Понедельник , 19-Ноябрь 2018
Башкы бет / Дайджест / Айданбек Акмат уулу: «Шамбесай» кенине инвесторбуз деп келгендер, кыргыз элин индеец катары көрүп, байлыгын тоноп кеткиси келип жатат»

Айданбек Акмат уулу: «Шамбесай» кенине инвесторбуз деп келгендер, кыргыз элин индеец катары көрүп, байлыгын тоноп кеткиси келип жатат»

Чечилбеген чыр

— Айданбек мырза, сиз Баткен облусундагы Шамбесай алтын кенинин тегерегиндеги окуяларга баам салып келатасыз. Ал тургай ошол жерге барып, чогулган эл менен жолугуп келген учурларыңыз болду. Бул кенди азыр кытайлык инвесторлор иштетүүгө аракет кылып жатышат. Шамбесайды алгач австралиялыктар иштеткенге уруксат алышып, иштете албай жатышпады беле. Кытайлар качан бул кенди иштетүүчү болуп чыга келүүдө?

— Австралиялык “Зет-Эксплорер” деген компания Курманбек Бакиевдин тушунда эле алтын кенде чалгындоо иштерин жүргүзүп, ошонун негизинде ар кандай жолдор менен кенди иштетүүгө лицензия алган. Бирок, ошол жердеги жергиликтүү элдин тынымсыз каршылыгынан улам кенди иштете албай, лицензияны кытайларга сатып жиберишкен. Эмне үчүн кытайларга саттык?-деген маселе жаралып жатат да. Австралиялыктар европалыктардан тараган эл. Аларда цивилдүү көз караш да башкача. Эл каршы чыгып жатканда бул кенди иштете албайбыз деген ишеним күчтүүрөөк болуп, лицензияны кытайларга сатып жиберишкен. Кытайлар болсо биздин чоңдордун сырын алып алышкан да. Алар коррупциялык жолдор менен кенди иштетебиз деген ойдо сатып алышып, компаниянын атын да өзгөртпөстөн, “Зет-Эксплорер” деген бойдон 2 жылдан бери кенди иштетебиз деп аракет кылып келатышат.

— Мамлекетибиз Кытайдан олчойгон карыз болуп калбадыбы. Бийлик ушундан улам элдин үнүн кытайларга ачык айта албай жатса керек да?

— Бул жагдай дагы абдан туура. Атамбаевдин доорунда инфраструктура үчүн Кытайдан алган карыз 2 млрд долларга жакын болду. Түндүк-түштүк альтернативдик жолуна эле 850 млн доллар, “Датка” көмөк чордонуна 200 млн доллар, “Датка-Кемин” электр линиясына 200 млн доллар, Бишкек ТЭЦке дээрлик 400 млн доллардай карыз алды. Эми бул карыздарды төлөө жакынкы убактарда башталып, чыныгы азапка кабылабыз. Бул жагынан алганда Кытайга көп тараптан көз каранды болуп турабыз. Бишкек шаарынын жолдору бүтүндөй Кытай мамлекети берген грант менен оңдолду. Биздин чоңдор кичине эле кылт этсе, кытайлар каржы агымын токтотуп, кислородду кысып койсо, акыбал өтө начарлап кетет. Кыргыз мамлекети кытайлардын барымтасында калды деп айтса да болот. Кытай өлкөсү эмне үчүн сырттан түстүү металлдарды сатып алууга киришип жатат? Өздөрүндө сейрек кездешүүчү металлдар абдан көп. Алар бул боюнча дүйнөдө биринчи орунда турушат. Бирок, кытайлар абаны сактайбыз, кендерди иштетип биротоло жок кылбайбыз деген саясатты жүргүзүшүп, сырттан сейрек кездешүүчү металлдарды өндүрүүгө чоң басым жасоодо. Ошондуктан биздеги кендерге болгон кытайлардын экспансиясы абдан күчтүү жүрүп жатат. Шамбесай алтын кени жайгашкан Майдан айыл өкмөтүнө жакын Чавай айылы бар. Ал жерде сурьма өндүрүшөт. Ошол жерде дагы ар кандай жолдор менен иштешет. Экологиялык опурталдуу учурлар дагы болгон. Алар мурун жергиликтүү адамдардын күчү менен кирип алгандыктан, мурун шахта иштегендиктен элде каршылык болгон жок. Чавай айылы да чоң суудан алыс жайгашкан. Шамбесайда болсо алтын жатат. Мурун кен иштеген эмес. Эң опурталдуусу 150 миң адам суу ичкен Исфайрам дарыясына болгону 500 метрдей эле аралыкта, Майдан айылынын четинде эле жайгашкан. Кен ачылбай жатып, жол куруп, бургулоо иштерин жүргүзүп, кээ бир учурларда жардыруу иштери болгондо эле Майдан айылындагы бир топ үйлөрдө жарака кеткен. Ошон үчүн Майдан айылынын жашоочулары кенди ачуу экологияга чоң зыян алып келет дешип катуу каршы болуп жатышат. Кен дарыянын башында жайгашып жатпайбы. Майдан айылынан ылдыйда Кара-Жыгач айылы, Абсамат Масалиев төрөлгөн Алыш айылы, Үч-Коргон айылы, Кызыл-Кыя шаары Исфайрам дарыясынан суу ичет. Мындайча айтканда 150 миңдей адамдын тиричилиги ошол суу менен өтөт.

— Түпкү маңызы башкада болуп жүрбөсүн? Ала-Бука, Чаткалда суунун боюнда эле алтын чайкагандар иштеп жатышпайбы…

— Шамбесайды иштетүүдө экологиялык, экономикалык дагы зарылчылык жок. Кен ачылса Исфайрам дарыясына сөзсүз залакасы тийет. Ал аймак багбанчылыктын ордосу. Көчөттөр ошол жерден Кыргызстан боюнча тарайт. Алма, шабдалы, гилаздын мекени ошол аймак. Эл дагы багбанчылык менен тиричилигин кылат. Кытайлар кенди 5 жыл иштетип, 40 млн сом беребиз дешкен. Бул деген жыл сайын 8 млн сомду айыл өкмөтүнө беребиз деген сөз. Ал жердеги ар бир багбан жылына 500 миңден 1 млн сомго чейин киреше табат. Эгер кен иштесе экологиялык зыяндын айынан элдер ошондой түшүм албай калышат. Элдин корккону да ушул. Шамбесай алтын кенинде Кыргыз мамлекетинин таптакыр үлүшү жок. Муну чак түштөгү талап-тоноочулук десе да болот. Эмне үчүн биздин Өкмөт эсеп жүргүзбөйт? Ал жерде тастыкталганы 8 тонна алтын. Бизде Ишимов деген геология министри болгон адамдын айтуусу боюнча 15 тонна алтын, депутаттардын сөзү боюнча 40 тоннадан ашык алтын бар. 15 тонна алтынды эле эсептегенде, Шамбесайда 40 млрд сомдон ашык акча жатат. Кытайлар 40 млрд сомдон болгону биздин мамлекетке 40 млн сом беребиз дешүүдө. Бул маскаралоо деп айтсак туура болот. “Шамбесай” кенине инвесторбуз деп келгендер, кыргыз элин индеец катары көрүп, байлыгын тоноп кеткиси келип жатат.

— Изилдөө иштерин жүргүзөбүз деп барган кытайлыктарды жергиликтүү эл барымтага алышпадыбы. Бул атайын жасалган провокация болгон эмеспи?

— Менин оюмча дагы кытайларды барымтага алуу атайын чагым болгон. Бийликтеги кээ бирөөлөр элди чагымга учуратып, ошол жерден активисттерди кармап кетүүнү пландаган болсо керек. Байкасаңыз, элдин каршылыгын билип туруп бейтааныш адам кытайларды ээрчитип кен изилдейбиз деп барып жатат. Бул отко май чачуу да. Ошол жерде барымтага алынган кытайларды эл арасынан кээ бирөөлөр кокусунан эле сабап же өрттөп жиберсе эмне болмок? Буга чейин өрттөө окуясы болгон. Майдан айыл өкмөтүнүн борбору болгон Кара-Жыгач айылындагы кытайлардын кеңсесин башаламандык учурунда кээ бирөөлөр өрттөп жиберишкен. Андай учур дагы катталганда элди күч менен дыркыратып кууганга өтмөк. Каршы чыккандарды күч колдонуп басуу башталмак.

— Кечээ жакында эле каршы чыккан апаларды милиция дыргаяктатып сүйрөшпөдүбү. Бул ошол чагымдын уландысы болду деп ойлойсузбу?

— Өкмөт Шамбесай алтын кенин кытайларга эптеп ачып бериштин жолдорун издеп жатат. Каршылык көрсөткөндөрдүн башындагы активисттерди кармап кетип, аларга кылмыш ишин ачышып, окуядан четтетип салабыз дешүүдө. Ушул жылдын 2-февралында Адахан Мадумаров менен чогуу барганыбызда ошол жерде 10 миңдей эл чогулган. Баары бир ооздон кен ачылбасын деген добуш менен чечим кабыл алышкан. Райондун акими, кытайлык инвесторлор, геология комитетинин өкүлдөрү да болгон. Кен ачылбасын деген элдик чечим кабыл алынганын өздөрү көрүшкөн. Айылдык кеңештин депутаттары да ошол чечимди бекемдеп, өздөрү дагы кен ачылбасын деген чечим кабыл алышты.

— “Кумтөрдөн” кийин мамлекет жарытылуу киреше албасын билип туруп, андан жыйынтык чыгарбай жаткан бийлик адамдары эмнени ойлошот?

— “Кумтөрдө” жыл сайын 16–18 тонна алтын казылат. Бул 800 млн доллардын тегерегиндеги акча. Биздин бюджетке бергени болгону 80 млн доллар. Көрдүңүзбү, бизге сегизден бирин гана беришет. Березовский өзү “100 млн долларлык мүлк турган болсо, аны алыш үчүн кол коюп чече турган чоңду 1 млн долларга сатып алыш керек. Өзүңдүн чөнтөгүңө 99 млн доллар акча калат” деп айткан. Бизде ошол схема алтын кендеринде иштеп келатат. 80 тоннадан ашык алтыны бар кендер таланып-тонолуп жатат. Мындай кендер коңшу эле Өзбекстанда мамлекеттин үлүшү жок бирөөсү да иштебейт. Бизде болсо мамлекеттин бир пайыз дагы үлүшү жок, болгону салык алабыз деп олтурушат. Же салыгы жарытылуу түшпөйт. Эл арасында, саясатчыларда “Кумтөр” кени дайыма гарант болгон адамга пара берип коёт деген сөз бар. 5 пайызга чейинки үлүштү берет. 18 тонна алтын казылып алынса, анын 5 пайызы гарантка кетет. Садыр Жапаров “Кумтөрдү” көтөргөндө Түркияга 3 тонна алтын кеткен деген. Мүмкүн ошол гарантка берилген таза алтындыр. Ошонун айынан Жапаров куугунтукталды.

— Гарант өлкөнүн биринчи адамы гана боло алат да?

— Туура, биринчи адам гарант.

— Шамбесай кенин ачууда элдин бир нааразычылыгы мамлекеттин эч кандай үлүшү жок экендиги экен. Мамлекет кенди өзү алып, иштетсе болобу?

Албетте болот. Мамлекет башчыларында эрк болсо сөзсүз жолун табат. Мамлекетке каршы күрөшүү мүмкүн эмес. Анын укуругу узун, мүмкүнчүлүгү күчтүү. Алтын кенди кытайлар ачык түрдө жардыруу жолу менен иштетебиз деп атышат. Эл бул жол менен такыр иштетпейт. Мамлекет өзүнө алып шахта ыкмасы менен казып алса, комбинатты дарыянын боюнан 5–10 км алыс алып кетсе эл макул болушу мүмкүн.

Маектешкен

Темирлан Токтоболотов

“Жаңы Ордо” гезити. №34 (607),  2-ноябрь, 2018-жыл.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс