Понедельник , 17-Декабрь 2018
Башкы бет / Жаңылыктар / ТЕГИ ЖАКШЫДАН ТҮҢҮЛБӨ…..

ТЕГИ ЖАКШЫДАН ТҮҢҮЛБӨ…..

“АККАН АРЫКТАН СУУ АГАТ”.

Бүгүн угуп сүйүндүм. Барып куттуктадым.
“Жакшы атанын баласы жаман болбойт”- дейт Элибизде. Ылайым эле ошондой болсо экен деп эле келе жатканбыз…..
Эгемендикти колго алгандан бери чоңдорубуз чоңдой болбой Элдин казынасын өздөрү билгендей ары-бери чайкай берип түгөтө турган болуп калышты эле…Кудайым бизди түз көзү менен карай баштады окшойт…мыйзамды көзүнө илбей, өз билгенин кылгандар акыры түрмөгө түшүп, Элибизде мыйзамдуу жашоо орночудай болуп, өнүгөт экенбиз деген үмүт акырындап пайда болууда…
Себеби акыркы учурдагы кадрдык бекитүүлөр көңүлдү көтөрүүдө….
Бекмамат Осмоновду ким билбейт?…Кыргыз Элинин бактысына жаралган кыраан эле…мыкты инсан эле….
Арстандарды убагында барктабай, жоготуп алып жер муштап кайгырган адатыбыз дагы деле жок эмес…Борбор шаардын прокурорлугуна Бекмамат уулу Темирбектин дайындалышы мыйзамдуу кадамдын башталышы деп жооруп койдум….
Атанын уулу Темирбек мырза намыска бек, эч нерседен тайманбаган эр жүрөк, атасына куюп койгондой окшош кебете түспөлү, мүнөзү, маселени өз убагында чече билгенин, курчтугун көргөндө Бекмамат Осмоновдун өзүн көргөндөй болосуң…
Минтип айтып жатканымдын себеби бар.
2000- жылы “Кылым дастаны”, “Буюккан кайран жылдыздарым” аттуу көргөзмөмдүн үстүндө иштеп жүргөндө Темирбек менен таанышкам.
Атасынын фото сүрөтүн алган элем. Анда жаш жигит эле…жаңы эле прокуратура системасында иштеп жүргөн кези болсо.керек эле….көптү көрдү….
бышты…жетилди…көзү жетти…эми мыкты иштейт деген үмүтүм зор…
Мына ушундай мыкты атанын мыкты уулдары биригип мамлекетти көтөрүүчү учур келди….жакшы сөзүбүз менен дем күч бололу…президенттибиз Жээнбеков Сооронбай Шариповичтин ойлогон ой, максатын ишке ашыруучу, коррупция менен күрөшүүчү ушул Темирбекке окшогон кыраандар! Ийгилик тилейли!
Темирбек иним ишиңди Кудайым өзү колдосун. Атаң көтөргөн желекти түшүрбө.
Атаңдын арбагы ыраазы болсун.
Кыргыз Эли атаң менен, сени менен сыймыктангандай болсун!

Асан Турсункулов

(макала автордун ФБдагы барагынан алынды).

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс