Четверг , 5-Декабрь 2019
Башкы бет / Жаңылыктар / Каныбек ОСМОНАЛИЕВ: «ДИНИЙ ИШМЕРЛЕР БИРИНЧИ КЕЗЕКТЕ МЕКЕНЧИЛ, ӨЗ КЕСИБИ БОЮНЧА ТАКШАЛГАН БОЛУУГА ТИЙИШ…»

Каныбек ОСМОНАЛИЕВ: «ДИНИЙ ИШМЕРЛЕР БИРИНЧИ КЕЗЕКТЕ МЕКЕНЧИЛ, ӨЗ КЕСИБИ БОЮНЧА ТАКШАЛГАН БОЛУУГА ТИЙИШ…»

Кыргызстандын мурдагы билим берүү министри, Жогорку Кеңештин депутаты жана Президентке караштуу Мамлекеттик дин иштери боюнча комиссиясынын жетекчиси диний ишмерлер тууралуу оюн айтты.


-Мекенчил инсан, окумуштуу жана адис катары  сөздү өлкөдөгү диний кырдаалдан баштасаңыз…

-Кыргызстандагы бүгүнкү диний кырдаал абдан  курч. Айтылган дооматтарды чечмелөөдөн мурда, адаттагыдай эле өлкөбүздөгү диний уюмдардын статистикасына көңүл бурсак. Мечиттердин саны боюнча Кыргызстан Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ичинде биринчи орундабыз. Шүгүрчүлүк дейли. Бизде азыр жол жээктериндеги, коомдук тамактануу точкаларына кошо салынган ондогон намазканаларды кошпогондо 3 миңге жакын мечитибиз бар. 12 пайызы каттоосуз. Эгерде 6 млн. калкыбызга бөлө келсек, ар бир 2 130 адамга бир мечит туура келет. Мындай көрсөткүчтөр кошуналарыбыз үчүн төмөнкүдөй: Казакстан, калкынын саны 17,5 млн, бир мечитке — ​7 176 адам туура келет, Тажикстан — ​8,5 млн. — 2 666, Түркмөнстан — ​5,3 млн. — 12 562, ал эми Өзбекстан — ​32 млн. — 15 121. Биздеги мечиттердин ишмердигиндеги сапат, натыйжа маселеси ойго салат.

Өлкөдөгү диний туура таасирдин ачыктан-ачык жетишсиздиги ондогон жаштарыбыздын Жакынкы чыгыштагы кан күйгөн жихадга чыгып кетүүлөрүнө шарт түзгөндүгү да талашсыз.

-Өлкөдөгү диний окуу жайларына байланышкан  жагдай кандай?

-Бүгүнкү күндө медреселердин саны Кыргызстанда  100дөн кем эмес. Мындан сырткары 1 Ислам университети, 11 институт бар. Куран курстарын окутуучу жайлардын санын муфтият гана билбесе… Сан жагынан алып карасак — ​бул эбегейсиз зор ресурс. Кубанып эле кабыл алсак болот. Бирок, чынында алардын ислам баалуулуктарын жайылтууга, балдар-кыздарыбыздын сапаттуу билим алууларына кошор салымдары канчалык? Бүгүнкү күндүн чакырыктарына жана талаптарына жооп бере алышабы? Жок! Ар бир ислам окуу жайынын өзүнчө окуу планы, программалары бар. Унификация маселеси менен эч кимдин чатагы жок. Ал маанилүү талапка муфтияттын башы дагы оорубайт. Анткени, ал окуу жайларынын туруктуу каржы булактары жок. Ар биринин чет мамлекеттердеги “кожоюндары” бар. Ошолор каржылайт. Ошондуктан, биздеги медреселер бир топ араб өлкөлөрүнүн, Түркиянын, Ирандын Пакистандын, Афганистандын, Бангладештин ж. б. өлкөлөрүнүн эле таңуулаган саясатын, салтын жайылтуучулар болуп алышкан. Тилекке каршы, бул абал бизде, Кыргызстанда эле орун алган. Коңшу өзбек, казак, тажик туугандарда мындай бейбаштык менен тартипсиздик жок. Алар ислам баалуулуктарын өз салттарынан чыккыс кылып бекемдеп алышкан.

-Биздин өлкөгө бир кезде “демократия аралчасы” деген сыймыктуу наам берилген болчу…

-Ошол кезде ал наам туура эле берилген. — Кыргызстандагы диний абал жалгыз ислам конфессиясына эле көз каранды эмес. Биз дүйнөлүк диндердин жана алардын секталарынын мекенибиз. Бул сөздөрдү кубанбастан, тескерисинче, өкүнүп туруп айтуубуз керек. “Жаман үйдү коногу бийлейт!”- болуп калган. 1991-жылы, акаевдик башаламан доордо КМШ өлкөлөрүнөн эң алгачкы болуп биз чет элдиктердин таңуулоосу менен “Дин эркиндиги жана Кыргыз Республикасындагы диний уюмдар” аттуу мыйзам кабыл алганбыз. Ага чейин Конституция баш болгон базалык мыйзамдар кабыл алына элек болчу. Батыштын ошол кездеги биздин жарым атеист, “дөдөй” башчыларбызга жасалган басымы — ​өз эркин күч менен таңуулоо аракеттери эле. Анан эле диндер жерибизде жайнап кетти. Азыр Кыргызстанда 2 330 диний уюм болсо, анын 1 943ү ислам, 371и — ​христиан, 14ү жаңы диний агымдагы мекемелер! Баарынан укмушу христиан багытындагы жаңы секталардын ачылышы болду. Мурда Орус православдардын бирин-серин чиркөөлөрү, католиктердин 1 чиркөөсү жана баптисттер менен лютерандын бирден эле диний мекемелери орун алып келсе, азыр кичинекей Кыргызстанда ээн-эркин эле, протестанттардын ж. б. жаңы диний секталардын жүздөгөн сыйынуучу борборлору жайнап кеткен. Алар: жетинчи күндүн адвентисттери, элүүчүлөр, мунисттер, менониттер, баптисттер, лютерандар, кальвинисттер, молокандар, мормондор, старообряддар, сатанисттер, сайентологдор, жахабанын күбөлөрү, бахаилер, ж. б. тирукмуш агымдар. Ислам конфессиясынын деле кыргыздарга өөн учураган секталары толуп алгандыгы кооптондурат. Мурда бир аз ыйбаа кылып келишсе, азыр ачык аракеттерге өтүп алышкан. Социалдык тармактарга кириңиздер, кагынып-сөгүнгөн, кекеткен-коркуткан этаптан эчак эле өтүшүп, азыр көрүнөө эле антиконституциялык чакырыктарды жайгаштырып жүрүшөт. Өлкөбүздүн коопсуздук мекемелери кааласа бир заматта эле аларды аныктап, ордуна коюп коё турган мүмкүнчүлүктөрү бар.

Кыргызстандагы диний кооптуулук бүгүнкү күндүн эң актуалдуу маселеси болуп турат. Бул маселенин оң же тескери чечилишинен Кыргызстандын келечектеги тагдыры көз каранды деп айтаар элем. Баш мыйзамыбызга ылайык — ​Кыргызстан өз саясатында алдыңкы илим билимге таянган (светтик же секулярдык) мамлекет. Ошону менен катар эле ар кимге каалаган динди тутуу эркиндиги да берилген. Бирок, ошол дин эркиндигин ээнбаштыкка айырбаштап алып жатпайбызбы? Өзү идеалында мамлекет менен дин өз ара такташып алуулары керек эле. А бирок эмне кылып жатышат? Диний жамааттарды парламенттик жана президенттик шайлоолордун алдында гана эстешет. Толгон-токой убадаларды беришип, дин жамаатарын алдашат, добуштарына ээ болушат. Шайлоо бүткөндөн кийин бирин-экин шылуундары эле максаттарына жетпесе, калгандары тиги алдамчы саясатчыны сөгүп, тилдеп кала беришет. “Айланайындар, дин мамлекеттик саясатка аралашпайт деген Баш мыйзамдын жоболоруна таянып эле оокатыңы өткөрө бербейсиңби?”-деп айткан киши жок. Демек, динаятчылардын өзүлөрүнүн көздөгөн максаттары бар да, туурабы? Жооп — ​напсинин кулу болуу максаты. Бул жагымсыз сапат саясатчыга кандай керек болсо, диндин башында олтургандарга андан да көп эсе керек окшойт. Диндин чыныгы табияты, милдети бүлүнөт, калкта күмөн саноо пайда болот. Ошентип баягы балээ баскыр прозелитзм күчөйт. Айтмакчы, прозелиттердин саны жана анын өсүү темпи боюнча биз дүйнөдө алдыңкы орундарда экенбиз. Дагы бир 20 жылдын ичинде “кыргыз-мусулман” жана “кыргыз-христианин” болуп кырылышып калбайбыз деп ким айта алат?

-Бүгүн болбосо да, эртең же бүрсүгүнү ээлик  кылуучу кырдаалга мамлекеттик органдардын мамилеси кандай деп ойлойсуз?

-Мени өкүндүргөн көрүнүш бүгүнкү күнү — Акүй-Көкүйдө отургандардын диний фанатизмдин жана радикализмдин көзүнө түз карай албай жаткандыгында. Ал эми бул багытта аракеттенимиш болуп келаткан укук коргоо органдары менен күч структураларынын “ишмердигине” сөз жетпейт. Алардын коркутууга, жазалоого гана акылдары жетет экен. Мага алардын көпчүлүгү саботаж кылып, мамлекетке, Президеттин өзүнө каршы иштегендей сезиле берет. Дагы бир караңгылыкты ашкере кылган балакет көрүнүш бар. Эгер мугалим, врач, окумуштуу, артист, жазуучу же дагы бир башка акыл эмгегинин адиси болсоң эле сени динден алыс же атеист деп ойлоп алышат. Бирок, алардын дээрлик көпчүлүгү секулярдык билим менен диний тарбияны эң сонун айкалыштырган инсандар болушат. Саясатта биринчи кезекте мекенчилдик, атуулдук сапат орун алышы керек. Максатка жетүү үчүн бардык аракеттерди колдонуу өтө коркунучтуу. Айрыкча дин чөйрөсүн курал, оюнчук кылуу. Аларды абдан эле көп колдонгон саясатчылардын ошол эле чөйрөнүн барымтасында калуу коркунучу бар. Бул жагымсыз көрүнүш соңку жылдарда эбегейсиз өстү.. Кээ бир “азаматтар” өзү өкмөт мүчөсү же депутат болуп алып, өлкөнүн алдыңкы илим-билимге, маданиятка негизделген багытын теократиялык мамлекетке айландырам деп от менен ойноп жатышат. Мисалы, Ватикандагы Рим-католиктик, Москвадагы Орус Православиялык чиркөөлөрү, Саудиянын Баш муфтияттарынын динаятчылары саясатка аралашабыз, министр, депутат болобуз деп эмне үчүн жан талашып аракет кылышпайт. Алар, биздикилерден кескин айырмаланышып, бир эле мезгилде экиден ээрге отуруп, жети баштуу желмогузга айлануудан коркушат. Ресурстары укмуш болгону менен алар өз милдеттерин билишет, сезишет. Диндин саясатка тартылганы, аралашканы мамлекетти оңдурбайт. Бизде азыр дал ушул кырдаал күч алып кетти. Анткени, диний саясатты шайлоолордун куралы катарында жеке кызыкчылыкка гана баш ийдирип алышты.

-Кеп диний ишмердиктин сапаты, анын — натыйжалуулугу тууралуу сөздөн улам сураарым: бизде мусулмандардын же христиандардын арасында дүйнөлүк деңгээлдеги аалымдар барбы?

-Айрым бир башы көрүнгөн ортосар дааватчыларды — эске албаганда, жок. болбойт дагы. Себеби, бизде динди эскинин саркындысы деп түшүнгөндөр көп. Президентти, өкмөттү жана парламентти ошолор курчап алышкан. Бул жерде сырткы күчтөр дагы бар. Чет элдик диний миссионерлер мурда аярлап келишип, талап кылынган каттоолордон өтүп, анча-мынча мыйзам талаптарын сактамыш болушуп, анан өз иштерин аткарышса, азыр 6–7-кабаттагы айрым чиновниктерди эле сатып алышып, ойлоруна келгенин жасашууда. Далайлары кыргызстандык кыздарга үйлөнүп да алышкан. КМШ өлкөлөрүнөн качып келген диний радикалдык көз караштардагы чет элдик жарандар дагы Кыргызстанда эркин жашай алышат. Бир кездеги Майрамдын доорундагы Аскар Акаевдин “Кыргызстан жалпыбыздын үйүбүз” — ​деген тантырак саясаты азыр чындап иш жүзүнө ашып, анын терс таасири күн сайын күчөөдө.

-Мындай коркунучтуу багытты туура жолго  бурууга кандай сунуш айтаар элеңиз?

-Биринчи кезекте, тез арада бул багытта — мыйзамдык базаны түп-тамырынан бери карап чыгуу керек. Экинчиден, муфтият жетекчилерин, диний адистерди конкурстук негизде мекенчил, бекем даярдыгы барлардан гана дайындоо керек.

Маектешкен Номанжан АРКАБАЕВ

“Жаңы Ордо” гезити. №32 (605),  19-октябрь, 2018-жыл.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс