Вторник , 16-Октябрь 2018
Башкы бет / Дүйнө / Саудиялык журналисттин жоголушуна тиешеси бар шектүү 15 кишинин аттары жана сүрөттөрү жарыяланды

Саудиялык журналисттин жоголушуна тиешеси бар шектүү 15 кишинин аттары жана сүрөттөрү жарыяланды

Категория: Башкы жаңылыктар – Published: 10/10 – 12:57

Сауд Аравиянын Стамбулдагы консулдугунда өлтүрүлдү делген саудиялык оппозициячыл журналист Жамал Хашоггинин тагдыры белгисиз бойдон калууда.

Түркиянын ММКлары Хашоггинин жоголушуна тиешеси бар деп шектелген Сауд Аравиянын 15 жаранынын ысымын жана сүрөттөрүн жарыялаганын Fars агенттиги жазды.  Түркиянын Daily Sabah гезити маалымдагандай, журналисттин жоголушуна шектелип жаткан Сауд Аравиянын 15 жараны Жамал  Хашогги консулдукка киргенге чейин бир саат мурда ал имаратка кирип, Хашогги киргенден үч саат өткөндөн кийин кайра ал имараттан чыгып кетишкен.

Түркиянын коопсуздук булактары маалымдашкандай, арасында Сауд Аравиянын аткаминерелери бар 15 киши эки жеке учак менен Стамбулга учуп келип, кайра Жамал Хашогги жоголгондон кийин эки топко бөлүнүп Дубай жана Каирге учуп кетишкен. Daily Sabah гезити Хашоггини сауд консулдугунда кыйнап, өлтүргөн деп шектеген 15 кишинин ысымын жарыялап, алар Мишааль Саад аль-Бустани, Салех Мохамед аль-Дубайхи, Наиф Хасан  аль-Арифи, Мохаммад Саад аль-Захрани, Халед аль-Атьяби, Мансур Осман Бохоссейн, Абдул Азиз Мохаммед аль-Хасави, Валид Абдуллах аль-Шери,Турки Мосраф аль-Шери, Саер Гулиб аль-Харби, Махер Абдул Азиз Матраб, Фахд Шабиб аль-Балви, Бадр Лафи аль-Атьяби, Мостафа Мохаммад аль-Мадани, Сейф Саад аль-Кахтани экендигин жазды.

Түркиянын бир аткаминери шектүү саудиялык 15 жарандын баардыгы тең сауд режиминин жана коопсуздук кызматтарынын мүчөлөрү экендигин The New York Times гезитине билдирди. Аткаминердин айтымында, 15 кишинин арасында өлүк союу боюнча бир эксперт бар,  кыязы ал Жамал Хашоггинин денесин жиликтөө үчүн Стамбулдагы Эр-Рияддын консулдугуна барган.

Белгилей кетсек, саудиялык 59 жаштагы белгилүү журналист Жамал Хашогги 2-октябрда Сауд Аравиянын Стамбулдагы консулдугуна кирген бойдон чыккан эмес. Хашогги жоголгондон 3 күн өткөндөн кийин Reuters агенттигининин журналисти Түркиянын расмий адамдарына шилтеме берип, Хашогги консулдуктун имаратында өлтүрүлгөндүгүн кабарлаган. Түркиянын тышкы иштер министрлиги Сауд Аравиянын элчисин эки ирет чакырып, Стамбулдагы консулдуктун имаратында тинтүү жүргүзүүгө уруксат сураган. Ошондой эле Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган дагы Сауд Аравия дайынсыз болуп жаткан Жамал Хашогги консулдуктан чыгып кеткендигин далилдеп бериши керек деп билдирген.

The New York Times гезити Хашоггинин өлүгү табылганын жана анын денеси жиликтенип ташталгандыгын жазгандан кийин батыш өлкөлөрүнүн бир катар расмий өкүлдөрү тынчсыздануусун билдиришип, Сауд Аравияны бул окуя боюнча мүмкүн болушунча тезирээк так жооп берүүгө чакырды.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс