Понедельник , 19-Ноябрь 2018
Башкы бет / Аналитика / КЫЛМЫШТУУЛУКТУ, УКУКТУК МАСЕЛЕЛЕРДИ САЯСАТКА АЙЛАНТУУГА КИМДЕР КЫЗЫКДАР?..

КЫЛМЫШТУУЛУКТУ, УКУКТУК МАСЕЛЕЛЕРДИ САЯСАТКА АЙЛАНТУУГА КИМДЕР КЫЗЫКДАР?..

Учур саясаты

Кечээ жакында эле Кыргызстандын жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу өткөн жылкы президенттик шайлоонун бир жылдыгына карата ошол шайлоодо шайлоочулардын 36 пайыз добушун алган, азыркы кезде чет жакта (азырынча жарандык так статусу жок — ​же саясий качкын эмес, же эмгек мигранты — ​чет өлкөдө алектенген ишкер-бизнесмен эмес), чала-бозгун кейпинде жүргөн Өмүрбек Бабановдун Кыргызстандын элине аталган датага байланыштуу Кайрылуусу таркатылды.

Кыргызстандын элине жакшылык, ийгилик каалаган Кайрылуу автору артта калган шайлоону өлкөдө жүрүп жаткан демократиялык процесстин бир бөлүгү катары карай тургандыгын дагы бир жолу белгилеп өткөн. Башкача айтканда, мындан туура бир жыл мурда — ​анын үстүнөн кылмыш иши козголору реалдуу болуп калганда! — ​“саясаттан биротоло кеттим!” деп жарыялап, “Республика” партиясынын фракция лидерлигин гана эмес, депутаттык мандатын да кошо тапшырып, Россия Федерациясына карай шашылыш чыгып кеткен Бабанов азыркы кезде кайрадан ачык эле саясатка кайрылып келүү ниетин ишке ашырууга далалат кыла баштады.

Мындай дегенибиздин себеби, андан бир жумача мурдараак эле “Республика” фракциясынын азыркы лидери Руслан Казакбаев парламенттик трибуна аркылуу президент Сооронбай Жээнбековго расмий кайрылып, Өмүрбек Бабановдун Кыргызстанга кайтып келүүсүнө көмөкчү болуп, мурдагы айыптоолордон биротоло актоого ишарат кылганы бар.

Чынында эле өлкөдөгү козголгон кылмыш иштеринин 90 пайыздан ашууну саясат менен шугулданган ишкер-бизнесмендердин үстүнөн болуп жаткандыгы анык. Демек, аларды каалагандай бурмалап, кол алдыдагы жалпыга маалымдоо булактары аркылуу саясий боёк сүртүп, саясий куугунтук жеп жатышкан адамдар катары көрсөтө берүүгө да болот. Бирок, бул жалпы турмуш чындыгынын алардын өздөрүнө гана ыңгайлуу тарабы экендиги талашсыз. Ал эми ошол көп кырдуу маселенин калган “ыңгайсыз” тараптары жөнүндө сөз кылмак турсун, аларды көргүлөрү да келишпейт, же көрмөксөн болушат.

Бабанов — ​Казакбаев тандеминин кийинки парламенттик шайлоо жакындаган сайын тынчы кете башташканы түшүнүктүү. Ал эми “Республика” өлкөдө кыйла популярдуу болуп калган Бабановсуз ийгиликке жетери өтө күмөн.

Азыркы депутат Исхак Масалиевдин айтымында, Бабанов өзүнүн Оштун “Анар” микрорайонунда айткан сөзүн Баткенде жүргөндө дагы шайлоочулар арасында бир нече жолу кайталаган. Чындыгында эле, айрым бир тилчи көзкаранды эксперттер жана бийликке кошомат кылышкандар заказды аткарышып, экстремисттик мазмунга окшогон бир нерселерди таба алышпаса, объективдүү караган адамдар үчүн ал сөздөрдөн өтө ашкере криминалдык элементтерди табуу деле кыйын.

Асыресе, Бабановдун Кыргызстандан сыртта качып жүргөндүгүнүн жана өз мекенине кайтып келүүдөн чочулап жаткандыгынын себеби такыр башка жакта жаткандай туюлат. Атап айтканда, президенттик шайлоо алдындагы башкы телеканалда өткөн президенттикке талапкерлердин ортосундагы дебаттарда Сооронбай Жээнбеков өз колунда 35 коррупционердин тизмеси бар экендигин жана коррупция менен күрөшүүнү дал ушул атаандашы Бабановдон баштай тургандыгын жарыя кылган.

Демек, Россия тарапта жүрүп алып, кайтып келүүдөн чочулап жаткан Бабанов президент менен сырттан саясий соодалашып, алын ала сүйлөшүп алып, кандайдыр бир гарантияларды алуу үчүн ортого парламент трибунасынан баштап, жалпыга маалымдоо каражаттарына чейин жана таасирдүү жердеш кишилерди салып жатканына караганда, өзү үчүн саясий реабилитацияланууну гана каалоо менен чектелбей, учурдагы саясий кырдаалды (азыркы президент Сооронбай Жээнбеков менен экс-президент Алмазбек Атамбаевдин ортосундагы, ток этерин айтканда, 5-февралдагы коррупцияга каршы күрөш жарыяланган Коопсуздук Кеңешинин жыйынынан бери кээде ачык, кээде тымызын түрдө уланып келе жаткан тирешин) пайдалануу аркылуу, ыңгайлуу шарт түзүлсө, чоң саясатка дагы батыл аралашып кетүүгө ынтызар экендигин айкындады.

Албетте, Бабановдун өзүнүн саясаттан биротоло кеткенин жарыялоо ошол кездеги саясий кырдаалга байланыштуу болгон гана убактылуу бир кичинекей тактика болгон. Сөз чоң саясатка аралашкан адам андан биротоло кете албайт (бывших наркоманов не бывает, ал эртедир-кечтир кайра барат деген сымал!), сөзсүз кайра аралаштырат, ал өзү каалабаса да, турмуш-саясат өзү аны аралаштырат деген пикирде деле эмес. Ким качан жана эмнеге байланыштуу убактылуу тыныгуу жасайт жана кайрадан күчтөнүп алган соң, кайра жаңы энергия менен, өзгөргөн кырдаалда кантип өз саясий ишмердигин улантат, — ​бул ар бир чоң саясатчынын өз эрки жана чечими болору маалым.

Маселенин баары Бабановду “саясаттан биротоло кетүүгө” мажбур кылган себептердин басымдуу бөлүгү (негизги түрткү президенттик шайлоо болсо да!) дагы криминалдык нукта болуп жатканына байланыштуу болуп жаткандай сезилет. Жээнбековдун “35” адамдан куралган тизменин башкы сабында тургандан башка дагы, мурда коомчулукта чуулгандуу разборкага айланган “Хон- нефтебаза” сыяктуу суроолор дагы кайра көтөрүлүп калышы дагы толук ыктымал. Эгерде мура жабылып, же кыскартылып калган кылмыш иштери кайра реанимациялана баштаганын эске ала турган болсок, белгилүү ишкер-бизнесмендердин көбү өздөрүнө козголгон иштерди акча күчү менен басып келишкендиги белгилүү. Дал ошондуктан улам, сот жана прокуратура системалары өздөрү баш болуп эң эле коррупциялашып кеткен да!..

Ушуга байланыштуу, мындай бир ой жаралат: ким билет, эгерде Өмүрбек Бабановдун артында анын жалындуу саясий чакырыктарынан (саясий-экстремисттик деп бааланган!) башка дагы кандайдыр бир калбырлары болбосо, балким, ал мынчалык катуу чочулабас беле?.. Эриксизден бир параллелдүү мисал — ​Грузияда “роза революциясы” учурунда Михаил Саакашвилинин эң жакын шакирттеринин бири, кийин 28 жашында бул өлкөнүн коргоо министри болгон Ираклий Окруашвлинин тагдыры эске келет. Кезегинде Саакашвилинин эң жакын соратниктеринин бири болгон жаш саясатчы кийин көз караштардын ажырымынан улам оппозиционерге айланып, ал тургай паракор катары айыпталып, Франциядан саясий качкын статусун алган. Арийне, кийинчерээк кырдаал өзгөрүп, Саакашвилиге каршы күчтөр бириге башташканда өз эрки менен өлкөсүнө өзүнө козголгон кылмыш иши жабыла электигине карабастан кайтып келген. Михаил Саакашвилиге каршы өзүндө гана бар компроматтарды ачыктап чыккан. Эл аралык журналисттердин жана укук коргоочулардын “А өз тагдырыңыз кандай болот? Сизди камап салышса эмне кыласыз?” — ​деген суроолоруна, Окруашвили: “Мен Саакашвилинин булганыч ишмердиги боюнча чындыкты ачыкка чыгарсам болду. Ал эми мен өзум эркиндикте каламынбы, же түрмөдөн орун аламынбы, — ​мага бул анчалык деле маанилүү эмес, эң башкысы — ​мен мындан ары Грузияда боломун!” — ​деп айткан.

Мындай чечкиндүү, эр жүрөк кадамга өз мекенин чындап сүйгөн жана өтө акыйкатчыл адам гана бара алары анык. Арийне, мындай кадамды Бабановдон күтүүнүн өзү абсурд!..

Андан да өткөн абсурд — ​Биринчи Май райондук сотунун алдына 7 (!) киши пикетке чыгышып, Өмүрбек Текебаевдин ак (!) экендигин айтышып, бул ишти кайра кароону талап этишиптир… Жогорудагы эле айтылган себептерге байланыштуу (сот-прокуратура органдарындагы паракорчулуктан, дегеле жалпы мамлекеттик органдардардын туташ коррупцияланышынан улам), жарандарда аталган органдарга мыйзамдуу жана мыйзамсыз чекке чейин жеткен психологиялык кысым аркылуу таасир этүүгө болгон аракеттер күчөп бара жатат.

Мыйзам сакталган, мыйзам баарынан жогору болгон өлкөлөрдө сот тарабынан чыккан өкүмгө тиешелүү тартипте апелляция берүү аяктаган соң, бир гана жол калат — ​өз кылмышың боюнча чектелген мөөнөттү “кың” этпей өтөп, башка жаза чараларын да (конфискация ж. б.) эч кыйшаюусуз аткаруу абзел. А бизде болсо, тескерисинче, коомчулукта мындай бир негативдүү маанай өрчүп бара жатат: баары тең мыйзамдын так сакталышын каалашат жана талап кылышат да, өздөрүнө жана өз туугандарына, тарапкерлештерине, же жердештерине келгенде эле мыйзамга каршы иштей башташат. Башкача сөз менен айтканда: мейли, мыйзам катаал жана так болсун, бирок, мага жана менин туугандарыма, менин жердештериме келгенде жумшак болуп, же иштебей эле койсун! — ​деген примитивдүү түшүнүк калыптанууда.

Атамбаевдик бийлик тушунда “төңкөрүшчүлөр” катары камакка алынгандардын тегерегиндеги маанай тууралуу айтпай эле коелук. Жап-жаңы мисалдарга эле кайрылалык. Бишкек ТЭЦине байланыштуу камалгандардын айланасында коомдук пикир жаратуу аракети азыр абдан күчтүү жүрүүдө. Кечээ жакында эле депутат Осмонбек Артыкбаевдин токтогулдук тарапташтары, жердештери — ​коомчулукка таанымал инсандардан тартып, эл арасындагы шоу-бизнес өкүлдөрүнө чейин! — ​анын “ак” экендигин билдирген жана ыгы келсе, сот жообуна тартпай эле актап жиберүү керек деген пикирлер жайнап кетти. Ал тургай, айрымдары, “Артыкбаевдин мурда жасаган жакшы иштери көз жаздымда калбашы керек!” — ​деп да жазып чыгышты. Кызык, мурда мен ушундай жакшы иштерди жасаганмын деп эле, кийин соңунда кылмыш жасай берсе болобу?! Дегеле, анын чынында эле ак экендигине ишенишсе, мынчалык неге жандарын ачытышат? Ачык эле актыгы көрүнүп турса, сот деле анчалык бети жоктукка барып, таза кишиге көө жаап, каралап жибербестир? — ​деп ойлоп да коюшпайт…

Кыргызстандын бүтпөгөн сот реформасынын айынан жана укуктук маселелердин саясий күрөш менен чырмалышып кеткендигинен улам, тээ акаевдик доордон бери эле каалаган ийгиликтүү саясатчы–бизнесменди (демейде бийликке көз карандысыз болуп, “жакпагандарын”) темир тордун артына оңой эле тыгып салуу көнүмүш көрүнүшкө айланып калгандыгы маалым.

Бул ыкма эң соңку учурларга чейин кеңири колдонулуп келди. Эң соңку мисалдардын бирине кайрылсак, — ​Ош шаарынын мурунку мэри Мелис Мырзакматов жөнүндө кыйгап өтүүгө мүмкүн эмес. Азыр Москвада ээн-эркин жана ийгиликтүү ишкерлик кылып жүргөн Мырзакматов мындан беш-алты жыл мурда эле сот аркылуу сыртынан эркинен ажыратылган. А бирок, эмне үчүн Интерпол аркылуу аны кармоо жана өкүмдү ишке ашыруу аракеттери көрүлгөн эмес? Айрым маалыматтарга караганда, саясий көз караштары келишпей калган соң, ошол кездеги (атамбаевдик) бийлик ага Кыргызстандан сырткары эркин жүрө бер, бирок, кайтып келип, бизге жолтоо кыла турган болсоң, камап салабыз деген опузалуу өз ара келишим бекитишкен. Арийне, Ошто өтө таасирдүү болгон бул жаш саясатчы ошол кездеги кырдаалды такыр башка өңүткө, атамбаевчилер үчүн каршы жакка буруп жиберүүсү да толук мүмкүн болчу!..

Дал ушундай эле кырдаал мурдагы энергетика тармагынын “лөктөрүнүн” бири, — ​азыркы качкын-олигарх Сапарбек Балкыбековдун тегерегинде дагы орун алган. Биздин укук коргоо органдары керек болсо АКШга чейин барып, Евгений Гуревич менен да жолугушуп келүүгө мүмкүнчүлүктөрү бар экен. Анда неге алар Кыргызстандан уурдап кеткен каражатына Ирландиядан арал (!) сатып алып, сайрандап жүргөн Балкыбековдун артынан түшүшпөйт? Интерпол аркылуу сары изине чөп салып, керек болсо эл аралык конвенциялардын негизинде, анын жеке менчик аралын Кыргызстандын менчигине айлантып алуу жолун карашса болмок. Анда эле Кыргызстандын Ирландиядагы “анклавы” пайда болуп, бул кылмыш иши да жалпы Кыргызстандар үчүн жакшы жагына айланмак!.. Тилекке каршы, жалпы элдин атынан сүйлөгөндү токтотуп, жалпы элдин, өлкөнүн кызыкчылыгын коргоого өтүүчү мезгил эбак эле келгенин баары эле биле беришпейт. Же, билишсе да, билгилери келишпей жатат өңдөнөт.

Ишенбек МУРТАЗАЕВ

“Жаңы Ордо” гезити. №32 (605),  19-октябрь, 2018-жыл.

 

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс