Понедельник , 19-Ноябрь 2018
Башкы бет / Аналитика / Реформатор-министр…

Реформатор-министр…

Бир чындык туурасында кеп

же кыргыз элинин билим берүү системасына жаңыланууну киргизген Чынара Жакыпованын бейнесине сүртүмдөр…

“Илимдүү болуу, ийне менен кудук казганга тете,”-деп кыргыздар бекер жеринен айтпаса керек. Ал кезде коом да өтө тездик менен өзгөрүлө баштаган учур болчу. Коммунисттик партиянын тоталитардык системасынын ордуна демократиянын жел аргысы бизге келип калган эле. Дүйнөлүк саясый картадан СССР деген улуу держава өзүнөн-өзү кулап жок болгондо, күтүүсүз жерден эле Кыргызстан эгемендүү мамлекет болду. Ошол кезде Аскар Акаев башында турган жаштар, жаңы ысымдар чоң саясатка келишти. Кечээги партократтар партбилеттерин ыргыта салып, көбү демократиянын терисин жамына коюп демократ болуп чыга келишти. Чынара Жакыпова да 1992–1993-жылдары Кыргыз Республикасынын Билим берүү министри болуп дайындалды. Акаев доорундагы министр болгондордун көбү катаал учурдун соккон шамалына туруштук бере албай, сайдын кумуна сиңген суудай болуп, мезгилдин катмарында сиңип жок болуп кетишти. Бирок, ошол жаш министрлердин арасында жаңыча көз караштагы өзгөчөлүгү менен көрүнгөн, билим берүү тармагында Жакыпованы реформатор министр деген жогорку бааны эл өзү бергени менен өзгөчөлөнүп турчу.Чынара Жакыпова өтө чукул убакыттын ичинде жаштардын көз карашын өзгөртө алды. Министр болуп иштеген кыска убакыттын ичинде Чынара Жакыпова элге билим берүү системасында жаңылануунун жаңы барактарын ачып, жалпы элибиздин көкүрөгүндө калчу иштерди жасай алганы менен элдин эсинде калды.

Бир жолу Чынара эже менен сүйлөшүп отуруп, ал “Бекен, бизде өз каалоосу менен арызын жазып кызматтан кеткен министр, кетирген катасы үчүн өзүн-өзү атып өлтүргөн генерал жок!”- деп айткан эле. Мен ошондо бул сөзгө анчейин маани берген эмес экенмин. Кеч болсо да кийин түшүндүм. Жакыпованы карапайым эл колдогону менен илим чөйрөсүндөгү коррупционер окумуштуулар, кээ бир ректорлор, декандар ажобузга чейин Жакыпованы кош колдогондун ордуна ак жеринен каралоо кампаниясын башташканы эсимде. Чынара Жакыпованын реформасына каршы болгон ректорлор, бут тоскон декандар кийин ушул тармактын министри, ЖКнын депутаты, Ак Үйдөгүүлкөн чиновниктер болуп чыгышты. Алды ошол окуу жайларда ректор болуп жүрүп, элдин көзүнчө айлык менен эптеп жашаган түр көрсөткөндөрү менен миллионер болгондорун билем. Жакыпова ошол илимпоз сөрөй коррупционердин кекиртегине тыгылган сөөк болчу. Чынара Жакыпова министр болуп турса алар уурулук кыла албай турганын өз убагында түшүнүшкөн. Колунда барлар контракт менен балдарын окутуудан качып, колу жука ата-энелердин балдарынын ырыскысын талашкандарга далай ирет Жакыпова каршы туруп коңгуроо кагып келди. Ошондуктан мектеп окуучулары үчүн ата-энелерден алып жүргөн арам оокатка көнүп, дайыма өз чөнтөгүнө түшүп турган бекер акчадан баш тарткысы келбеген колу таза эмес окуу жайдын ректорлору, декандар, коррупциялык иштерге буга чейин баштары менен кирип кеткен мектеп директорлору Жакыпованын үстүнөн ат тезегин кургатпай каралоо иштерин уюштурушканы белгилүү эле. Азыркы күндө да шаардагы мектептин директорлорунун алды 25 жылдан бери кызматтан кетпей жүрүшөт. Ала-Арча суусундай ата-энелердин чөнтөгүнөн агып келе жаткан акчалардын ким эле кеткиси келмек. Бүгүнкү күндө облуска губернатор, аким болгондун ордуна Бишкек шаарындагы мектептин директору болгон артык деген сөз да бекер жеринен айтылбаса керек. Ошол кезде илимден чоң саясатка келген Акаев да Чынара Жакыпованын ЖОЖдогу реформалык иштерин колдоонун ордуна тигил коррупционер окумуштуулардын таламын жактап, жаш министрди тегирмендин ташына бүкүлү бойдон салып жиберип, кош көңүл мамиле кылганын билебиз. Кийин Чынара эжени ЖОЖдогу чиновниктер реформа жасоого министрдин колу-бутун байлашып, иштетпей министрлик кызматтан кетирүүгө мажбур кылышты. Мындай эки жүздүүлүккө Жакыпова чынында чыдабады. 1993-жылы Чынара Жакыпова эркектер бара албаган кадамга барып, “Мен кызматтан өз каалоом менен кеттим!”-деп өз арызын жазып берди. Ал тургай Чынара Жакыпова өз арызы менен министрлик кызматын тапшырып берерин айтканда президент Акаев “Чынара Жакыпова өз ырыскысын көтөрө албады!”- деп айтканы эсимде калыптыр. Жакыпованын министрлик кызматтан кетиши бул Акаевдин билим берүү тармагындагы алгачкы утулушу болгонун ошол кезде президент өзү деле түшүнбөсө керек. Көрсө, сүйлөгөнү демократия, билим берүү тармагында реформа жасоо болгону менен президент Акаев деле Чынара Жакыпованы колдоп, анын жасаган иштерине арка бел болуп, илимдеги коррупциялык иштерди ооздуктоодо жардам бере албады. Өз каалоосу менен министрлик креслосун таштап кеткен жалгыз Чынара Жакыпова гана болду. Ал эми өзүн-өзү атып алган генерал чынында болгон жок. Ал тургай Баткен окуясында сакалчандарга колго түшкөн генерал Шамкеев да өзүн-өзү атып салууга кудурети жетпеди.

1993-жылдан бери не деген замандар өттү. Мезгилден өткөн сынчы жок болсо керек.Чынара Жакыпова министр болгон кезде мамлекеттик казына да азыркыдай эмес, бош болчу. Ошого карабастан бир топ алгылыктуу иштерди жасай алды. Билим берүү тармагында өзгөрүүлөр башталып, кадимкидей жаңылануунун алгачкы кадамдары байкалып калган эле. Ак үйдүн кутумдарына, керек болсо президент Акаев, жана анын чөйрөсүнөөзүнүн көз карашы бар Жакыпованын кереги жок болуп чыкты. Чынара Жакыпованын жаңычылдыгы, реформаторлугу менен Ак Үйдөгүлөргө жакпаганы менен карапайым элге жакты. Чынара эже өтө билимдүү, табиятынан айтканын бербеген өжөр, ак жүрөк, эң башкысы чынчыл инсан. Андан бери Билим берүү министрлигине канчалаган министрлер келип кетишти. Сурамжылап көрсөм, элдин эсинде калганы деле жок экен.

Бирок, министрликтен кетип деле Жакыпова көчөдө калган жок. 1994-жылы болсо керек, Ак үйдүн, ошол кездеги анын кожоюну Акаевдин, анын командасынын түн уйкусун бузган “Политика” (“Саясат”)–деген аталышта, тим эле корейлердин ачуу калемпириндей өтө курч гезит чыккан. Ошол гезитти да Чынара Жакыпова негиздеген. Кыргыз гезиттерине салыштырмалуу башкача саясый салмакта чыккан. Баарыбыз эле Кара-Кум чөлүндө суусуз калгандай, акактап суусап, жатып окуп калганбыз.

Кийин, 1994–1996-жылдары Кыргызстан-Сорос фондусун башкаруучу директору болуп иштеди. Ошол учурда биздеги Сорос фондусу өзүнчө эле белдүү министрликтин жүгүн көтөрүп, тегирмендин күчүндөй күнү-түнү тынбай кыргыз элинин келечеги үчүн иштеди. Тарыхый баалуулуктарды чагылдыруу менен канчалаган акын, жазуучулардын китептери жарык көрдү. Жакыпова берген жардамынын аркасында киночулар өз чыгармаларын тартуу менен дүйнөлүк аренага чыгып атак алышты. Ошолордун арасында азыркы белгилүүкино режиссёр Актан Арым Кубат жана башкалар да бар. Канчалаган искусство адамдары, артисттер, фольклордук группалар, журналисттер аты аталган фонддун эсебинен чет өлкөлөргө барышып, мамлекетибиздин атын таанытып келишти. Мектеп окуучулары, өспүрүм балдардын көз жоосун алган, кымбат мукабалуу түстүү китептер чыкканы эсимде калыптыр. Сорос фондусу аркылуу мен алгач ирет Польша, Туркия ж.бөлкөлөргө барып келгеним эсимде. Менден башка Курдайдан ары чыга элек канчалаган журналисттер да чет өлкөлөргө барып келишти. Азыр го четке барганга таң калбай деле калдык. Жакыпова журналисттерге өзүнчө стимул бергенин айта кеткеним оң го. Чынара Жакыпованын жардамын албаган ММКлар деле жок болсо керек. Эженин жардамы менен бутуна туруп, ирденип кетишкенин билем. Чынара эже башкалардай болуп, ушуларды мен жасадым эле деп мактанганын да көрбөдүк. Анын жөнөкөйлүгү, эженин улуулугунда деп билем.

Ошол мезгилде Акаевдик “жылмайган диктатура” учурунда гезиттерибиз биринин артынан экинчиси жабылып, кыйналып турган учурум болчу. Бир күнү мени Чынара Жакыпова чакырып калды. Мен Сорос фондуна бардым, журналистиканын абалы, Кыргызстанда болуп жаткан саясый окуялар туурасында сөз кылып отурдук. Ал кезде, азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун администрациясынын аппарат башчысы Досалы Эсеналив менен Алмаз Атамбаевдин убагында Улуттук Коопсуздук кызматын башкарган Абдил Сегизбаев да Чынара Жакыпованын колунда иштешет болчу. Чынара эже кыргыздын көптөгөн мыкты, элибизге төбөсү көрүнгөн кадрларын өстүрдү. Бир жолу сүйлөшүп отурсак, “Менин өстүргөн балдарымды, эмне үчүндүр Ак Үйдөгүлөр кызматка чакырып жатышат? Сорос фонду Ак Үйгө кадр өстүрүп берчү мектепке айланып калды…”- деп жылмайып койду. Чынында ошондой эле болуп калды.

Ошондо, Чынара Жакыпова эч кандай конкурска катыштырбай эле эки комплект компьютер бергени эсимде. Биринчиден, мага күтүүсүз болду. Чынара Жакыпова Досалы Эсеналиев менен Абдил Сегизбаевге карап “Бекен агайыңардын компьютерлерин сыртка чыгарып бергенге жардам бергиле… Бул компьютерлер менен карта ойноп отурбайт. Гезит чыгарып, өз элине кызмат кылат…”-деп айткан эле. Чынара Жакыпова мындан он беш жыл мурун, кыргыз топурагынын кыртышына отругузулган кичинекей көчөттүн тамырына куурап калбасын дегендей жакшы ниет менен суу бергендей болгон. Чынара эже канчалаган адамдарга жардам бергени маалым, менимче мага берген “жупуну” жардамын өзү деле унутуп калгандыр. Балким…

Бирок, арадан ушунча жылдар өтсө да ал жакшылык менин жүрөгүмдүн тереңинде дайыма турат. Биздин гезит Чынара эженин ошол деми менен ММКнын айдыңында бутуна туруп, эл оозуна алынып келет. Ошол кичинекей көчөт, мына бүгүн асман тирей жетилип, “Жаңы Ордо” деген чоң чынар терекке айланды. Мага окшоп эң кыйын учурда Чынара Жакыпованын жакшылыгын көргөн жүз миңдеген адамдар бардыр. Бар болуңуз Чынара эже.

Сизди терең урматтоо менен,

Бекен Назаралиев

“Жаңы Ордо” гезити. №32 (605),  19-октябрь, 2018-жыл.

 

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс