Понедельник , 19-Ноябрь 2018
Башкы бет / Аналитика / ТРОЯН АТЫ-КАРЫЗ МАСЕЛЕСИ

ТРОЯН АТЫ-КАРЫЗ МАСЕЛЕСИ

Бир учурда гректер Троянын чебинде бир аялдын айынан нечен жыл согушуп,миңдеген адам өлгөнүн тарых сабагынан билебиз. Дал ошол согушта Троя чеби бекемдиги менен гректерге кыйла сес көрсөтөт.Одиссей аттуу эстүүсү баш болуп жыгачтан ат жасап,ичине аскерлерди жашырып,чептин алдында калтырып кетишет.Троялыктар чептин сыртына чыгып, гректердин чегингенин көрүп кубанышат.Жеңилгенин мойнуна алган го деп, дал ошол гректердин жыгач атын шаарына алып кирет.Түнкүсүн ичиндеги аскерлеп чыгып,шапар тээп жаткан троялыктарды четтен кырып,шаардын дарбазасын ачып, сыртта күтүп турган гректерди ичкериге алып кирип жеңишке жетишишет.Ошондон бери саясатка “троян аты” аттуу түшүнүк кирет,б.а. бул бир артында чоң зыянга алып келчү белек дегенди билдирет. Жадагалса жарнама иретинде кирип, пайда алып келимиш болуп, компьютерди талкалаган вирустарга да, троян вирусу деген ат берилген.

Эми биздин абалыбызга кайтсак,статистикалык маалыматка ылайык ушул тапта тышкы карызыбыз 4 млрд доллардан ашканын айтылып жатат. Учурда өлкөбүз 170 карыз(насыя) алуу келишими боюнча милдеттемелерди алган.Карыздарыбыздын жарымын эле Кытайдын “Эксимбанкынан” алынган кредиттер түзөт.Бул банк менен энергосектор үчүн өкмөт 2011 жылдан бери эле жарым миллиардтык ири үч насыя келишимине кол коюлган.
Кытай тарап менен макулдашылган үч насыя келишимине ылайык, жумуштарды аткаруучу катары жалгыз гана кытайлык ТВЕА компаниясы тандалган.Бул ишкана өлкөбүздө эч кандай бажы же салык төлөмдөрүн төлөбөйт.Эң коркунучтуусу троян аттары сымал,бизге жагымдуу белек болуп көрүнгөн карыздардын ичинде,миңдеген кайра мекенине кайткыс кытай миграциясын көпчүлүк көрө албагандыгында.
Нечен жылдан бери казынабыз профицитке(пайда) чыгуусу кыялга айланып бара жатат. Серепчи Чынара Айтбаева ,ушул тапта өкмөт өлкө бюджетинин дефицитин бүтөө менен бирге, тышкы карыздарды кайтарууга да кайра эле кредит жана гранттарды алып жатканын белгилеп жатат.
“Өлкө бюджети социалдык тармактарга багытталганын экономиканын өнүгүүсүнө социалдык секторго караганда эки эсе акча аз бөлүнүп жаткандыгынан байкасак болот.Кыргызстандын карыздардан кутулуусу оор эле болот.Мисалга алсак,карыздарды кайтаруунун учурунда, 500 млрд долларга чейин каражат табуу керек болот”,-дейт адис.
Бир эле Кытай тараптан 2 млрд доллар карыз болуу-бул эгемендигибиз ,келечегибиз үчүн абдан кооптуу жагдай.
Жогорку Соттун Конституциялык палатасынын мурунку соту Клара Сооронкулова билдиргендей, кайтара албай калган учурубузда өзүбүздү коргоо маселеси оор болот.
“Биринчиден,кайсыл бир талаш маселелер сот аркылуу каралса,Кытай мыйзамдарына жараша каралат.Бул карыз келишиминде так эле жазылган.Экинчиден, келишимдин кайсыл бир шарттарын аткарбоо-өлкө үчүн белгилүү бир мүлкүн(жерин) карызды кайтаруу үчүн берилүүсү мүмкүн экендигин айгинелейт.”-деп айтты.
Кыргыз тарап Кытай өлкөсүнөн “Эксимбанкынан” 1 млрд долларга жакын акчаны мамлекеттик кепилдик аркылуу алганга жетишкен.Демек күнү келип,кепилдикке коюлган мүлкүбүздөн кол жууп калуубуз толук ыктымал.
Жай айындагы ажобуздун Кытайга болгон иш сапар алкагында 600 млн юан өлчөмүндөгү жаңы насыя келишимине кол коюлду,анын көпчүлүгү жол оңдоо жана инфраструктурага жумшалмакчы.Буга кошумча Кытай тарап 100 млн юанды кайтарымсыз жардам катары тарыхий казууларга каралган. Археологиялык казуулар Кум-Дөбө,Мынакелди жана Бурананын айланасында болоору аныкталды.Албетте бул казууларды кытай тарап ишке ашыруусунда менин эч кандай күмөнүм жок.
Капиталисттик чөйрөдө бир сом да жөн берилбейт,эгер берилсе демек эң азында үч сомдук кызыкчылык бар. Кытай троян аттары сүрөттө көрүнүп тургандай, бир гана бизди эмес,бүткүл дүйнөнү каптап жатат.Бирок алардан биздин жана казак боордоштордун абалы оор,анткени тартып алчу жана чек ара менен чектеш жерибиз бар. Интернет желесиндеги кытайлыктардын жосунсуз аракеттери-бул эгерде убагында ойгонбосок, биздин кулчулугубуздун алгачкы коңгуроосу болушу мүмкүн.ТЭЦти модернизациялоо,түндүк-түштүк кан жолу,Датка-Кемин, тарых музейин жаңылоо ж.б.у.с. толгон токой проекттерден арамдан байыган жепжутарларды кустуруп,көмүскөдө калган салыктарды жыйнап карыздан кутулуп,жаңыча жашоо баштабасак келечегибизи бүдөмүк болуп,башыбызга кара булуттар топтолгону калды.Сыртынан жылтырап,көз жоосун алган бул “кытай белектеринин” ичинен элибиз шапар жаткан учурда не деген балээ чыгуусу бир Кудайга маалым.
Кызыгы гректердин “белегин” албагыла деген троянын жарандары чыккынчы деп айыпталган жана өлтүрүлгөн экен.Душман сүйүндүрүп,тууган күйгүзүп айтат!
ОЙЛОНОЛУ….

Урматым менен, Nuriet Abdulaziz

(макала автордун ФБдагы барагынан алынды).

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс