Понедельник , 19-Ноябрь 2018
Башкы бет / Жаңылыктар / КРнын Президенти С.Ш. Жээнбековко КРнын Коопсуздук Кеңешинин катчысы Д.К. Сагынбаевке АЧЫК КАТ

КРнын Президенти С.Ш. Жээнбековко КРнын Коопсуздук Кеңешинин катчысы Д.К. Сагынбаевке АЧЫК КАТ

                                           КРнын Президенти С.Ш. Жээнбековко

                                           КРнын Коопсуздук Кеңешинин катчысы Д.К. Сагынбаевке

                                        

723317, Ош облусу Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл аймагы, Ишкаван айылы,

С.Раджапов көчөсү №86 үй Мирзакаримова Гулнарадан (тел. 0770 352010, эл.дарек 69ai@bk.ru)

 

АЧЫК КАТ

Урматтуу Сооронбай Шарипович!

Урматтуу Дамир Казакович!

Биз мурда Сиздин атынызга арыз менен кайрылганбыз. Ал арызда Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысы Шарабидин Капаровдун мыйзамсыз иштерин жазган элек.

Бирок Ош облусунун прокуратурасы арызды устуртон карады, биз арызда корсоткон №1, 2, 3 тиркемелердин негизинде арызды биздин катышуубуз менен каралган жок. Ошондой эле №1, 2, 3 тиркемелердеги тизмелерди бизге берилгени жок. Себеби №1, 2, 3 тиркемелер негизинде арызыбыз каралса, Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысы Ш. Капаров 20 жылга камалат эле. Ошондуктан биз арызды текшеруу үчүн Республикалык мамлекеттик комиссия тузуунузду жана ал комиссияга Президент Аппараты, КР Өкмөтү аппараты, Жогорку Кеңеш депутаттары, Коопсуздук Кеңешинин кызматкерлери жана биздин катышуубуз менен текшерип беруунузду суранган элек. Себеби Ош облусунун жана Кара-Суу районунун укук коргоо органдарынын Ш. Капаров менен байланышы бар, биз аларга ишенбейбиз деп жазган элек. Бирок ошого карабай Ош облусунун жана Кара-Суу районунун прокуратурасы биз жазгандек мыйзамсыз карап, арызды устуртон карап, кылмыш иши козгогон жок.

Турак-жай куруу үчүн жер бөлүп берүү 2006 жылдан бери Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн жер комиссиясынын төрагасы, андан кийин башчысы болгон Шарабидин Капаров үчүн кирешелүү бизнеске айланды. Аз камсыз болгон үй-бүлөлөр жер тилке үчүн пара төлөй алышпайт, ошондуктан Ш. Капаровдун кошелёкторуно паспортторун алдын 5 миң сомдон, азыркы учурда 10 миң сомдон сатууга мажбур болуп жатышат. Ошол паспортторго жер тилкелерге документ жасалып, колунда бар адамдарга жер тилкелерди сатып жатышат.

Ошол паспортторго Ш. Капаров коомдук угууларды өткөрбөстөн, кезексиз эле токтом чыгарып, жер тилкелерди ажыратып берет, кошелектору аркылуу ошол жер тилкелерди ото кымбат баада сатып жатат. Ошол эле учурда айыл өкмөтүнүн башчысы Ш. Капаров мыйзамсыз жер ажыратып жаткандыгы үчүн, Ш. Капаров жоопкерчиликтен качып, өзүнүн орун басарлары болгон Н. Эргашевке, Ш. Сайфитдиновко, М. Маккамбаевке, алардын укуктук полномочиесине кирбеген функцияны мыйзамсыз аткартырып, жер тилке ажыратуу жөнүндөгү токтомдорго мажбурлап  кол койдурат.

Ошол эле учурда биз карапайым калк, көптөгөн жыл колхоздо иштеп, ондогон жылдар кезек кутуп чек ала албай жатабыз. Себеби биздин айыл өкмөтүнө пара берүүгө акчабыз жок. Президентке көп жолу кайрылсакда, Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысы Ш. Капаров жер тилке ажыратпай жатат, себеби биздин пара берүүгө акчабыз жок, эгерде пара берүүгө акчабыз болсо, ошол эле күнү токтом чыгарып жер тилке ажыратып берет. Биз көп жолу кайрылып жаткан КР Президенти С. Жээнбековду да, КР мыйзамдарын да Ш. Капаров тоотпай жатат. Ш. Капаров өзунчө хан болуп алган. Азыркы мезгилде Кара-Суу районунда 5-6 айыл өкмөтүнүн башчыларына кылмыш иштери козголгон, Себеби Кара-Суу районунда айыл өкмөттөрүн карапайым калк менен иштери жок, өздөрүн сол чөнтөктөрүн толдуруп жатышат.

Мисалы үчүн, Ш. Капаровдун кошелекторуно паспортун мажбур саткан Кызыл-Байрак айылынын тургуну Токторалиева Орозкандын үйүндө квартирант болуп жашаган үч бойго жете элек баласы бар жалгыз бой эне Ырысалиева Элмира. Анын паспортун 10 миң сомго сатып алып, кезексиз токтом чыгарып, Ырысалиева Элмиранын уруксатысыз эле жер тилкесин сатып жиберген. Ошондой эле Ырысалиева Элмиранын чек алуу үчүн арызда, АПЗда, Кызыл китепте жана башка документтерде анын кол тамгасын жасалмалаган.

Ошондой эле Кызыл-Байрак айылынын тургуну 1984 жылы туулган, эки бойго жете элек баласы бар жалгыз бой эне Кожонова Махабатка Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн 31 октябрь 2013 жыл №144 токтому менен жер тилке ажыратылып берилген. Бирок Кара-Суу райондук архитектура адистери жер тилке калбаган деп алдаганы  үчүн Кожонова Махаббат балдарын багуу үчүн Москва шаарына кеткен. Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысы Ш. Капаров 21 декабрь 2017 жыл чыгыш №953 сандуу кат менен Ош облусунун архивине кайрылган. Ош облустук архиви №07-5/2561 27 декабрь 2017 ж. Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Капаровко Кожонова Махабаттын жер тилке ажыратуу жөнүндө токтомун жана башка документтерин берген. М. Кожонованын токтомун жана документтерин алган айыл өкмөтү АПЗ жана Кызыл китеп даярдаткан. АПЗ жана Кызыл китепте Кожонова Махабаттын кол тамгасын жасалмалашкан. Себеби Кожонова Махабат 2013 жылдан бери Москва шаарында иштеп жүрөт, Кыргызстанга келген эмес. Балким Кожонова Махабаттын жер тилкесин Кожонова Махабаттын уруксатысыз, колун жасалмалап сатып жиберишкен болуушу мумкун?

Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин 28.11.2017 ж. №33 токтому менен Сураташ айылынын №781 контуруна 1,96 га жер аянтын которуп, генплан даярдап, ал жерди сатты.

Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысы Шарабидин Капаров өзүнүн тааныштарына жана туугандарына көп жер тилкелерин мыйзамсыз, коомдук угууларды өткөрбөстөн, кезексиз ажыратып берген. Ш. Капаровдун бажасы Ош облусунун Кара-Кулжа районунунда туулган Торогельдиев Токтобай Акыевичке жана анын туугандарына жана үй-бүлөсүнө жер тилкелерди ажыратып берүү жөнүндөгү маалыматтарды берүүнүзду суранабыз. Себеби Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысы Шарабидин Капаров кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып биздин колхоздо бир күн да иштебеген өзүнүн бажасы Т. Торогельдиевке анын туугандарына жана үй-бүлөсүнө кезексиз жер тилкелерди берип, Кызыл-Кыштак айыл аймагынын жашоочууларынын жерге болгон укугун тебелеп жатат.

Эгерде Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысы Ш. Капаров жарандарга берген жер тилкелерин тизмесин толук текшерсе, ошондой мисалдар аябай көп чыгат. Капаровдун кошелектору айылдарды айланып, парага жер тилке алган жарандарга кирип, текшеруу журуп жатат, ошондуктан мен жер тилкени бекерге алдым, өзүм алдым, өзүм саттым деп жазып бериниз, кол коюп бериниз, болбосо сиздерди жер тилкенизди мамлекет кайра алып коет, ГКНБ, прокуратура чакырып убакытынызды алат, деп коркутуп кол койдурушту.

Жарандардын жер берүү үчүн арызында, АПЗда, Кызыл китепте колдорун жасалмалашат да жер тилкелерди сатып жатышат. Эмне үчүн ошол факттарды биз берген №1, 2, 3 тиркемелер боюнча текшербей жатат? Же жер тилкесин ажыратып берүү жөнүндөгү маалыматтар мамлекеттик сырбы, же ал “сыр” элге билинсе, коррупционер Ш. Капаров камалып калышы мүмкүн деп Ош облусунун прокуратурасы “адвокатурага” айланып коррупционер Ш. Капаровду калкалап жатабы? Карапайым элге түшүнүктүү Ш. Капаровду жогорку жактагы аткаминерлер крышевать эткени. Ш. Капаров өзүнү мыйзамдан да жогору койгону, бул укук коргоо органдарынын шаалаакылыгы же алсыздыгы. Бирок КР Президенти С. Жээнбеков жер тилкелерди саткан андай коррупционерлерге аябай катуу күрөш жарыялаган. КР Президенти С.Жээнбеков 1 ноябрь 2018 жылы сөзүндө: “Элибиз укук коргоо органдарынан коррупцияга жана кылмыштуулукка каршы күрөштө олуттуу натыйжаларды күтүүдө”-деп айткан.

Ошондуктан карапайым калк КР Президенти С. Жээнбеков элге берген убадасын аткарат деген үмүт менен жашап жатат. 2 ноябрь 2018 жылы Президент С. Жээнбеков Ошко келгенде, бизди кабыл алсын десек, милиция кызматкерлери уруксат кагазысыз (пропусксыз) биз силерди киргизе албайбыз деп Президент менен жолугуубузга уруксат бергени жок.

Урматтуу Сооронбай Шарипович! Урматтуу Дамир Казакович! Жогоркулардын негизинде:

1) Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысы Ш. Капаровду ээлеп турган кызматынан бошотуунузду, 85 гектар жер калктуу конуштардын категориясына өткөрүү (трансформация) жөнүндө КР Өкмөтү тарабынан чечим кабыл алууну убактылуу токтотуп берүүнүздү жана Ш.Капаровду мыйзам чегинде 303, 304, 305-2, 308-1 350 Коррупция беренелери менен кылмыш жоопкерчилигине тартуунузду суранабыз.

2) Ш. Капаровдун бажасы Торогельдиев Токтобай Акыевичке жана анын туугандарына, үй-бүлөсүнө жер тилкелерди ажыратып берүү, жеке, менчиги, мүлкү жөнүндөгү маалыматтарды толук берүүнүздү суранабыз.

3) Арызга тиркелген №1, 2, 3 тиркемелер негизинде Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүно караштуу айылдарынан жеке менчик турак-жай куруу үчүн берилген жер тилкелерин 2013-2018 жылдары жарандардын тизмесин, муниципалдык менчикти ижарага жана жеке менчикке берилген имарат, жер тилкелерди жана башка муниципалдык мүлктү 2010-2018 жылдары алган жарандардын тизмесин, жергиликтүү бюджет эсебинен 2017-2018 жылдары социалдык жардам алган жарандардын тизмесин биздин катышуубуз менен текшерип, толук жана так маалыматты, жана тиркемелер негизинде тузулгон тизмелерди берүүнүздү суранабыз.

4) КР Президенти С.Ш. Жээнбеков жеке кабыл алуусун суранабыз.

 

№1, 2, 3 тиркемелер 7 баракта.

 

Сизди урматтоо менен,         Мирзакаримова Гулнара, Токторалиева Орозкан, 02.11.2018 жыл

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс