Понедельник , 19-Ноябрь 2018
Башкы бет / Аналитика / Акча үчүн алтын жерин саткандар

Акча үчүн алтын жерин саткандар

Көйгөй

Кыргыздын жери дүйнөдө эң кооз жерлердин бири же болбосо тирүүчүлүктөгү «бейиштин төрү» десем эч жаңылышпайм. Бекеринен Адам атанын улуу баласы Ыдырыс дүйнөнү кесип кыдырып, ушул кыргыз жерибизди анын ичинен азыркы Чаткал өрөөнүнө жан сакчысы Ышкы-Баба менен келип, «Бул жер бейиштин төрү турбайбы» деп айтып коюп көздөн кайып болуп кеткен экен.

Ал эми санжыралык көз караш менен айтканда жергиликтүү калк арасында айтылып келген уламыштар боюнча Ыдырыс пайгамбар аскери менен жер кесип жүрүп, Чаткалды жактырып, бир топ мезгил ушул аймакта туруп калат. Кийин “Алланын амири менен Ыдырыс пайгамбар бейишти көрөт. Бейишти аралап көрүп, бейиштин ажайып көркүнө таң калып, бир мөмөлүү дарактын түбүнө кепичин чечип эс алат, кайра чыгаарда кепичин унутуп таштап чыгып кетет. Ыдырыс бейишке кайра кирет. Ыдырыс бейиштин кооздугуна арбалып чыкпай туруп калат. Ошондо аны кайра алып чыкмакчы болгон Азирейилге Кудайдан: “Бейишке бир кирген адам кайра чыкпасын!”, — ​деген аян келет. Ошентип, Ыдырыс пайгамбар ушул жерден түбөлүк бейишке кайып болуп кеткен экен.

Кийин ондогон кылымдар өтөт жер үстүндө элдер көбөйүп ар кандай хандык, бийлик, падышачылык, султанаттык, эмирлик жана кийинки заманбап мезгилдерде ар кандай мамлекеттер жана республикалар түзүлө баштайт.

Ошол заманбап мезгилдерде пайда болгон Кыргыз Республикасынын жери чындыгында тирүүчүлүктө “бейиштин төрү” болгон жерибизди камкордук көрүп сактап, өркүндөтүп өстүрүүнүн ордуна кээ бир биздин байлыкты жакшы көргөн айрым адамдардын жеке пайдасы үчүн, байлык чогултуу максатта жерибизди башка мамлекеттердин болгондо да “ит жээр, бит жээр” деп аталган кытайларга тартуулап берип, мына биздин жер жакшы, жер байлыгыбыз да бар, жердин астын казсаңар алтыныбыз да бар” деп таңуулап колуна салып берип жатабыз. Ал эми кытай эли Кыргызстанга келгенден бери эч ким карабаган эшектерибизден өйдө тымызын союп жешип, чучугунан казы-карталарынан өйдө арттырып ууртунан май чубуртуп жешип, жерди казып алтыныбыздан өйдө чыгарып кетип, жыргап куунап, бейиштин төрүбүздөй жерде “май көл, сүт көл” болуп жыргап куунап жашап жаткан учуру.

Кезектеги күндөлүк иш сапарымды кыргыздын тарых, санжырасын иликтөө максатта Чаткал районуна сапар тарттым. Чаткал районунун алыстыгынан “ал жердин эли кандай жашап жатат болду экен” деп эгемендүү мамлекет болгондон бери буга чейин бир дагы президенттерибиз барып көрүшкөн эмес экен, эгер жолу татаал жана катаал экендигин билишсе вертолёт менен учуп барып да таанышкан эмес.

Чаткал элине ушунчалык ыраазы болдум, борбордон ушундай географиялык эң алыс жайгашып, мал багууда да катаал шарттарды баштарынан өткөргөнүнө карабай, бийлик тарапка бир да жолу өздөрүнүн ар кыл багыттагы нааразычылыктарын билдирбей, үн чыгарып кыңк да дебей жашап жаткандарына таң калдым. Кышында калың кар жааганда Талас тарап менен Ала-Бука райондоруна кеткен жол биротоло жабылып да калган күндөр болот экен.

Мурун ушундай иш сапарымда эң катаал жана татаал шартта жашап жаткан Россия Федерациясынын Тыва Республикасынын Улук-Хем кожуунунда (районунда) жайгашкан “Ээлих-Хем” айылында жашаган “каман кыргыздары” деп аталган кыргыздарды көрүп абдан таң калгам. Ал “каман кыргыздары” бийликтен эч бир үмүт кылбай тоонун капталын өздөрү үңкүр кылып казып, ошол үңкүрдүн ичине сарай ордуна малдарын айдап кирип, үңкүрдүн оозуна дарбаза орнотуп обочороок ыңгайлуу жерге кичинекей үй курушуп жашашат. Тоонун боорун казып үңкүр кылып кирген үчүн аларды тывалыктар “Каман кыргыздары” деп аташат. Тывалыктарга эмне үчүн “каман кыргыздары” деп атайсыңар десем, “чындыгында биз ушул каман кыргыздарындай болуп иштей албайбыз” деген сөздөрүнө ыраазы болгом.

Эми ошондой кыйын жашоо шартта жашаган өзүбүздүн эле чаткалдыктардын жашоосун көрүп дагы таң калып отурам. Бирок алар “каман кыргыздарындай” болуп үңкүр казышпаса да биринчиден борбордон эң алыс жайгашкан, экинчиден жолдору союз учурунда алгачкы жолу салынган боюнча бир да жолу бир чакырым жол да реконструкцияланып же капиталдык ремонттон өткөн эмес, Чаткалга бир барып келген машина ээси сөзсүз түрдө толугу менен астынкы жүрүүчү тетиктерин алмаштырууга мажбур болот же болбосо кымбат баалуу автотетиктерди сатып алып автомашиналарын ремонт жасаттырып, элибиздин бюджетин көбөйүшүнө аз да болсо салым кошот. Ошондуктан республикабыздын ушундай эң катаал шарттарда жашап жаткан райондордун элине кийин пенсияга чыкканда, пенсия үстүнө “өзгөчө абалда жашап тургандыгы үчүн” деп пенсия суммасына кошумча акча коштуруубуз зарыл.

Чаткал районунун элине социалдык жактан бийлик бутактары тарабынан шарт түзүп жолдорун баштап ар кандай багытта социалдык объектилерин куруп берүүнүн ордуна эми жерибиздин экологиялык жактан талкалап, ал райондо 50дөн ашык кытай фирмаларын киргизишип чайкама алтындарды чайкашып, жер астындагы алтындарды чайкап, “Алтыны Кытайдыкы, ташы кыргыздыкы” дегендей байлыгыбызды да кытай эли Кыргызстандан сыртка алып чыгып кетишүүдө.

Жер байлыгын казып иштетүүдө рудалык (металл иштетүү) жана рудалык эмес (тоо таштарын иштетүү) багытта болуп экиге бөлүнөт, ошол кен иштетүү багыттарда он жылдан ашык мекеме жетекчиси болуп эмгектенип келдим, бирок биз дайыма союз учурунан бери каралып мыйзамдаштырылган мыйзам ченемдүүлүктө иштеп ошол кен казылып чыгарылган жердин жергиликтүү бюджетине ай сайын акча которуп тураар элек.

Ал эми Чаткал өрөөнүндө 50дөн ашык кытай фирмалары кен иштетишип жергиликтүү элдердин казынасына акча которбогону бул өзү таң калыштуу нерсе. Себеби, алтын кайсы айыл өкмөтүнө караштуу болсо, ал айыл өкмөтүнө акча каражаттарын которуп берүү каражаттары берилбесе, ал акчаларга социалдык жактан аз да болсо объектилер курулбаса, сырттан караган каалаган адам ошол замат ойлойт, ал акча каражаттары кайда сиңип жок болуп жатат, демек ал акча каражаттары ошол айыл өкмөтүнүн чөнтөгүнө түшүп турганы далил болот. Экинчиден адегенде ошол айыл өкмөттөрүнүн жерлеринде алтын казуу боюнча лицензия берген мекеме “бысмилла” деп баштаган шапкеси Мамлекеттик геология башкармачылыгынын чөнтөгүнө түшөт, бул дагы көмүскө коррупция болуп саналат. Эми ушул эки операцияны бириктирип бир адам ак үйдө сөзсүз түрдө “крышовать” этет. Бул негизги коррупция болуп саналат. Ушул “крышовать” этип көзөмөл салган адам депутат же министр же майда башка ведомостволордун жетекчилери болоорунда күмөн жок.

Чаткалдан Ала-Бука районуна келе жатканымда Ала-Бука районуна жетпей туптуура 50,0 км. аралыкта бир кытай фирмасы атайы тоодо тоо-кендерин иштетүүдө колдонгон 5 кубдук эксковатор менен казып, бир нече 20 тонналык кытай “Хабо” жүк ташуучу автомашиналары аркылуу суунун жээгинде тоо-кендерин ташып, атайы чайкама гидро аппараттар орноштурган жерге ташып берип, андан кийин кытай жумушчулары алтын чайкашууда. Атайы электен өткөндөн кийинки кум шагыл автотрассанын жээгине төгүлүп, болжолдуу көлөмү 100,0 миң кубдан ашат, ал эми бул атайы электен өткөн кум шагылдын фракциясы болсо даяр жол астына төшөлчү инерттик курулуш материалы болуп саналат. Ал жерден ары-бери өткөн автомашиналар болсо араң дегенде сыгылып мурунку салынган жол нугунан сыртка чыгып кеткен.

Мындай тоо кендерин көптөгөн түрдүү техникалар менен иштетүү ыкмасы “чайкама алтын” деп аталбайт, тескерисинче өндүрүштүк багытта иштетүүгө каралган тоо кен технологиясы болуп эсептелет. Демек, бул жерде сөзсүз түрдө “чоң коррупция былыгы жатат” деп баамдаса болот. “Кайран элибиздин байлыгы кайсы жерге барбагын жер астынан баштап, жер үстүндө курулган чоң-чоң объектилерге чейин бардык жерде жең ичинен жемей, жеке саналуу гана адамдар биригип алышып, эл кызыкчылыгын ойлобогон өз кызыкчылыктарын жогору койгон акмактардын гана чөнтөгү калың болууда” деп аргасыздан ойлоносуң. “Бизде мамлекет көзөмөл системасы качан жакшы элге кызмат кылган ийкемдүү мыйзам чегинде иштеген, жакшы салык төлөө системалары пайда болот” деген ойдо болосуң, ушуларды көрүп билип турган эл бийлик бутактарына дайыма нааразы болбогондо кимге нааразы болмокчу.

Ошол жерде бир форма кийген адам алтын чайкап жаткан кытай жумушчуларынын ишин көзөмөл кылып карап туруптур. Ал жерден атайы машинамды токтотуп “сен кимсиң, бул жерде эмне кылып жатасың” деген суроомо “мен Ала-Бука районунун салык системасында иштеген инспектормун” деди. Андан ары суроо узатып “бул жерде эмне иш кыласың” десем, “мен күндө Ала-Бука районунан келип ушул жерден канча алтын күнүгө чайкалат, ошону көзөмөлдөп, канча грамм алтын бөлүндү ошонун пайыздык үлүшүн бизге которттурам” деген сөзүнө таң калдым. “Ээ, айланайын, эгер ар бир чайкама алтынга бирден салык инспекциясы көзөмөл кылса, анда бир райондо 50дөн ашык чайкама алтын болсо, силерде 50дөн ашык инспекциялар көзөмөл кыласыңарбы, анда силердин штатыңар абдан көп го” деп таң калдым.

Негизи мындай жерлерде алдын ала “бир куб кум шагыл жерде мынча грамм алтын курамы бар” деген геологиялык эсептөөлөр жүргүзүлөт, эгер андай геологиялык эсептөөлөр жүргүзүлбөсө, казылып ташып келген кум шагылдын орточо 1 метр кубунда “канча грамм алтын курамы бар” деген эсептөөлөр хронометриялык жол менен жүргүзүлүшү керек.

Ушундай тоо кендерин казуу жапайы түрдө казып чыгаруу бул экологияны бузуп, жаратылыш менен табигатты түздөн түз талкалоо жана район аралык жол системасынын келечек реконструкциялоо же курулуш багытына да олуттуу зыян келтирүү дегендик болуп саналат.

Кыргызстанда ушундай башкаруу системалары жеке эле тоо кендерин иштетүүдө эмес башка багыттарда да ар ким каалагандай башкаруу рычагдарын иштетишип, ал башкаруу системаларынын жетекчилеринин былыктары билине баштаганда, эл арасында бийликке карата түрдүү нааразычылыктар пайда болууда. Ал эми министрликтер же ведомстволор аркылуу мыйзам чыгаруучу депутаттарга өндүрүштөрдү иштетүүдө өздөрүнүн жүйөлүү сунуштарын алып барышып, жакшы элге жагымдуу мыйзамдарды жаратышса, эл арасында ушакка айланган мындай терс көрүнүштөр пайда болмок эмес.

Биздин бийлик бутактарыбыздын бардык системаларында, иш тажрыйбалары жок жаш балдар жетектеп же дипломдорду сатып алышкан, ар кандай бизнесмендер, материалдык байлыкты сүйгөн адамдар эл башкарууда, качан алардын сасык былыктары билине баштаганда, иштеген иштерин таштап, качып кетүү Акаев менен Бакиевдердин ыкмасын колдонгон модага айланган. Качан кадрларды тандоону жакшы жолго коюп өздөштүрө баштайбыз.

Асыкбек Оморов,

“Санжыра” борборунун жетекчиси, тарых жазуучусу.

“Жаңы Ордо” гезити. №33 (606), 26-октябрь, 2018-жыл.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс