Понедельник , 19-Ноябрь 2018
Башкы бет / Дүйнө / “Арбаин” жүрүшү Исламдын күчүн көрсөтөт

“Арбаин” жүрүшү Исламдын күчүн көрсөтөт

Категория: Аналитика – Published: 29/10 – 10:12

Мухаммадреза Шарафи: “Арбаин жөрөлгөсү ыйманды күчөтүп, тарбия үлгүсүн камсыздайт.”

Mehr агенттигинин маалыматына ылайык, Тегерандын Психология жана тарбия илимдери ЖОЖнун улук окутуучусу  Мухаммадреза Шарафи “арбаин” жөрөлгөсүнүн тарбиялык таасирлери боюнча баяндады.
Имам Хусейндин (а.с) “арбаин” (кыркы) жөрөлгөсүнүн миллиондук жөө жүрүшүнүн бир канча тарбиялык жактары бар: биринчиден сабырдуулукту жана ар кандай кыйынчылыктарга карата чыдамдуу болууну үйрөтөт. Бир канча күнгө созулган жөө жүрүшкө катышышкан карылар, жаштар, аялдар менен бала- чакалар бул узак жолдо өз чыдамкайлыктарын сынашат. Мындайча айтканда, Аллахтын жардамы жана күчтүү эрки менен жашоолорундагы кыйынчылыктарга да сабырдуулук кылганды үйрөнүшөт.

Жада калса жөө жүрүшкө катышышкан али үй-бүлө кура элек жаштар бул мааракеден соң турмушка даяр экенин сезишет. Алар бир нече күн ысык, суукка карабай, курсактары ачып, чаңкап, чарчап жөө жүрүшкө катышуу менен жашоонун кандайдыр бир сыноосунан өткөндөй болушат. Ал эми жаш балдар жана өспүрүмдөр өз ата-энелери менен кошулуп бул жөрөлгө катышуулары менен алардын өз жашоолорунда үлгү болгон идеалды таануусуна шарт түзүлөт. Бардык мусулмандардын сүйүүсүнө арзыган шеиттердин мырзасы имам Хусейндин (а.с) мавзолейине зыяратка дүйнөнүн ар тарабынан агылышкан мусулмандардын каармандуу жөө жүрүштөрү жаш муундарга өзгөчө үлгү болот. Ошондой эле мусулмандардын өз имамына болгон сүйүүлөрүн, берилүүлөрүн камсыздайт. Анткени Ислам пайгамбарынын неберси, өз заманындагы Ислам жолунда зулумчулукка каршы  күрөшүүдө шеит кеткен имам Хусейндин (а.с) жашоо жолу бардык адамдарга үлгү.

Адам кандай экени сапарда билинет дегендей, арбаин сапары менен ар бир мусулман өзүн сынап көрсө болот.  Массалык жөө жүрүштө бир максатка бет алышкан мусулмандар бири-бирине көмөкчү болушуп, биринин жүгүн бири көтөрүшүп, ал-акбалдарына каралашуу менен коомдогу биримдикке үйрөнүшөт.
Арбаин жөө жүрүшүнүн дагы бир сабактары бул – кайрымдуулукка үйрөнүү. Бул дүйнөлүк мааракеде мусулмандар бири-бирине көмөктөшүп, конок ээлери өз үйлөрүндө мусаапырларды коноктошуп, тапкан ырыскыларын аларга арнашат. Бул жаатта ирактыктарга чоң таазим. Алардын меймандостуктары Ахли бейтке (а.с), имам Хусейнге (а.с)  болгон сүйүүлөрүн айгинелеп турат. Бир нече күн тынбастан келгин конокторду сыйлашып, өз үйүндөгүдөй тосуп алуулары башкаларга чоң үлгү.

Арбаиндин дагы бир тарбиялык жагы бул – массалык жөө жүрүштүн сүрү. Дүйнөнүн ар кайсы чекитинен келишип, Кербала шаарына агылышкан 20 миллиондон ашуун  Ахли бейт (а.с) мазхабын ээрчигендер Исламдын чыныгы кудуретин көрсөтө алшат. Ааламдагы эч бир диндин ээрчигендерин бир жерге чогултуп, мынчалык машакаттуу жөө жүрүшкө катыштыра албайт. Бул жөрөлгө жаштарды Ислам кадырын, өз дининин баркын жакшыраак түшүнүүгө шарт түзөт жана өзүнө ишенүү сезимин бекемдеп, ыйманын күчөтөт. Ислам күчүнүн мындай көрүнүшү башкаларга да чоң үлгү.

Тегерандын Психология жана тарбия илимдери ЖОЖнун улук окутуучусу  Мухаммадреза Шарафи баянын акырында арбаин жүрүшүнө катышуудан мурда зыяратчылар имам тууралуу сабаттуулукту жогорулатып, Ислам тарыхын алдын ала окуп билүү зарыл экенин баса белгилеп кетти.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс