Понедельник , 19-Ноябрь 2018
Башкы бет / Досье / Тоо-кен тармагы илимсиз өнүкпөйт

Тоо-кен тармагы илимсиз өнүкпөйт

Улуттук Илимдер Академиясынын 75 жылдыгына карата

Адам баласынын өнүгүү тарыхында кен байлыктарды өздөштүрүүнүн айрыкча орду бар, бул тармактын орчундуу бөлүгү болгон көмүр өндүрүшүнүн мааниси баарыбызга белгилүү. Бүгүнкү күндө бүткүл дүйнөдө жылына 7–8 миллиард тонна көмүр казылат. Кийинки жылдарда көмүрдү терең изилдөөнүн негизинде, анын айрым касиеттерин турмушта колдонуу маселеси пайда болду. Мурдагы «нефтихимия» деген термин менен бирдей эле «көмүрхимия» («углехимия») деген термин колдонула баштады. Кыргызстанда нефтинин жана газдын кору чектелүү экендигин эске алып, өлкөбүздө көмүр кендеринин жетиштүү кору (запасы) бар экендигине байланыштуу, экономиканын бул секторуна айрыкча көңүл бурулушу керектиги далилденүүдө.

Кыргызстанда оор өнөр жайынын башаты болуп көмүр казуу болгондугун тарых далилдеген. Өткөн кылымдын биринчи жарымында көмүр кендерин өздөштүрүүгө мамлекеттен каржы бөлүнүп, өлкөбүздө көмүр өндүрүшү өсүп, 50–60 жылдарда жылына 3,0–4,0 млн т. көмүр казып, Кыргызстан «Орто Азиянын кочегары» деген атка ээ болгон. Өлкөбүздө Сүлүкта, Кызыл-Кыя, Таш-Көмүр, Көк-Жаңгак шаарлары пайда болгон. Кейиштүүсү, өлкөбүз эгемендүү башкарууга өткөндөн кийин бул тармактын акыбалы оорлошуп, көмүр казуу 10 эсеге азайып, айрым жылдары араң 300–400 миң тоннадан көмүр казыла баштаган. Көмүр казуунун көлөмү кийинки 3–4 жылдарда өсө баштаганына карабастан бул тармактын жалпы акыбалы оор бойдон калууда.

Кыргызстанда көмүрдү керектөөчү эң чоң ишкана Бишкек жылуулук борбору болуп эсептелет. Анын жылдык көмүр жагуусу 1,2–1,4 млн тонна «Кара-Кече» көмүрүнө эсептелген. Бүгүнкү күндө бул көлөмдү камсыздоого иштеп жаткан ишканалардын кубаттуулугу жетишпейт. Бул маселе көп жылдан бери эле сөз болуп келе жатат, бирок чечкиндүү иш-чара аткарылган жок, сөздөн ишке өтө элекпиз. Мындай чоң мамлекеттик маселени илимдин негизинде чечүүгө убакыт келди. Кыргызстандын жалпы түндүк регионун көмүр менен камсыздоо Кабак бассейниндеги кендерди өздөштүрүү менен чечилиши керектиги илимпоздор тарабынан далилденген, аны ишке ашыруу мамлекеттик деңгээлде чечилиши керектиги такталган.

Көмүрдү пайдаланууда илимий жетишкендиктерди, жаңы технологияларды пайдалануу бүгүнкү күндүн талабы. Мисалы, борбор калаадагы жылуулук борборун реконструкциялоо чечими кабыл алынганда биз ТЭЦтин жок дегенде бир, эки агрегатын көмүр-суу аралашмасын (эковут, экологически чистое водоугольное топливо) пайдалануу менен иштетүүнү сунуштаганбыз. Сунуштун пайдасы бул аралашма биз кымбатка сатып алган мазутту алмаштырат, көмүрдүн толук күйүүсү камсыз болуп, бөлүнүп чыгып шаарга түшкөн күл кыпындары, уулуу заттар кескин азайат — ​жок болот. Ошондуктан бул аралашманы азыркы учурда дүйнөдө кеңири колдонуп жатышат. Аралашманы даярдоо технологиясы көп каражатты талап кылбайт. Тилекке каршы, биздин сунушубузду колдошкон жок. Реконструкцияны кытайлык адистер, инвесторлор ишке ашырышкан. Эмне үчүн Кытайда ТЭЦтерде айтылган аралашманы кеңири пайдаланышат, а бизде ушул жөнөкөй технология пайдаланылбайт деген суроо туулат.

Биз бул макалада Кыргызстандын байлыгы болуп эсептелген «Кабак» көмүр бассейнин өздөштүрүү маселесине кайрылалы деп турабыз. «Кабак» көмүр бассейни бийик тоолуу чөлкөмдө жайгашкан. Бул ири көмүр бассейнине «Кара-Кече», «Миң-Куш», «Доңуз», «Көк-Мойнок», «Кашка-Суу», «Сары-Камыш» жана «Кара-Чаули» кендери кирет. Бассейндеги күрөң көмүрдүн жалпы корун (запасы) адистер 2,5 млрд тоннага жетет деп баалашат. Эсептелген кору 1,2 млрд тонна мамлекеттик запаста бекитилген. Анын ичинде Кара-Кечеде — ​437,8 млн тонна, Миң-Кушта — ​116 млн тонна, Көк-Мойнокто 19,0 млн тонна мамлекеттин балансына алынган. Калган кендердин корлорун эсептөө үчүн геологиялык изилдөө иштери жүргүзүлүшү керек. «Кабак» көмүр бассейнинде көмүр казуу өткөн кылымдын экинчи жарымында башталган. Бүгүнкү күндө «Кара-Кече», «Миң-Куш» кендеринде майда ондогон ишканалар көмүр казууда. Лицензиялар 19 участокко берилген. Кыргызстандын тоо-кенчилер жана геологдор ассоциациясы жана Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер Академиясынын Геомеханика жана кен байлыктарды өздөштүрүү институтунун адистери кийинки жылдары бул ишканаларда болушуп, илимий сунуштарын беришүүдө. Тилекке каршы, ал сунуштар көпчүлүк ишканаларда ишке ашпайт, акыбал бул бассейнде күн санап начарлоодо.

Кышка карата, жалпы эле көмүр отуну менен элди камсыздоо ар дайым биринчи орунда турган. Кыргыз эл арасында тараган «Катын алам десең, отун ал» деген сөзү бар. Айрыкча кышы узак айларга созулган аймакта отун камдоо айрыкча талап. «Кабак» көмүр бассейнинде биринчи көмүр казуу Улуу Атамекендик согуштан кийинки жылдарда Жумгал районунда Дүңгүрөмө деген шахтада башталган. Аны ошол кездеги жергиликтүү өнөр-жай башкармалыгы курган. Өткөн кылымдын 60-жылдарында мындай майда ишканалар адистештирилген, Союздук көмүр өнөр-жай министрлигине берилген. Өткөн кылымдын 50–60-жылдарында Кыргызстанда уран кендерин өздөштүрүү башталып, Миң-Куш шаарчасында электр станциясы курулуп, аны көмүр менен камсыздоо максатында «Ак-Улак» разрези ишке киргизилген, анын жылдык кубаттуулугу 120–200 миң тоннага чейин жеткен. Бул жылдары Бишкек жылуулук борборун Кара-Кече көмүрү менен камсыздоо маселеси мамлекеттик деңгээлге көтөрүлүп, бул көмүр кенинде ири разрез куруу маселеси каралган. Кара-Кече кенинин борбордук бөлүгүндө 800–1500 миң тонналык кубаттуулугу бар разрез куруусу каралып, долбоор түзүү маселеси каралып, техникалык эсептөөсү түзүлүп, 2000-жылга карата толук техникалык долбоору каралган. Ошол кездеги өкүм сүргөн коррупциялык схемалар көмүр тармагына да жетип, бул тармакта да башаламандыктар башталган. «Ак-Улак» разрезин «банкротко» айландырышып, көмүр казуу иштери чет элдик «Примекс Центр» аттуу белгисиз фирманын колуна өткөн. Ошентип, элдин байлыгы болгон «Кабак» көмүр бассейни мамлекеттин көзөмөлүнөн чыгып, таламайга айланган. Бул маселе адистер тарабынан бир нече жолу көтөрүлүп, коомчулук тарабынан көптөгөн сунуштар айтылган. Бул маселе Жогорку Кеңештин экинчи чакырылыштагы депутаттардын сессиясында да каралган. Бул иш-чаралардын материалдары кийинки жылдары түзүлгөн коррупцияга каршы органдарга да жеткен. Кейиштүүсү, чечкиндүү, илимдин жана инженерлик эсептөөлөрдүн негизинде адис-профессионалдардын, илимпоздордун сунуштарын эске алып, чечкиндүү чаралар көрүлбөгөндүктөн «Кабак» көмүр бассейнин өздөштүрүү маселеси оор акыбалда калууда.

«Кабак» көмүр бассейни өзгөчө тоолуу шартта жайгашкан, жана көмүрдүн да өзгөчөлүгү бар. Бийик тоолордо жайгашкан (2650–3700 метр бийиктикте) кендерде көмүр өзүнчө күйүп кетүү касиетине ээ (самовозгорание), таза суу аккан сайлар жана токойлор, «Кызыл китепке» кирген өсүмдүктөр жана жаныбарлар бар. Демек, мындай аймакты өздөштүрүүдө илимий жана экологиялык жактан өтө чоң талаптар коюлат. Бул маселеде, башкача айтканда тоолуу аймактардагы кендерди иштетүүдө илимпоздор, адистер тарабынан өзүнчө концепция түзүүнүн керектеги келип чыгат. Ал документте төмөнкү өзүнчө маселелерге көңүл бурулушу керек.

Биринчиден, бирдиктүү инфраструктура: энергия менен камсыз кылуу, жол катнаш маселеси, көмүр кендерин иштетүүнүн технологиялык схемасы.

Экинчиден, айлана-чөйрөнү сактоо, көмүрдү казууда пайда болгон тоо-тектерин жайгаштыруу, суу агымдарын жөнгө салуу, өсүмдүктөрдү жана жаныбарларды сактоо жана коргоо иш-чаралары.

Үчүнчүдөн, кен байлыктарды эффективдүү пайдалануу: көмүрдөн башка дагы кошумча пайдалуу кендерди иштетүү, көмүрдөн терең изилдөөнүн жана кайра иштетүүнүн негизинде жаңы товардык продукттарды алуу менен көмүр ишканасынын рентабелдүүлүгүн көбөйтүү.

Биз бул макалада үчүнчү маселеге кененирээк токтоло кетелик. Кара-Кече көмүрүнүн өзгөчөлүгүн эске алып, өткөн кылымдын 50-чү жылдарында Ленинград (азыркы Санкт-Петербург) шаарындагы илим-изилдөө иститутунда (ВНИИПС, 1958 ж.) 10 тонна көмүр жөнөтүлүп, өндүрүштүк шартта химия-технологиялык изилдөөлөр жүргүзүлгөн. Андан төмөндөгүдөй жыйынтыктар алынган. 500 тонна көмүрдү буукычкылтек газогенератордо күйгүзсө 600 миӊ. м3 газ алына тургандыгы далилденген. Андан 400 миӊ м3 70 тонна суюк күйүүчү май (нефть), 200 миң м3 метан алына тургандыгы далилденген. Мындан башка дагы башка пайдалуу заттарды алууга мүмкүн экендиги көрсөтүлгөн.

Кийинчерээк мындай илимий-практикалык иштер республикада улантылган. Маселен, Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер Академиясында Химия институту, Политехникалык институтта (азыр Кыргыз техникалык университети, профессор Жаманбаев), дагы башка уюмдарда да изилдөөлөр жүргүзүлүп, баалуу натыйжалар жана сунуштар көп эле болгон. Бүгүнкү күндө бул маселе дагы көтөрүлүүдө. Кийинки күндөрдө тоо-кен адистеринин жогорку бийликтердин жетекчилерине жөнөтүлгөн кайрылуусунун үчүнчү пунктундагы илим менен өндүрүштүн интеграциясын күчөтүү жөнүндөгү сунуштары бүгүнкү күндүн талабына жооп экендигин белгилесек болот. Кыргызстанда илим-изилдөө институттарынын өндүрүштү өнүктүрүүдөгү, өлкөбүздүн экономикасынын чыңдоодогу жогорку ролун унутууга болбойт, айрыкча, кийинки 20 жылда илимдин өндүрүшкө тийгизген эффективдүү таасирин баалабагандыктан экономикабыздын оор акыбалга туш келгендигинен туура жыйынтык чыгарууга тийишпиз.

Кийинки жылдары Геомеханика жана кен байлыктарды өздөштүрүү институту кетирилген каталыктардан жыйынтык чыгарып, өндүрүштүн азыркы учурдагы талаптарына жараша иш жүргүзө баштады. Институтту реформалоодо лабораториялардын багыттарын өзгөртүп, өндүрүштүн бүгүнкү күндөгү талаптары эске алынды. Өткөн эки жылда көмүр өндүрүшүндөгү ишканаларда илимий кызматкерлер өндүрүшчүлөр менен бирге илимий изилдөөнүн негизинде тегерек столдорду өткөзүшүп, өз сунуштарын беришти. Сунушталган иш-чаралардын аткарылышы боюнча жакынкы айларда адистер, окумуштуулар, өндүрүшчүлөр менен талкуу жүргүзүү иштери уюштурулат.

Кыргыз Республикасынын экономикасынын өсүшүнө негизги салым кошо турган суу-энергетикасынын жана өлкөбүздүн кен байлыктарынын киреше берүүчү, бюджет түзүүчү ордун эске алуу менен, кетирилген айрым каталыктардын негизинде пайда болгон бул эки тармактагы оор акыбалды жоюуда Улуттук Илимдер Академиясынын окумуштууларынын жооптуу орду бар экендигин белгилөө менен, элибиздин байлыгы болгон бул эки тармак илимий жетишкендиктерди пайдалануунун негизинде өлкөбүздүн өнүгүүсүнө орчундуу үлүшүн кошоруна ишенебиз.

О. Д. Дуйшеев,

 тоо-кен инженери,

Кыргыз Республикасынын Инженерлик академиясынын академиги.

Д. К. Тажибаев,

 тоо-кен инженери, т. и.к., лаборатория жетекчиси.

“Жаңы Ордо” гезити. №33 (606), 26-октябрь, 2018-жыл

 

 

 

 

 

 

 

 

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс