Среда , 17-Октябрь 2018
Башкы бет / Жаңылыктар / Жаман дебе аялды

Жаман дебе аялды

Жумадан жума күнгө тирүү жетсек,
Жолугуп амандыкта салам берсек,
Жашоого ырыскыбыз бар экен деп,
Жаратканга жалынып таазим этсек.
Жараткан кабыл кылат тилегиңди,
Жебестен эл акысын зекет берсек,
Жашоодо адал жашап таза өтсөк,
Эшмамат.
Арасында сен жокпу ?

 

Жаман дебе аялды
*
Жаман дешет аялдарды көзү жок
Жатаарда эле жаман деген сөзү жок
Эмне болду керек окшойт кечкиге ?
Жалгыз жатуу аялдарсыз көркү жок

Жаман деген кана кечээ сөздөрүң
Жалган айтып турат сенин көздөрүң
Аялдарды жаман деген эркектер
Жамансыңары аны айткан өздөрүң

Баш кошкондо жакшы беле чырагың
Кайсыл жагы жаман болду сурагын
Бардык күнөө сен өзүңдө ичирген
Бир жыл өтпөй өзгөртөсүң кыялын

Киришпегин аял кылчуу ишине
Ичирбегин кыстап арак кичине
Мас болгондо мүнөздөрү өзгөрөт
Сага берчү ашты берет итине

Жөн жеринен жаман дебе аялды
Аял байкуш төрөп берет балаңды
Сени төрөп ушул ченде жеткирген
Айтып көрчү сен жаман деп апаңды

Жаман деген сен балаңдын апасын
Жөндөп койгун эгер болсо катасын
Арак бербей намазына жол бергин
Сен ыймандуу аял менен жатасың
×××
Ыр ээси : Эшмамат. 02.03.2018.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс