Четверг , 17-Январь 2019
Башкы бет / Жаңылыктар / Ассанабил эки жылда 36 медпункт куруп, пайдаланууга тапшырды

Ассанабил эки жылда 36 медпункт куруп, пайдаланууга тапшырды

“Ассанабил” ККФ тарабынан   2017-18-жылдар аралыгында 36 медициналык клиникалар курулуп элге пайдаланууга тапшырылды.

 Алар республиканын ар кайсы айыл кыштактарына, жаңы конуштарга курулду. Буга чейин бул жерлерде такыр медпункт  болгон эмес же эскилиги жеткен башка имараттардын бир бөлүгүндө  иш жүргүзүлүп келинген.

“Ассанабил” ККФнун төрагасы Саид Баюминин айтымында бул медициналык долбоорлор көбүнчө жеке демөөрчүлөр же ар кандай эл аралык кайрымдуулук фондторунун колдоосу менен кызматташтыкта ишке ашууда.  Мисалы 9 ФАПтын курулушун толугу менен “Qatar Charity” уйумунун каржылоосунда, ал эми калган башка медпункттар жеке демөөрчүлөр  же башка ушул сыяктуу Саудия, Кувейт, БАЭ, Бахрейн мамлекеттериндеги фондтордун  колдоосу менен ишке ашырылууда.

Мындан сырткары Кызыл-Кыя жана Ноокат шаарларына  эки кабаттуу клиника жана гемодиализ борборунун курулуш иштери жүрүүдө. 2018-жылдын аягына чейин пайдаланууга берилери күтүлүүдө.

Саид Баюми: “Биздин мекеме кыргызстанда иштегенден баштап медицина тармагында бир топ жумуштарды аткардык, алгач жер жерлерди кыдырып медкаравандарды эн алгач биз уйуштурганбыз. Мындай караван 16 жолу уйуштурулуп республиканын эн алыскы аймактарын кыдырып чыккан. Медкараванда борбор калаада иштеген профессионал доктурлар иштеп, элди акысыз кароодон өткөрүп тиешелүү дары дармектерин акысыз таратылат.

“Ассанабил” ККФ акыркы жылдары калкты тейлөө үчүн атайын имараттарды куруп саламаттыкты сактоо министрлигинин балансына өткөрүп берүүдө. Бул үчүн атайын министрликтин алкышына татып Саид Баюми 2009-жылы “Саламаттык сактоонун ардактуу кызматкери” белгиси менен сыйланган. Жана 2017-жылы аталган тармактын өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн  “ардак грамота” менен сыйланды.  

ФАП, медпункт салынган аймактардын даректери:

Жайгашкан жери

 

 

1

Чүй – Биринчимай р-н – Актилек конушу

17

Ош – Алай – Жошолу  айылы

2

Чүй – Ысык-Ата р-н –  Онбир Жылга

18

Ош – Кара-Суу – Маданият

3

Чүй – Аламүдүн р-н – Биримдик Кут (поликлиника)

19

Ош-Кара – Кулжа – Терек айылы

4

Чүй – Биринчимай р-н – Ленинград көч

20

Ош – обл. оорукана – аптека

5

Чүй – Свердлов р-н – Көк-Жар конушу

21

Ош – Ноокат шаары

6

Чүй – Ленин р-н –  Лушихина көч.

22

Ош – Ноокат – Кара-Таш

7

Чүй – Ысык-Ата – Үч-Эмчек айылы

23

Ош – Кара-Суу – Кышабад

8

Ыссык-Көл – Ак-Суу –  Сарыкамыш айылы

24

Ош – Ноокат – Айбек

9

Ысык-көл – Жети-Өгүз – Кичи-Жаргылчак

25

Жалал-Абад – Сузак – Лавдан-Кара

10

Нарын – Кочкор –  Туз айылы

26

Жалал-абад – Базар-Коргон

11

Нарын – Жумгал – Жумгал совхозу

27

Жалал-Абад – обл больница

12

Талас – Карабуура –  Чоң Карабуура айылы

28

Жалал-Абад – Сузак – Жашасын 2

13

Баткен – Лейлек – Алга айылы

29

Жалал-Абад – Сузак – Кыржол

14

Баткен – ш. Кызыл-Кыя; (поликлиника)

30

Жалал-Абад-Сузак –Талаа булак

15

Баткен – ш. Кызыл-Кыя; (центр гемодиализа)

31

Жалал-Абад – Аксы – Койташ

16

Баткен – Кадамжай – Үч-Коргон айылы

32

Жалал-Абад – Сузак – Абдураимов

 

 

33

Жалал-Абад – Аксы –  Кезарт

 

Калктын саламаттыгын жакшыртуу максатында дагы бир чон долбоорлордун бири бул алыскы райондорду тез жардам унаасы менен камсыздандыруу болуп саналат.  Чолпон-ата шаардык ооруканасына бир унаа жана Эл аралык кайрымдуу уйумунун колдоосу менен Чоң алай райондук ооруканасына, Ала-Бука райондук жана Аламүдүн районундагы Карл-Маркс айылдарына реанимобиль унаалары акысыз берилди. Бул медициналык тез жардам унаасы заманбап, көп шарттары бар керебеттери, кычкылтек толтурулган баллону, жасалма  дем алдыруучу аппараттары менен камсыздалган.

“Ассанабил” ККФ 2004-жылы  Кыргызстанда негизделип калктын социалдык муктаждыктарын жеңилдетүү максатында бир топ долбоорлордун үстүндө иштейт. Медициналык проекттерден сырткы 36 мектеп куруп, жетим балдарга ай сайын жөлөк пул жана кийим кече таркатат. Ошол эле учурда жакыр жашаган үй-бүлөлөргө тамак-аш продуктуларын берет. 

Пресс катчы: Рахматулла Мухаммед,  тел: 0770 277 123;    0700 277 123   email: rahmatallah@mail.ru 

 

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс