Понедельник , 19-Ноябрь 2018
Башкы бет / Аналитика / Кыргызстан: «өзгөчөлүкпү» же жаңы сенектик мезгилби?

Кыргызстан: «өзгөчөлүкпү» же жаңы сенектик мезгилби?

Учур саясаты

Жакында эле президент Сооронбай Жээнбековдун шайлоодон жеңип чыкканына бир жыл толуп, бул датага байланыштуу ар түркүн пикирлер коомчулукта жана массалык-маалымат каражаттарында кеңири жарыяланды. Ошентсе да, андай пикирлер жалаң гана көбүнчө өз мекендештерибиздин жана дагы азыркы саясатты колдогон пропозициячыл саясатчылар менен айрым оппозициячыл маанайдагы саясатчылардын пикирлеринен гана куралгандай болду. Ошондуктан, улуу акын Алыкул “Мен өзүмдү үй сыртынан тыңдасам…” деп жазган сымал, бири-бирибизди көтөрө чала мактап, же туздап-сындап коюп эле жүрө бербей, биз жөнүндө, асыресе, дал ушул датага байланыштуу, — ​таасирдүү стратегиялык өнөктөш мамлекеттердин басылмалары биздеги болуп жаткан окуяларга жана биздин өнүгүү процессибизге карата кандай пикирлерди айтып жатканына да көңүл буруп, өзүбүздүн ички маселелерибизге сырттан караган сын көз караш менен карап көрүү да эч ашыктык кылбас?!

Россия Федерациясынын эң таасирдүү интернет сайттарынын бири “Росбалт” мурдагы союз республикаларында болуп жаткан урунттуу окуяларга карата гана эмес, жалпы эле дүйнөлүк геосаясат маселелерин чагылдырууда да өз алдынча туруктуу позицияны карманып келет. Сөз эркиндиги жана демократиялык баалуулуктарды туу тутунган бул интернеттик басылмада көз карандысыз пикирлер жана талдоолор такай берилип турат. Ошол эле учурда, зарылдык туулган учурларда президент Владимир Путин жүргүзүп жаткан саясатка да, премьер-министр Дмитрий Медведевдин өкмөтү кетирген каталар боюнча олуттуу сындар (жөн эле сындоо максатында эмес!) да үзбөй жарыяланууда…

Төмөндө Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбековдун президенттик кызматта олтурганына 1 жыл толгондугуна байланыштуу, журналист жана эл аралык мамилелер жана мамлекеттер аралык саясат боюнча эксперт Ирина Джорбенадзенин аталган интернет-сайтта жарыяланган макаласын кыргыз окурмандарына толук бойдон которуп жеткирүүнү туура көрдүк.

Редакциядан.

Сооронбай Жээнбеков өз алдынча чечим кабыл ала турган фигура болуп чыкты, бирок, мунусу ага өлкөнү алдыга жылдырууга азырынча жардам бере элек.

Жээнбековдун президенттигинин биринчи жылы анын сырткы саясаттагы “мерчемдери” так болгонун жана үйдө тынч, бейкамдыгын ачыктады. Бирок, баары бир алдыга озуп кетүүгө айланбады.

Борбордук Азиядагы мамлекеттеринин жетекчилеринин ичинен эң эле табышмактуу фигурасы Сооронбай Жээнбековдун Кыргызстандын президенти болгонуна бир жыл толду. Өткөн жылы ал шайлоодо оңой эле жеңишке жетишерине ишенгендер өтө аз болгон. Көптөрү ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев эмне үчүн аны өзүнүн мураскери кылып тандап алганына абдан таң калышкан, — ​себеби, ага караганда кыйла жагымдуу жана таанымал инсандар да бар болчу. Жээнбековдун жумшактык кыларын айтышкан (ал премьер-министр кызматында турса да), аны Атамбаев башкарат дешкен, мындай болгон соң, ал анын президенттик ыйгарым укуктары аяктаганча көшөгө артында туруп— бир кездеги Дэн Сяопин сыяктуу, — ​өлкөнү башкара берет деп ойлошкон. Арийне, иш жүзүндө баары такыр башкача болуп чыкты: жаңы президент шашпай, абайлык менен жана акырындап олтуруп, Атамбаевди жана анын кишилерин четке “сүрүп” чыгарып, аларды мамлекеттеги жетекчилик кызматтардан четтетип салды. Бул болсо азыр Атамбаев башында турган, башкаруучу Социал-демократиялык партияда (СДПК) жарака чыгарды. Ошентип, азыр Кыргызстанда башкаруучу көпчүлүк жок сыяктанат.

Республиканын ички саясатындагы ал үчүн көнүмүш болуп калган “архитектуранын” өзгөрүшү жакшы жагына, же жаман жагына таасир этет деп, узакка чейин талаша берсе болот. Бирок, факт деген факт бойдон калат: Жээнбеков өз башкаруусунун алгачкы жарым жылында эле көз карандысыз саясий фигура болуп калды. Жана да өз президенттигинин алгачкы эле күндөрү абдан так сырткы саясаттык кадамдарды жасады: бардык жакын жана бир аз ыраактагы коңшуларына, анын ичинде Кытайга да барды, алар менен достук мамиледе болуу анын республикасы үчүн стратегиялык жактан маанилүү болуп эсептелет. Тагыраак айтканда, ал кызуу кандуу жана эмоционалдуу Атамбаев кетирген жаңылыштыктарды оңдоодон баштады. Маселен, Казакстан жана Турция менен мамилелерди жөнгө салуу керек болчу. Ал жумушчу сапары менен башка континентке — ​АКШга да учуп барып келди. Ал эми Россияда үч ирет болду.

Жээнбековдун чет элдик визиттери учурунда Кыргызстан үчүн эпохалдуу болгон макулдашууларга кол коюлду деп айтууга болбойт, бирок, ал жок дегенде Астана жана Анкара менен бузулган мамилелерди оңдой алды, ал эми «башкалар» болсо Кыргызстан эч ким менен душмандашпай турганын, алардын президенти оор салмактуу, жупуну жана кадамдарын алдын ала айтууга боло турган адам экенин көрүштү. Ошол эле учурда, аны ушунчалык эле жөнөкөй эмес.

Кыргызстанда аны субъективизми жана кекчилдиги үчүн айыптоо кыйын — ​булар республикада дайыма өтө жогорку деңгээлде болуп келген коррупция менен күрөшүүдө сөзсүз «сапарлаш» жүрөт эмеспи. Аны менен күрөшүү жергиликтүү реалияларда абдан татаал, бирок, айрым адамдар коррупция үчүн торго түшүштү. Мисалы, Бишкек ТЭЦин реконструкциялоого жана ал долбоорду ишке ашырууга байланышкан иш кыйла эле чуулгандуу болду: иликтөө Атамбаевдин айланасындагы өтө бийик кызматтагы чиновниктерге чейин жетти.

“Саясий” деп аталган кылмыш иштерди кароо да ордунан козголду. Бирок, бул процесс өткөн жылы кыргыз шайлоочулары күткөндөй, анча тез кеткен кеткен жок. Алардын президенттин кадрлар саясатына карата да дооматтары бар, — ​министрлерге жана ар кандай мамлекеттик структуралардын башчыларына компетенттүүлүк жетишпегени ачык эле көрүнүп турат. Бул болсо Жээнбековдун ишинин оң жактарына карабастан, анын жогорку квалификациялуу өз командасы жоктугун билдирип турат. Сот реформасын жүргүзүүнүн жана күч органдары түзүмдөрүн реформалоонун ачык кечиктирилип жатышын анын кемчилдиги катары карашат. Асыресе, Кыргызстанда азыр массалык-маалымат каражаттарынын эркиндиги жоктугу жөнүндө жана бийликтин жогорку тепкичтеринде непотизмдин (тууганчылдыктын) бардыгы тууралуу азыраак сүйлөп калышты.

Соттук реформаны Жээнбеков 2019-жылдын аягына чейин бүтүрүүнү убада кылып жатат — ​муну ал көп параметрлери боюнча, анын ичинде, “жаны кодекстерди жана мыйзамдардын” күчүнө киришин да, «өзгөчө» деп атаган. «Биздин өлкө, — ​деп айткан президент, — ​жаңы нормалар боюнча жашай баштайт, биз баарыбыз ушундай маанилүү бурулушка даяр болушубуз керек». Бирок, «маанилүү бурулуш» Кыргызстандын социалдык-экономикалык турмушуна таасир этеби же жокпу, акыры аягында алардын жыйынтыгы боюнча Жээнбековдун президенттик мезгилинин ийгиликтүү же ийгиликсиз болгондугу тууралуу бааланат да? Өлкөдө жумушсуздуктун деңгээли абдан жогору, айлык акы — ​абдан аз. Бул жагынан ал үчүн Россия чоң көмөкчү болууда, мында КРнан келишкен эмгек мигранттары толуп кетишкен. Ал эми республика 2015-жылы жайында ЕАЭСке кирген соң, кыргыздардын укуктары россиялык жарандардын эмгек укуктарына теңештирилген. Кыргызстандын Ички Дүң продукциясы (ВВП) үчтөн бирине чейин РФда “тер төгүп” жүргөндөрдүн акча которууларынан куралып калган. Андайлар, расмий маалыматтар боюнча алганда, 600 миң кишиден ашуун болуп саналат. Алардын өз мекениндеги үй-бүлөлөрүнө берген жардамдары биринчи жарым жылдыкта дээрлик 275 миллион долларды түздү. Мындан кыйла эле «түшүмдүү» болгон мезгилдер да болгон.

Ал эми чет өлкөлүк түз инвестициялоого келгенде иштер начарлады — ​алар кыскарууда. Улуттук статистикалык комитеттин маалыматтары боюнча, үстүбүздөгү жылдын январь — ​июнь айларында алардын көлөмү араң гана 247 миллион долларга жеткен, ал эми өткөн жылдын ушундай эле мезгилинде 370 миллионго жеткен. КР үчүн салттуу болуп калган инвесторлор — ​Кытай жана Сингапур «ишенимди акташпады». А Канада болсо такыр эле 30 миллиондон 5 миллион долларга чейин төмөн түшүп кеткен. Жалпысынан алганда, Кыргызстандын экономикасы мурда эле гүлдөп-өсүп кетпегени аз келгенсип, эми ого бетер соолуй баштады. Жээнбеков жакында эле ишкерлер менен жолукканда бизнес Кыргызстандан чет жакка “качып” чыгып баратканын моюнга алды. Бизнес үчүн шарттарды жакшыртуу үчүн чаралар көрүлүүдө деп, ал ишендире кетти. Ал эми «качып жатышкандарынын» себеби деп, президент алардын ашыкча эле «фискалдык көзөмөл» кыла берүүдөн чарчашканын эсептейт.

Бийлик өлкөдөгү бизнес-климатты жакшыртуу менен алек болуп жаткан чакта, БУУ дүйнөдөгү 189 мамлекеттердин адам өнүгүүсүнүн индикаторлорунун жана индекстердин рейтингин жарыялады, — ​Кыргызстан анда ардактуу эмес 122- орунда турат, өз регионунда ал бир гана 128-позициядагы Тажикстандан «озуп кеткен». Бул рейтинг калктын адам башына кирешеси деген көрсөткүч боюнча да эсептелет — ​БУУ аны жылына 3 миң доллар деңгээлинде белгилеген. Бирок, жада калса КР статкомитети бул цифраны жогору болуп калган деп, аны болжолдуу алганда 2 миң доллар деп эсептейт. Ал эми көз карандысыз эксперттер андан да төмөн көрсөткүчтөрдү айтышат. Кыскасы, Кыргызстан — ​жакыр өлкө, демек, анын жарандарынын жашоо деңгээлин жок дегенде бир аз болсо да жакшыртуу үчүн Жээнбеков өтө эле катуу иштеши керек.

Балким, республика азыр баягы айтылып жүргөн “өткөөл мезгилде” тургандыр, — ​белгилүү болгондой, андай мезгилдер көп учурларда туруктуу абалда калган мүнөзгө ээ болот. Бирок, Жээнбековдун колунда азыр баары бар — ​себеби, анын ишмердигине карата каршылык кылуу республика ичинде байкалбайт. Бир жагынан алганда, бул жооткото тургандай, ал эми башка өңүттөн караганда, — ​коркунучтуу жана кыйла эле бейкапар кылып салат. Президент дайыма «формасында» болуш керек жана да иштиктүү оппозициясы болууга тийиш. Андай болбосо, бейпил күндөрдүн биринде эле ал күтүүсүздөн уюшулбаган оппозициянын каршылык көрсөтүүсүнө кабылышы мүмкүн. Ал дайыма эле болжолдоо кыйын болгондой, жана конструктивдүү эмес болуп чыгышы да ыктымал. Экинчи жагынан караганда, оппозициялык күч парламентте түзүлүшү да мүмкүн, болгондо да, «таарынган» Атамбаевдин айланасында. «Революция даамы» Кыргызстанга жакшы тааныш экендигин да эскерте кетелик.

Жээнбеков өз башкаруусунун экинчи жылында эмне кыла алат жана кылышы керек? Биринчиден, ишке жарамдуу жана, эң башкысы -эл арасында популярдуу болгон, курамы иш билги адамдардан турган пропрезиденттик партияны түзүшү керек. Тагыраак айтканда, өзүнүн күчтүү командасын түзүшү керек. Экинчиден, ал өкмөттүн кадрдык маселе боюнча жогорку деңгээлде болушуна кам көрүшү зарыл. Үчүнчүдөн, коррупция менен болгон күрөштү «душман издөөдөн» алыс туруп күчөтүшү керек — ​Жээнбеков мындайдан азырынча алыс, а бирок, аппетит тамак жеп жатканда келет эмеспи, а бул коркунучтуу. Анан да, албетте, региондорду инфраструктуралык жактан жана баарын чече турган кадрдык жактан да өнүктүрүүгө киришүүсү зарыл.

Кыргызстандын президенти абдан чоң ыйгарым укуктарга ээ, демек, анын мүмкүнчүлүктөрү да кеңири. Баары бир гана саясий эркке барып такалбайбы? Жана да акчага. Эгерде коррупция жоюлса акча табылат, а бизнеске өнүгүүгө шарт түзүлөт. Адамдар али да болсо өлкөдө жакшы тарапка болгон сезилерлик өзгөрүүлөр болот деп күтүшүүдө. Бирок, күтүү режими оңой эле чыдамсыздык режимине өтүп кетиши да мүмкүн.

Орусчадан которгон

Муратбек Кыдырмышев

“Жаңы Ордо” гезити. №33 (606), 26-октябрь, 2018-жыл

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс