмөттүк деңгээлде белгиленип, Казакстандын борборундагы эң узун, 11 километрдик жолго анын ысымы ыйгарылды. Андан тышкары Ч. Айтматовдун чыгармачылыгына арналган илимий-практикалык конференция өттү”,- деди элчи.

Брифингдин соңунда Казакстандын элчиси эки мамлекеттин карым-катнашы менен достугуна салым кошкон журналисттерди Диплом менен сыйлап, иштерине мындан ары да ийгиликтерди каалады.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс